Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Белгисиз жоокерлерди жашырган "Кара мандалактын" күйүтү


"Кара мандалактын" ыктыярдуу мүчөлөрү
"Кара мандалактын" ыктыярдуу мүчөлөрү

Донбасстагы орусиячыл жикчилдер менен жүрүп жаткан салгылашта курман болгондордун сөөктөрүн таап көмгөн соопчулук уюму каражаттын тартыштыгынан улам ишин убактылуу токтотту.

Өзүн “Черный тюльпан” же “Кара мандалак” деп атаган бул миссия былтыр сентябрдан бери кан майдандан жүздөгөн аскерлердин сөөгүн таап, Украинанын соттук-медициналык экспертизасына тапшырган. Бул уюм өкмөт тарабынан ырааттуу каржыланбагандыктан, анын мүчөлөрү ыктыярдуу негизде иштешет.

Ушу чакта украин өкмөтү эки оттун ортосундагыдай абалда. Бир жагынан Донбасстагы орусиячыл жикчилдерди тынчыта албай, шайы оосо, экинчи жактан экономиканы сазга түшүрбөө аракетинде. Ошон үчүн расмий Киевдин өлкө чыгышындагы согуш майданда калгандардын сөөктөрүн таап, аларды эксгумация кылганга чама-чаркы жок.

Бул жагдайда сооптуу ишти “Кара мандалак” уюму аткарууда.

- Бул ишти байкабаган адамдай четке чыга берүү абийирсиздик болмок. Майданда курман болгондорду эсте тутуу эмне экенин түшүнгөн адам катары мен бул ишке эмне үчүн көз жумуп жатышканына акылым жетпейт, - дейт топтун башчысы Ярослав Жилкин “Азаттык” радиосуна.

"Кара мандалактын" логосу
"Кара мандалактын" логосу

Мурда Жилкин 2011-жылы негизделген “Элдик эс-тутум” деген уюмду жетектеген. Алар 2014-жылы 1-сентябрда азыркы вазийпасына киришкенге дейре Экинчи Дүйнөлүк согуш кезде өлгөн адамдардын дарегин издешчү.

1979-89-жылдары Ооган согушунда курман болгон советтик аскерлердин жасатын Ата журтуна ташыган самолет “Кара мандалак” деп аталган. Береги топ ошол учакка окшош миссияны аткаруудабыз деп, анын ысмын өздөрүнө алышкан. Алар биринчи жолу этинен сөөгү ажырай элек сөөктөрдү табышканда ичтери эңшерилип, үрөйлөрү учканын айтат Жилкин:

- Биринчи күнү группаны жетектеп баратканымда, менин ичим уйгу-туйгу болуп, эсим чыгып жатты. Мен жолдошторум сыңары эле коркуп жаттым. Бирок, бизден бөлөк эч ким бул жумушту кылбайт да...

“Кара мандалактын” азаматтары украин аскерлери ээлеген эле өңүттө эмес, жикчилдер тарапта да өлгөн аскерлердин сөөк-мүчөлөрүн чогултушуп, таануу үчүн соттук-медициналык экспертиза жөнөтүшөт.

- Биз сөөктөрдү биздики же жат бирөөнүкү деп бөлбөйбүз,-деп улантат кепти Ярослав Жилкин. - Биз жайран болгон адамды табабыз. Ал татыктуу көмүлүш керек.

Украинанын Улуттук гвардиясынын жоокерлери Киевдин жанында өтүп жаткан аскердик машыгууда. 22-июль 2015
Украинанын Улуттук гвардиясынын жоокерлери Киевдин жанында өтүп жаткан аскердик машыгууда. 22-июль 2015

Алар өткөн 11 айда канча украин жоокердин жана жоонун канча солдатынын калдыгын тапканын так айта алышпайт.

- Тулку дене деп айтканга болбойт. Бул дене жана анын бөлүктөрү салынган 609 кап. Биздин соттук-медициналык экспертиза менен байланышыбыз жок. Тилекке каршы, биз таанып болбой турган денелерди алып келебиз.

“Кара мандалак” миссиясына татаал жана сооптуу ишти аткарууда Украинанын Коргоо министрлигинин алдында жаңы түзүлгөн Аскердик-граждандык кызматташуу башкармалыгы көмөктөшөт. Башкармалык миссиянын антитеррордук операция жүрүп жаткан аймактарга өтүүсүнө, зарыл учурда ок атууну токтотуп, уруш тилкесинен аман-эсен чыгып кетүүсүнө өкмөттүк күчтөр менен сүйлөшүп берет. Бензин менен камсыздайт. Бирок, айлык бербейт. Андыктан “Кара мандалак” ыктыярдуу негизде иштеп, өздөрүн өздөрү камыздап, катарындагы 50 адамды улам алмаштырып турууга аргасыз. Жилкин өзү аялынын айлыгына жашайт.

Ярослав Жилкин сөөктөрү согуш майданында калган деп эсептелген 200 аскердин денесинин калдыктарын табууга жардамдашууну суранып, Украинанын министрлерине, депутаттарына, алтурсун президент Петро Порошенкого чейин кат жазган. Андан эч жооп болбогондон кийин 21-июлда миссиянын иши убактынча токтотулганы жарыяланды.

Быйыл февралда Украинанын чыгышындагы согуш жүрүп жаткан аймакта тараптар элдешели деп макулдашкан. Ага карабай, куралдуу жаңжал уланууда. Улуттар Уюмунун эсебинче, уруш 6400дөн көп адамдын өмүрүн жалмады.

“Кара мандалактын” сайтында жазылгандай, “Майданда өлгөн акыркы солдат көмүлмөйүнчө алар үчүн согуш бүтпөйт”.

XS
SM
MD
LG