Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Украин армиясы күжүрмөн даярдыкта


Украина -- Крымдагы Феодосия шаарындагы аскерлер. 2-март, 2014.
Украина -- Крымдагы Феодосия шаарындагы аскерлер. 2-март, 2014.

Украина куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирип, жалпы элдик мобилизация жарыялады.

Украина куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтиргени тууралуу билдирүүнү утурумдук президент Олександр Турчинов кечээ улуттук телеканалдан жасады. Андан тышкары жалпы мобилизация жарыяланды. "Украинанын коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн запастагы аскерлер куралдуу күчтөрдүн катарына чакыртылууда", - деп билдирди улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин төрагасы Андрий Парубий.

Кеңештин чечими менен тышкы иштер министрлигине Будапешт меморандумуна кол койгон өлкөлөр - АКШ менен Британияга Украинанын коопсуздугун камсыздоо өтүнүчү менен кайрылуу тапшырмасы берилди.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг бүгүн Киевге аттанууда. Ал Москваны Будапешт меморандумуна ылайык, Украинанын көз карандысыздыгын урматтоого чакырды. СССР кулагандан кийин, 1994-жылы кол коюлган документте Орусия, АКШ жана Британия Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо милдеттенмесин алышкан.

Мобилизация менен катар атомдук ишканалар, аэропорттор жана башка стратегиялык жайларды кайтаруу күчтөүлдү. Турчинов Орусиянын “Украинага каршы агрессиясын” эч нерсе актабайт деди.

Кечээ Орусия парламентинин жогорку палатасы орус армиясын Украина аймагында пайдаланууга уруксат берген. Президент Владимир Путин Федерация кеңешине кайрылып, Крымда жайгашкан орусиялык базаны жана Украинада жашаган этникалык орустарды коргоо үчүн аскерлерди киргизүүгө уруксат сураган.

Добуш берүүдөн кийин президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков: "Кошумча аскерлерди Украинага жиберүү чечими кабыл алына элек, бардыгы Крымдагы кырдаалга жараша болот", - деди.

Украинанын расмий адамдары ырастагандай, Крым автономиялуу аймагына буга чейин эле миңдеген жоокерлер жайгаштырылган. Кечээ коргоо министри Игорь Тенюх Орусия эскертүүсүз жана уруксатсыз украинага 6 миң аскерин жана оор техника жөнөткөнүн айыптаган.

Интерфакс агенттиги Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү булакка таянып жазганына караганда, орусиялык согуштук кемелер жарым аралдын жээгинде байкалган. Жана бул база боюнча келишимди одоно бузуу болуп саналат.
Окуялардын мындай өнүгүшүнө камтама болгон Батыш Москваны аскерлерин Украинага киргизбөөгө үндөдү.

НАТО Украинадагы абалды талкуулоо үчүн бүгүн чукул жыйын өткөргөнү жатат. Негизги саясий чечим чыгаруу органы болгон кеңештин жолугушуусу Польшанын сунушу боюнча өткөрүлмөкчү. Орусиянын кошуна Украинага ыктымал интервенциясы Варшаваны өтө кооптондурат. НАТОнун Баш катчысы Андерс Фог Расмуссен жыйын тууралуу Твиттерде жарыялап, “Орусия Украинанын суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларын урматтоого тийиш” деп жазды. Ал эми Түндүк Альянс менен Украинанын жыйыны эртең Брюсселде болот. Ошол эле күнү Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украинадагы кырдаалды талкуулашмакчы.

Ак Үйдүн маалыматы боюнча, кечээ АКШ президенти Барак Обама орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу 90 мүнөт сүйлөштү.
Обама Орусияны тынчсызданткан нерселерди куралсыз, Украинанын өкмөтү жана эл аралык ортомчулар менен сүйлөшүү жолу менен чечүү керек деди.

Кремлдин ырастоосунда, Путин Москва Украинадагы “өз кызыкчылыктарын жана орус тилдүү калкты коргоого укуктуу” деп айтты.

АКШ жана Канада жайында Сочиде өтчү Чоң Сегиздин саммитине даярдык иштерине катышууну убактылуу токтотушуту.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул сессиясында сүйлөгөн АКШнын элчиси Саманта Пауэр Орусияны эл аралык милдеттенмелерин бузгандыгы үчүн айыптады:

- Орусиянын Украинадагы интервенциясын токтотуу зарыл. Украин элинин мүдөөлөрүн урматтап, саясйи диалогду улантуу үчүн шарт түзүш керек.

Украинанын БУУдагы элчиси Юрий Сергеев Коопсуздук кеңешин Орусиянын “агрессиясын” токтотуу үчүн бар аракетин жумшоого үндөдү.

XS
SM
MD
LG