Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Порошенко согуш коркунучун эскертти


Марьинкадагы атышуулар учурунда уюлгуган кара түтүн. 3-июнь, 2015-жыл.
Марьинкадагы атышуулар учурунда уюлгуган кара түтүн. 3-июнь, 2015-жыл.

Украин президенти Петро Порошенко өлкө чыгышында кеңири масштабдагы уруштун кайра жанданып кетүүсү үчүн “эбегейсиз коркунуч” бардыгын эскертти. Акыркы күндөрдөгү атышуулар үчүн Москва менен Киев бири-бирин айыпташууда.

Донецк шаарынан 30 чакырымдай алыстыкта, Марьинка деген жердеги атышуулар быйыл февралда жетишилген Минск -2 келишиминин шарттарынын одоно бузулушу катары каралууда.

Анткени, украин тарап ырастагандай, 3-июнда жана 4-июнга караган түндөгү атышууларда орусиячыл жикчилдер “Град” системаларын, калибри 120 миллиметр келген артиллерияны, минометторду жана танктарды да колдонду.

Ок атышууну токтотууну караган Минск-2 келишиминин шарттары боюнча бул оор куралдар майдан тилкесинде болбошу керек эле.

Марьинкадагы атышуулардын курмандыктары тууралуу кайчы маалыматтар түшүүдө. Украин армиясынын басма сөз өкүлү Андрей Лысенконун ырастоосунда, алар беш аскерин жоготуп, 39у жаракат алды. Жикчилдер арасында өлгөндөр 80ге, жаракат алгандар 100гө жетти. Бирок бул сандарды башка көз карандысыз булактар ырастай элек. Жикчилдер жарыялаган "Донецк элдик республикасынын" аскерий бийликтери болсо жоокерлерин жана жөн-жай тургундарды кошкондо 15 адамын жоготконун айтышты.

Марьинкадагы атышууга тартылган украин аскери. 4-июнь, 2015-жыл.
Марьинкадагы атышууга тартылган украин аскери. 4-июнь, 2015-жыл.

Ал эми ЕККУнун байкоочу миссиясы Марьинкадагы атышуулардын алдында жана учурунда козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактан ондогон танктар менен брондуу унаалар майдан тилкесин карай жылганын көргөн. Миссиянын өкүлү Майкл Боцюркив кечээ Киевдеги басма сөз жыйында буларга токтолду:

- Украинадагы атайын мониторинг миссия өлкө чыгышынын көпчүлүк аймактарында кырдаал курчуганын, ага катар оор куралдарды колдонуу жана алардын кыймылы күчөгөнүн белгилейт. Мен мониторинг миссиясынын башчысы, элчи Эртургул Апакандын тараптарга сабырдуулукту мүмкүн болушунча көргөзүү, ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишиминин негизги жоболорун аткаруу чакырыгын кайталайм.

Кечээ украин парламенти өлкө аймагында чет мамлекеттер бейпилдик операциясын жүргүзүүсүнө уруксат берген мыйзамды жактырды. Ага ылайык, Украинага чет элдик аскерлер жетекчиликтин уруксаты же БУУнун, Еврошаркеттин чечими менен киргизилет.

Бирок тынчтыкты колдоо операцияларына Украинага “аскерий агрессияны таңуулап жаткан мамлекеттер катыша албайт”. Киев андай мамлекет катары Орусияны тааныйт.

Президент Петро Порошенко өзү кечээ парламентте жылдык баяндама менен сүйлөгөндө өлкөнүн чыгышында кеңири масштабдагы уруштун кайра жанданып кетүүсү үчүн “эбегейсиз коркунуч” бардыгын эскертүү менен төмөнкүлөргө токтолду:

- Орусиянын Украинадагы он төрт тактикалык батальонундагы аскерлердин саны азыр 9 миңден ашат. Ал эми Украина менен мамлекеттик чек аранын босогосунда топтолгон орус аскерлеринин саны бир жыл мурдагыдан бир жарым эсеге көп. “Росвоенторг” мекемеси ок-дары, азык-түлүк, отунду эле эмес акыркы үлгүдөгү заманбап аскерий техникаларды да алып келүүдө. Бир жыл мурун Москва Донбасстагы орус тилдүүлөрдү коргоону убада кылды эле, чынында ал Донбассты орус армиясы үчүн эксперименталдык полигонго айлантып салды.

Москва болсо атышуулардын күчөшү үчүн тескеричинче расмий Киевди айыптоодо.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков украин бийликтери “айрым маанилүү эл аралык окуяларды утурлай чыңалууну күчөтүүчү кадамдарды” буга чейин да жасап келгенине көңүл бурду. Кремлдин өкүлү мында Чоң жетинин саммитин эске алды окшойт. Саммит 7-8-июнда Германияда өткөнү турат.

Донецкте снаряд тийген базар. 3-июнь, 2015-жыл.
Донецкте снаряд тийген базар. 3-июнь, 2015-жыл.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо кечээ мындай деди:

- Тилекке каршы, 12-февралдагы Минск келишимдери украин бийликтеринин аракетинен улам үзгүлтүккө учуроо коркунучу алдында турат. Алар Донбасс менен түз диалог орнотуу милдеттенмесинен качууга умтулушууда.

Украинанын БУУдагы элчиси Юрий Сергеевдин билдиргенине караганда, алар жума күнү Марьинкадагы атышуулар Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралуусун демилгелейт.

Еврошаркет азыркы уруш кыянатчылыктын жаңы толкунун жаратышы мүмкүндүгүн эскертти.

Немис канцлери Ангела Меркел жана француз президенти Франсуа Олландын ортомчулугу менен жетишилген Минск -2 келишими тынчтык үчүн база катары каралып келүүдө. Ал урушту басаңдатканы менен атышууларды токтото алган эмес.

Украина чыгышында былтыр жаздан берки уруштардан 6400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG