Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Украин премьери кызматтан кетти


Майданга чыккандардын негизги талабы - президент Виктор Януковичти жана премьер Микола Азаровду кызматтан кетирүү болгон.
Майданга чыккандардын негизги талабы - президент Виктор Януковичти жана премьер Микола Азаровду кызматтан кетирүү болгон.

Украинада парламент бүгүнкү кезексиз жыйынында демонстрацияларга каршы 16-январда кабыл алган мыйзамды жокко чыгарды. Анын алдынан премьер-министр Микола Азаров кызматынан кеткен.

Украин парламенти бүгүнкү кезексиз сессияда эки айдан берки антиөкмөттүк тополоңду басуу үчүн митингдерге каршы мыйзамдарды жокко чыгарууга макулдук берди. Ал үчүн Жогорку Раданын 412 депутатынын 361и добуш берди.

Премьер-министр Микола Азаров өзү бүгүнкү чечими тууралуу жарыялаган билдирүүсүндө отставкага кетип жатышын “азыркы чыр-чатакты тынч чечүү үчүн мунаса тапканга кошумча мүмкүнчүлүк түзүү максаты” менен түшүндүрдү.

Оппозициянын лидери Виталий Кличко өкмөт башчы Азаровдун отставкасын болгону “жеңишке карай бир кадам” деп гана сыпаттады.

Президент Виктор Янукович өзүнүн ишенимдүү санаалашы Азаровду өкмөт башчылыкка 2010-жылдын мартында дайындаган. Эми анын иштен кетүү арызына президент кол коюшу керек, бирок муну жөн гана формалдуулук катары карап жатышат.

Янукович оппозиция лидерлери менен жолугууда. 27-январь.
Янукович оппозиция лидерлери менен жолугууда. 27-январь.
Өткөн дем алыш күндөрдөгү сүйлөшүүдө президент Янукович өкмөт башчынын кызмат ордун оппозиция лидери Арсений Яценюкка сунуш кылган, бирок ал бу кызматтан баш тарткан эле.

Парламенттин бүгүнкү жыйынынын алдынан Янукович оппозициялык үч лидер – Яценюк, Кличко жаана Олег Тягнибок – менен жолугуп, 16-январда парламент кабыл алган демонстрацияларга каршы мыйзамды жоккко чыгарууну макулдашкан.

Президент, мындан сырткары, камалган демонстранттарга мунапыс жарыяланга да макул экенин айтып, ал үчүн демонстранттар көчөдө нааразылыгын токтотуп, басып алган өкмөттүк имараттарды бошотууга сөз бериши керек деди.

Оппозиция болсо Януковичтин өзү кызматтан кетишин, эрте шайлоо жарыяланышы керектигин кайталап келатат.



Киевден түз көрсөтүү



Дүйшөмбү кечинде Виталий Кличко журналисттерге сүйлөп:

- Чынында, Украинадагы проблеманын баары өлкөнү туура башкара билбеген жетекчиликтин ишинин жыйынтыгынан болуп жатат. Себепти элден издегенге негиз жок.

Украинада өкмөткө жана президентке каршы нааразылык өткөн жылы ноябрда Янукович Евробиримдик менен тыгызыраак саясий жана соода алакаларын түзүүнү билдирген келишимдерге кол койбогондон кийин башталган.

Ошондон тарта Киевдин борбордук аянтын ээлеп турган демонстранттар жалпы эле азыркы жетекчиликтин коррупциялык иштерине да нааразылыгын билдире баштаган.

Алгач Киевде гана болгон нааразылык бүгүн өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүнө таркады.

Бүгүн Киевге Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы өкүлү Кэтрин Эштон да барганы жатат. Украинадагы кырдаал бүгүн Брюсселде да Еврошаркет-Орусия саммитинде да талкууланып жатат.

АКШнын вице-президенти Жо Байден кечээ Янукович менен телефондо сүйлөшүп, “өзгөчө абал киргизбөөгө”, коопсуздук күчтөрүн зордукчул аракеттерден оолак болууга, президентти оппозиция менен иштешип, тезирээк чыңалууну басууга үндөгөнү айтылды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG