Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Украинадагы жикчилер арасынан өзбек жигит табылды


Украинадагы өзбек согушкери Бактияр. Сиверск, 22-июнь, 2014-жыл.
Украинадагы өзбек согушкери Бактияр. Сиверск, 22-июнь, 2014-жыл.

Украинадагы орусиячыл жикчилердин арасында өзбекстандык согушкерлердин бардыгы да ачыкка чыгууда. Катарына чет элдиктерди тартууга кызыкдар экенин жикчилердин өкүлдөрү да четке какпайт.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилер Борбор Азия аймагынан чыккандарды урушка даярдыгы барлардын потенциалдуу булагы катары карашарын жаңы далилдер ишара кылууда.

22-июнь күнү "Рейтер" кабар агенттиги Донецк облусунун Сиверск шаарынан тарткан сүрөттө Калашников автоматын көтөргөн жаш жигит өзбекстандык Бактияр деп көргөзүлгөн.

Өзбекстандыктар чын эле куралчан жикчилердин катарына кире алар-албасын билүү аракетинде "Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын кабарчысы өзүн Украинанын чыгышында “Донецк элдик республикасын” жарыялагандардын Москвадагы аскер комиссариатынын өкүлү деп атаган адамга өзбек жараны катары жашыруун байланышканда төмөнкүдөй жооп укту:

- Принцибинде бул мүмкүн. Бирок сиздин паспортуңуз орусиялык болбогондуктан атайын аракеттер талап кылынат. Ал үчүн биздин электрондук дарегибизге кат жазып, паспортуңузду көргөзүңүз. Сизге жооп бергенге аракеттенишет.

Эч ким тааныбаган “Донецк элдик республикасынын” өкүлү чет элдик согушкерлерге эч кандай акча төлөнбөйт, кызмат ыктыярдуу гана негизде болот деп ырастады.

Украиналык жикчилердин бул бирикмесинин Донбасстагы өкүлү болсо “Азаттыктын” өзбек кызматына алар өз катарына кимдерди алып жатышканы тууралуу буларды айтты:

- Биз уруштарда тажрыйбасы барларды, же аскердик адистиги барларды алууга аракеттенип жатабыз. Азыр мына ушул критерийлеге гана таянуудабыз. Мен сизге "Донецк элдик республикасынын Москвадагы аскер комиссариатынын телефонун бере алам. Ал жакка кайрыла аласыздар. Бул жерде куралдуу жардам, колдоо көргөзүүгө каалоо болушу керек.

Жикчилер буга дейре украин армиясынын тик учактарын, бир учагын атып түшүрүшкөнү да алардын арасында атайын даярдыгы барлар согушуп жатканын каңкуулайт.

Башында Украинанын чыгышындагы жикчилердин аскерий батальондору жергиликтүүлөрдөн куралды деп ырасталган. Бирок кийинчерээк согушкусу келгендер алардын катарына Орусиянын ар тарабынан, өзгөчө Түндүк Кавказдан, Грузиянын жикчил чөлкөмү Түштүк Осетиядан келип жатканы, аз санда борбор азиялыктар да бардыгы айтылган.

Алардын бир бөлүгү Украинадагы жикчилерге Орусияга жана проваслав чиркөөсүнө берилүү сезиминен улам кошулуп жатса, экинчи бөлүгү акча табуу мүдөөсү менен келгени маалымдалган.

Байкоочулардын баамында, борбор азиялыктардын Украинадагы урушка аралашуусундагы мүдөө - орус жарандыгын алуу болушу мүмкүн. Анткени апрелде Орусиядагы мигранттар кору эгер орус жарандыгы берилсе, өлкөнүн кызыкчылыгын кайсыл жерде болсун коргоого 100 миңден ашуун мигрант даяр деп ырастаган эле.

Жакында YouTube сайтында жарыяланган видеотасмада украин аскрлеринин колуна түшүп калган орусиялык жаш кадет интернеттеги чакыруудан улам келгенин, ага “Донецк элдик республикасынын” армиясына кошулса, күнүнө 1000 доллардан төлөөнү убада кылышканын айтып жатат.

Украинанын мамлекеттик “Укринформ” жаңылыктар агенттиги 23-июнда өлкө чыгышындагы уруштар үчүн Орусия айына 10 миң евродон сунуш кылып, француз легионунун ардагерлерин тартууга аракеттенгенин жазып чыкты.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG