Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Януковичке издөө жарыяланды


Кулатылган президент Виктор Януковичтин "өзгөчө коркунучтуу" деген сөз менен кошо унаанын айнегине чапталган сүрөтү. Киев, 24-февраль, 2014.
Кулатылган президент Виктор Януковичтин "өзгөчө коркунучтуу" деген сөз менен кошо унаанын айнегине чапталган сүрөтү. Киев, 24-февраль, 2014.

Украинанын бийликтен кулатылган президенти Виктор Януковичти камоого буйрук берилди. Бирок анын каякта экени белгисиз.

Өлкөнүн ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков Фейсбукдагы баракчасына жазганына караганда, Янукович менен кошо кан төгүү үчүн жооптуу дагы бир нече кишиге издөө жарыяланды. Ишембиде Жогорку Раданын чечими менен бийликтен кулатылган президенттин кайда жүргөнү беймаалым. Аваков аны акыркы жолу Крым жарым аралында көрүшкөнүн, ал жерден белгисиз жайга жөнөгүнүн жазат.

Liga.net порталы болсо Севастополдун жашоочулары Януковичти орусиялык деңиз аскерлеринин коштоосунда көрүшкөнүн кабарлаган. Бирок бул маалыматтардын чын-төгүнүн текшерүү мүмкүн эмес.

Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, өткөн жумадагы кагылышууларда борбор шаарда 80ден ашуун киши набыт кетти. Алардын көпчүлүгү – демонстранттар болчу.

Парламенттин спикери, утурумдук мамлекет башчы Олександр Турчинов Жогорку Раданы шейшембиге чейин улуттук биримдик өкмөтүн курууга үндөдү.
Жекшембиде телеканалдан элге кайрылуу жасаган Турчинов эң негизгиси өлкөнүн бөлүнүүсүнө жол бербөө зарылдыгын белгиледи:

- Эң биринчи кезекте жаңжалды токтотууга, өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн орнотууга тийишпиз. Атайын күчтөр менен Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүн казармаларга кайтарып, көчө бийлигинин алдын алуу үчүн бейпилдик менен тартипти камсыздашыбыз керек. Сепаратизм, Украинанын аймактык бүтүндүгүнө кооп туудурган күчтөргө туруштук берүү зарыл.

Орусия менен жакшы алакаларды сактоого аракеттенээрине басым жасаган Турчинов азыркы баскычта европалык интеграцияга артыкчылык берилээрин жашырган жок:

- Европа өлкөлөрүнүн чөйрөсүнө кайтуу керек. Орусия менен мамилелерибиздин маанисин, ал өлкө менен алакаларды жаңы, адилет, теңата, акниет пайдубалда, Украинанын европалык тандоосун эске алуу менен түзүү керектигин жакшы түшүнөбүз. Ошол тандообуз 25-майда өтчү президенттик шайлоодо колдоо табат деп ишенем.

Турчинов мурдагы бийлик өлкө экономикасын кейиштүү абалга кептегенин, алдынкы күндөрү кризистен чыгуу, анын ичинде улуттук акчаны стабилдештирүү, инвесторлордун ишенимин кайтаруу, ишкерлерге жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү, пенсия, жөлөк пул, башка социалдык төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшүн камсыздоо өңдүү проблемалардын үстүнөн иштөө керектигин белгиледи.

Украинанын карызга баткан экономикасы дефолтко учурашы мүмкүн деген чочулоолор биржаларды дүрбөлөңгө салып, өкмөттүн баалуу кагаздарынын үстөгү өссө, улуттук валюта – гривнанын куну тескерисинче түшүүдө.

Евробиримдиктин жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Киевдеги сапары учурунда саясий кризистен чыгуу жолдору менен катар экономиканы турукташтыруу чараларын талкууламакчы.

Эл аралык валюта фондунун төрайымы Кристин Лагард Украина колдоо сураса, фонд жардам берүүгө даяр деп билдирди.

Орусиянын финансы министри Антон Силуановдун айтымында, Москва жаңы өкмөт куралгандан кийин 15 миллиард долларлык карыздын эмки бөлүгүн берип-бербөө тууралуу чечмекчи. Кредит программасы Януковичке өткөн жылдын этегинде сунуш кылынган. Орусия кеңешүү үчүн деген жүйө менен Киевдеги элчисин чакыртып алган.

АКШнын финансы министри Жэйкоб Лью болсо Украинанын жаңы жетекчилиги реформаларды жүргүзсө, экономикасын көтөрүүгө салым кошоорун билдирди.
Ал ортодо Крым татарлары Симферополь шаарында жүрүш жасап, өлкөнүн жаңы жетекчилигин колдошоорун айтышты.

XS
SM
MD
LG