Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Украина “утурумдук” чечим кабыл алды


Еврошаркеттин чабарманы Александр Квасьневскийдин Жогорку Раданын чечиминен кийинки реакциясы. Украина, 21-ноября, 2013-жыл
Еврошаркеттин чабарманы Александр Квасьневскийдин Жогорку Раданын чечиминен кийинки реакциясы. Украина, 21-ноября, 2013-жыл

Украин өкмөтү Еврошаркет менен көптөн күтүлгөн ассоциация жана эркин соода келишимине кол коюуга даярдык иштерин токтотту.

Киевдин бул жарыясы алдында кечээ украин парламенти учурда камакта жаткан мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун түрмөдөн дарылануу үчүн бошонуп, чет өлкөгө кетүүсүнө жол ачуучу мыйзамды кабыл албай койгон эле.

Украин өкмөтүнүн чечиминде айтылгандай, Еврошаркет менен Ассоциация жана эркин соода келишимине кол коюу боюнча даярдыктар мындай кадамдын өлкөнүн өнөр жайына жана Орусия менен соодага тийүүчү кесепеттерин анализдөө үчүн токтотулду. Мурда мерчемделгендей, Еврошаркет менен келишимге келерки апта соңунда Вильнюста өтүүчү Чыгыш өнөктөштүгү саммитинде кол коюлмак.

Президент Виктор Янукович жана Евробиримдикти кеңейтүү боюнча комиссар Штефан Фүле. Фүле Раданын чечиминен соң Киевге белгиленген иш сапарынан баш тартты.
Президент Виктор Янукович жана Евробиримдикти кеңейтүү боюнча комиссар Штефан Фүле. Фүле Раданын чечиминен соң Киевге белгиленген иш сапарынан баш тартты.
Ал жогорку жыйынды утурлай Еврошаркет расмий Киев алдына демократиялык жана укуктук реформалар боюнча бир нече шарт койсо, Орусияда да өз тарабынан Киевге кысымды күчөтүп, эгер ал Еврошаркет менен келишим түзсө, соода чектөөлөрү киргизилерин эскертип жаткан.

Киевдеги Прикладдык саясий изилдөөлөр боюнча борбордун жетекчиси, саясат таануучу Фладимир Фисенко жогорудагыдай шартта кабыл алынган чечимди “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде төмөнкүчө чечмеледи:

- Орусия менен жаңы экономикалык согуштун тобокелчилиги абдан чоң болуп турат. Андыктан, Еврошаркет жана Орусия мамиле теңделет. Орусия тарапка бир аз ыктоо жасалмакчы. Анын ичинде азыр Еврошаркет менен ассоциация жана эркин соода келишмине кол коюлбайт. Бирок бул евроинтеграциядан толук баш тарткандык эмес. Сөз бул жерде кийинки калтырылган чечим жөнүндө жүрүп жатат.

Украинанын Еврошаркетти көздөй жолундагы кыйынчылыктарды президент Янукович бейшембиде, Австрияда болгон кезинде “утурумдук” деп атады. Ал мурдараак эгер өлкөсү чыгыштагы өлкөлөр, ириде Орусия менен кызматташтыгын кыскартса, соодадагы жоготуу 15 миллиард долларга чейин чаап барышы мүмкүндүгүн айткан.

Радага чачылган Тимошенконун сүрөтү бар кагаздар. 21-ноябрь, 2013-жыл
Радага чачылган Тимошенконун сүрөтү бар кагаздар. 21-ноябрь, 2013-жыл
Украин өкмөтүнүн бейшембидеги жарыясынан кийин эки ортодо эч кандай келишимге кол коюлбашын Еврошаркеттин атайын чабарманы, Польшанын мурдагы президенти Александр Квасневски да ырастады.

Украинанын Еврошаркет менен келишим түзүүсүндөгү негизги шарттардын бири – мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун абактан бошотулуп, дарылануу үчүн Германияга жиберилиши эле. Президент Янукович парламент мыйзамды кабыл албай койгондон кийин кабарчылар менен маегинде:

- Украин парламентинде Тимошенконун ишине фракциялар жана жеке депутаттар тарабынан көз караш ар түрдүү. Бул талкуулар коомго, албетте эл аралык саясатка да чыгып жатат. Тимошенконун маселесин украин мыйзамдарынын алкагында гана чечүү мүмкүн. Мен муну бир нече жолу кайталагам.

“Тимошенко” мыйзамы Януковичтин “ Региондор” партиясынын каршылыгынан, башкача айтканда, алар ак же көк деп добуш бербей койгонунан улам кабыл алынбай калды.

Мурдагы премьер Тимошенконун “Баткившина”, таанымал мушкер Виктор Кличконун “Удар” оппозициячыл партиялары болсо президент Януковичти “евроинтеграцияны үзгүлтүккө учуратты” деп айыпташууда. Оппозиция лидерлеринин бири Арсений Яценюк бейшембиде парламенттеги сөзүндө:

- Украинанын Еврошаркетти көздөй жылышына тоскоолдук кылганы үчүн жеке жоопкерчилик Виктор Януковичке жүктөлөт. Анын партиясы мыйзамды сыйлайт, мына ушундан улам добуш бербеди- деп айтты.

Украина оппозициясы өз жактоочуларын алдыдагы жекшемби күнү “Европалык Украина” үчүн деп аталган нааразылык акциясына чыгууга үндөөдө. Нааразы болгондор бүгүн таңга жуук Киевдин борбордук аянтына чогулду. Учурда миңдей киши топтолуп, оппозиция лидерлери сүйлөп жатканы кабарланууда.
22-ноябрга таңга жуук Киевде башталган нааразылык акциясы

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG