Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Украинадагы жагдай жана Орусиянын оюну


Украиналык аскер кербени Донецк шаарынын ныптасындагы жолдо. 10-апрель, 2014-жыл.
Украиналык аскер кербени Донецк шаарынын ныптасындагы жолдо. 10-апрель, 2014-жыл.

Март айында Орусия Украинанын жаңы өкмөтүн "мыйзамсыз" деп, Крым автономиясына аскерин киргизип, куралчандардын көзөмөлү астында шашылыш өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгына шылтап, Украинага таандык жарым аралды өзүнө кошуп алды.

6-апрелде Украинадан бөлүнүүнү максат кылган жикчилер Харьковдо жана Донецк шаарында облустук бийлик менен облустук коопсуздук кызматынын, Луганскта облустук коопсуздук кызматынын имараттарын басып алышып, өлкөдөгү региондордун расмий Киевден көз карандысыздыгы боюнча референдум өткөрүүгө чакырышты.

Атүгүл Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, тынчтык күчтөрүн жөнөтүүнү өтүнүштү. Донецк шаарында облустук акимиятты тегерете баррикада куруп алышты.

Украинанын жаңы жетекчилиги президент Путинди жана бийликтен февралда оодарылган президент Виктор Януковичти жикчил күчтөргө акча төлөп, тополоң чыгарууда деп күнөөлөдү.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри 9-апрелде Чыгыш Украинада "орусиялык тыңчылар тополоң чыгарууда" деди.

Расий Москва болсо Украинадагы орус тилдүүлөрдүн абалына эч ким көңүл бурбаганын белгилөөдө.

Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилердин баш көтөрүүсүнө жана абалды туруксуздаштырууга Батыш айткандай Москва чындап кызыктарбы?

Эмне үчүн Орусия Украинанын федерациялык республика болушун каалайт?

Киев-Москва ортосундагы экономикалык согушка украиналыктар кандай мамиле кылууда?

Бул суроолор камтылган талкууга мурдагы элчи Эрик Асаналиев, ошондой эле Киевде жашаган ишкер Таалайбек Сариев катышат.
Эки бөлүктөн турган талкууну бул жерден толук угуңуз:
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:58 0:00
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:23 0:00
XS
SM
MD
LG