Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Украина Батыш менен Кремлдин ортосунда


Украинанын Краматорск шаарындагы Орусиянын желеги сайылган аскердик техникадагы курал көтөргөн адамдар. 16-апрель, 2014-жыл.
Украинанын Краматорск шаарындагы Орусиянын желеги сайылган аскердик техникадагы курал көтөргөн адамдар. 16-апрель, 2014-жыл.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилер мурда басып алган өкмөттүк имараттарды колдон чыгарбагандын аракетин кылып жатса, саясий лидерлер Москваны Украинадагы жагдайды чайпалтканды токтотууга үндөшүүдө.

Өз кезегинде Кремль эл аралык коомчулукту 46 млн. элдүү өлкө жарандык согуштун кырында турат деп чочутууда. Бул жөнүндө премьер-министр Дмитрий Медведев 15-апрелде Москвада Беларустун жана Казакстандын өкмөт башчылары менен кездешүүдө мындай деди:

- Украина жарандык согуштун кырында турат. Бул коркунучтуу. Азыр чечим чыгарчулар менен азыркы өкмөттү айтуудамын, мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келгендиктен, биз аларды легитимдүү деп айта албайбыз. Ошентсе да, өлкөнү бул сыяктуу жаман аңтар-теңтерге жеткирбегенге алардын акылы жетет деп үмүт кылам.

Украинада ич ара согуш чыгып кетери тууралуу президент Владимир Путин 15-апрелде Германиянын канцлери Ангела Меркел менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдөгү абалды талкуулаганда да айтканын Кремл билдирди. Бирок абалга эки лидердин берген баасы дал келген эмес.

15-апрелде маалымдалгандай, орусиячыл активисттер Донецк, Луганск жана Харьков облустарындагы кеминде он шаардагы өкмөттүк имараттарды басып алышкан. Донецк аймагындагы 166 миң калктуу Крамоторск шаардык аэропортун Украинанын атайын күчтөрү кечээги “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө бошоткону маалымдалган.
Славянсктагы "жашыл адамдар" жана Орусиянын желеги сайылган аскердик техникалар.
Славянсктагы "жашыл адамдар" жана Орусиянын желеги сайылган аскердик техникалар.
Кошмо Штаттар Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөндөөнүн эң мыкты жолу - бул куралчан согушчандарлдын имараттардан чыгып кетүүсү жана Москванын абалды курчутууну токтотуусу деп билет.

- Биз Орусияга бул жикчил группаларды түз же кыйыр колдогонго караганда, абалды деэскалациялоо маанилүү экенин айтууну уланта беребиз. Себеби, Украинанын келечегин Украина эли өзү аныкташы керек жана Украина өкмөтүнүн башын аттаган сүйлөшүүлөрдө чечилбеши керек,- деп билдирди 15-апрелде Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни.

Ал ошондой эле Ак үй Орусияга каршы жаңы санкция колдонуу мүмкүндүгүн карап жатканына да токтоло кетти. Бирок Вашингтон жаңы санкцияны 17-апрелде Женевада болчу төрт жактуу сүйлөшүүгө чейин киргизери күмөндүү. Женевада Украина, Орусия, АКШ жана Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украинадагы кризисти талкуулашат.

15-апрелде президент Путин БУУнун башкатчысы Пан Ги Мунга телефон чалып, Украинанын чыгышындагы өлкөнүн коопсуздук күчтөрү жүргүзүп жаткан операцияларды сындоого чакырган. Москва мурда расмий Киевди орус тилдүүлөрдүн укуктарын коргобосун айтып, аларды чабуулдан коргойбуз деп сөз берген.

Орусия ушундай шылтоо менен 18-мартта Крымды Украинадан тартып алган.

Бирок БУУ 15-апрелде жарыялаган доклад Кремлдин жүйөөсүн жокко чыгарды. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссариатынын докладында Украинанын чыгышындагы, анын ичинде Крымдагы орус жамаатынын өкүлдөрү Орусиянын кийлигишүүсүн актоо үчүн этностук чабуулга кабылдык деп жалган билдирүү жасаганы көрсөтүлөт. Андай кол салуулар болсо да, кеңири масштабда же системалуу мүнөздө болгон эмес деп белгиленет. "Докладда айтылгандай, Украинанын орус тилдүү элинин тынчсыздануусун актаган ишенимдүү далилдер бизде жок”,- деди докладдын Женевадагы жүз ачарында Комиссариаттын Европа департаментинин башчысы Жианни Магацан.

Бул докладды Орусиянын Тышкы иштер министрлиги “бир жактуу, саясатташкан жана калыс эмес” деп мүнөздөдү.

Украинадагы жагдай 16-апрелде Страсбургда Европа парламентинде каралууда. Биримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фүле азыр Крым сценарийи кайталанып жатканына көңүл бурду:

- Аскерий группалардын координациялаган жана профессионалдуу аракеттери, ошондой эле Украинанын чыгыш аймагына алардын сырттан кирүүсү Крым сценарийине окшоп кетет. Евробиримдик Орусия Федерациясына кайрылып, өз аскерлерин Украинанын чек арасынан алып кетүүгө жана Украинаны бейстабилдештирүүгө багытталган болочоктогу ар кандай аракеттерди токтотууга чакырат.

Фүле ошондой эле Евробиримдик Орусияга каршы мурда киргизген санкцияны дагы кеңейтерин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG