Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Крымды Орусияга кошуу келишимине кол коюлду


Орусия -- Президент Владимир Путин, Крымдын премьери Сергей Аксенов, Крым парламентинин спикери Владимир Константинов жана Севастополь шаар мэри Алексей Чалий кол алышууда. Москва, Кремль, 18-март, 2014.
Орусия -- Президент Владимир Путин, Крымдын премьери Сергей Аксенов, Крым парламентинин спикери Владимир Константинов жана Севастополь шаар мэри Алексей Чалий кол алышууда. Москва, Кремль, 18-март, 2014.

Кремль Крымды Орусияга кошуп алуу жөнүндөгү келишимдин долбоорун бекиткенин маалымдады.

18-мартта бул келишимге Москвада президент Путин жана Крымдын лидерлери кол коюшту. Ага ылайык, Орусия федерациясынын курамына жаңы эки субьекти: Крым Республикасы жана Севастополь шаары кошулат.

Орус президенти Владимир Путин бүгүн парламентте кезексиз кайрылуу жасап жатып, Крымды Орусиянын курамына кошуу чечимин төмөнкүчө негиздеди:

- Федералдык кеңешке Крымда өткөн референдумдун жыйынтыгына, элдин эркине таянып, конституциялык мыйзамды сунуш кылуу менен Орусия Федерациясынын курамына эки жаңы субьектини, Крым Республикасын жана Севастополь шаарын кабыл алууну суранам.

Орус президентинин айтымында, Крым Орусиянын “ажырагыс” бөлүгү болгон жана болду. Путин ошондой эле Крымдагы референдумду “демократиялык” деп атап, ал толугу менен эл аралык мыйзамдарга ылайык өткөнүн белгиледи.

Орус парламентиндеги бүгүнкү кайрылуусуна чейин Путин кечээ Крымды көз карандысыз өлкө катары таануу жөнүндөгү жардыкка кол койгон. Андан соң Путин Крымдан Орусияга кошуп алуу жөнүндө өтүнүч келгенин Федерациялар Кеңеши менен жана Мамдумага ырасмий түрдө кабарлаган. Бул Орусиянын конституциясына ылайык, Крымды Украинадан тартып алууну мыйзамдаштыруудагы биринчи кадам.

Владимир Путин кол койгон жарлыкта Орусия Федерациясы «Крым элинин эркине ылайык» жарым аралдын күнкорсуздугун тааныганы көрсөтүлөт. 16-мартта Украинанын курамындагы Крым автономиялуу республикасында өткөн референдумда шайлоочулардын көпчүлүгү аймактын Орусияга кошулуусун жактаганы ырасмий маалымдалган. Референдумдан 15 күн мурда Крымга кеминде 20 миң орусиялык аскер киргизилиген. АКШ жана Европа Биримдиги референдум Украинанын конституциясына каршы келгенин айтышып, анын жыйынтыгын таануудан баш тартты. А түгүл 17-мартта АКШ менен Евробиримдик Крымга басып кирүүгө жооптуу орусиялык мартабалуу чиновниктерге, курал жасоочу фирмаларга жана Украинанын көрүнүктүү москвачыл ишкер-саясатчыларына каршы санкция киргизди.

Ал чаралар жөнүндө президент Барак Обама дүйшөмбү күнү мындай деди:

- Бүгүн мен Орусия үчүн жана Украинадагы окуяларга жооптуу адамдар төлөчү бааны жогорулатчу бир катар чараларды жарыялайм. Биринчиден, Украинанын эгемендүүлүгүн, территориялык бүтүндүгүн жана өкмөтүн бузууга жооптуу конкреттүү адамдарга каршы эки жума мурда мен кол койгон санкция ишке кирди. Алар өз аракеттери үчүн жооп берерин биз айкын кылдык.

Обама болочокто Кремль дагы кандайдыр бир бузуку кадамдарга барса, кошумча санкция кабыл алынат деп эскерте кетти.

АКШнын санкциясына кабылган адамдардын тизмесинде Федерациялар Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Федерациялар Кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук, укуктук жана сот маселелери боюнча комитет башчысы Андрей Клишас, Мамдуманын мүчөлөрү Елена Мизулина жана Леонид Слуцкий, вице-премьер-министр Дмитрий Рогозин, Путиндин масилээтчилери Владислав Сурков менен Сергей Глазьев; Украинанын Орусияда жашынып жүргөн мурдакы президенти Виктор Янукович, Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов, Крым парламентинин төрагасы Владимир Константинов жана «Украиндердин тандоосу» саясый уюмунун лидери Виктор Медведчук бар.

Ак үйдүн өкүлү Жей Карней дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө президент Путинге каршы санкция колдонуу мүмкүнчүлүгүн, же Вашингтон Украинанын жаңы жетекчилигине аскерий жардам бериш ыктымалдыгын жокко чыгарбады. Ошол эле мезгилде Вашингтон дипломатияга чоң маани бергенин ал баса белгиледи:

- Биз кырдаалды курчутуу эмес, жөндөөгө багытталган экономикалык жана дипломаттык чараларды колдоого артыкчылык бергенди уланта беребиз.

Евробиримдик Брююселде маалымдалгандай, 21 орусиялыктын жана 8 крымдыктын Биримдикке каттоосуна тыйуу салып, алардын мүлкүн камакка алды. Алардын ичинде Крымдын лидерлери Аксенов менен Константинов, Орусиянын Кара деңиз флотунун командачысы, вице-адмирал Александр Витько, Крымды кошуп алуу боюнча мыйзам долбоорунун демилгечиси, Мамдуманын мүчөсү Сергей Миронов бар.

Евробиримдик 21-мартта Украинанын жаңы өкмөтү менен Ассоциациялык келишимдин саясый бөлүгүнө кол койорун да билдирди.

Москванын Украинага аскер киргизүүсүнө жооп кылып, Жапония да чара кабыл алды: Визаны жеңилдетүү боюнча бардык сүйлөшүүлөр, Орусияга инвестиция салуу, космостук жана аскерий кызматташууга байланыштуу жаңы сүйлөшүүлөр убактынча токтотулду.

Береги окуялар кээ бир серепчилердин айтымында, Батыш менен Орусия арасындагы чейрек кылымдан берки өнөктөштүккө жана кызматташууга чекит койду. «Эми Экинчи кансыз согуш башталды,» деп жазат Карнеги фондунун талдоочусу Дмитрий Тренин АКШда чыгуучу Foreign Policy журналына чыккан макалада.

XS
SM
MD
LG