Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Украинага курал жөнөтпөө саясаты кайра козголду


Украина, Донецк. 10-ноябрь, 2010-жыл.
Украина, Донецк. 10-ноябрь, 2010-жыл.

АКШ администрациясынын расмий өкүлү Вашингтон Украинага согуштук курал-жарак жөнөтпөө саясатын кайра карап чыгууга тийиш деп билдирди.

Киев Орусия өлкө чыгышындагы жикчилдерге жаңы чабуул коюуга көмөктөшүп, аскерлери менен техникасын чек ара аймагына жиберүүдө деп ырастаса, Москва муну четке кагууда. Жаңжалда төрт миңден ашуун киши набыт кетти.

Президент Барак Обаманын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Тони Блинкен Москва Минск келишимин одоно бузуп жаткан чакта ушундай кадам туура болот эле деп эсептейт.

Орусия, Украина жана Донецк, Луганск облустарынын жикчилдери кол койгон келишимде ок атышууну токтотуунун жол-жоболору, тынчтык процессинин андан кийинки кадамдары белгиленген.

Обама тарабынан мамлекеттик катчынын орун басарлыгына көргөзүлгөн Блинкен 19-ноябрда Конгресстеги угууларга катышкан. Анын айтымында, Киевге курал-жарак жагынан жардам берүү менен Москванын мындан аркы иш-аракеттеринин алдын алса болот.

Аналитиктер болсо америкалык мыйзам чыгаруучулардын көбү Украинаны коргонуу жабдыктары менен камсыздоо идеясын колдошот деген көз карашта.

Өткөн аптада Киев Орусия чыгыш облустардагы жикчилдерге жаңы чабуул уюштурууга жардам иретинде аскерлери менен курал жеткирип жатат деп айыптаган.

НАТО дагы Москва жикчилдерге жардамын улантууда деп сындаган.

Түндүк альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг 18-ноябрда Украинанын чыгышы менен Орусиянын чек ара аймагында техника жана аскерлердин топтолуп жатканын билдирип, Москваны өз күчтөрүн алып кетүүгө чакырган. Столтенбергдин Брюсселдеги кабарчыларга айтканына караганда, НАТОнун жана башка булактардын маалыматтары аскерий күч Украинанын ичинде гана эмес чек аранын Орусия тарабында да топтолуп жатканын көргөзүүдө.

Москва болсо кошуна өлкөдөгү жикчилдерди колдойт, бирок жаңжалга кийлигишкенин танууда.

Бүгүн АКШнын вице-президенти Жо Байдендин Киевдеги эки күндүк сапары башталууда. 21-ноябрга Вашингтондун жогорку даражалуу өкүлү украин президенти Петро Порошенко жана премьер-министр Арсений Яценюк менен жолугушмакчы.

Шаршембиде Яценюк орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жикчилдер менен тикелей сүйлөшүү жүргүзүү чакырыгын четке каккан. Анын алдында Лавров Мамлекеттик Думада чыгып сүйлөп, Киев Луганск жана Донецктеги жикчилдер менен стабилдүү мамиле курууга тийиш деп айткан.

Украин өкмөт башчысы буга Москва “террорчуларды легитимдештирүүнү” көздөгөн оюндарын токтотушу керек деп жооп берди.

Ал ортодо Орусия президенти Владимир Путин АКШ Орусияга теңата өнөктөш катары мамиле жасап, ички иштерине кийлигишпесе, Москва Вашингтон менен “иш жүзүндө кызматташууга” даяр деп билдирди.

Бул тууралуу орус мамлекет башчысы бир катар элчилердин, анын ичинде АКШнын Москвадагы жаңы элчиси Жон Теффттин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып айтты.

XS
SM
MD
LG