Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Украина: парламент жанындагы кагылышта бир жоокер өлдү


Жогорку Раданын алдындагы митингчилер менен күч органдарынын кагылышы. 31-август, 2015-жыл
Жогорку Раданын алдындагы митингчилер менен күч органдарынын кагылышы. 31-август, 2015-жыл

Украин парламенти 31-августта борбордук өкмөттүн бийлик укугун жергиликтүү башкаруу органдарына берүү жана аны конституцияга киргизүү сунушун жактады.

Добуш берүүдөн кийин Жогорку Раданын имараты жанында Конституцияны өзгөртүүгө нааразылар менен полиция кагылышып, 120дай адам жабыркады. Улуттук гвардиянын бир жоокери алган жараатынан курман болгону ырасмий түрдө тастыкталды.

Парламент төрагасы Владимир Гройсмандын айтымында, Конституцияга сунуш кылынган өзгөртүү жергиликтүү өзүн - өзү башкаруу боюнча Европа хартиясына ылайык келет жана Украинанын Европага интеграциялануусуна өбөлгө түзөт.

- Украинада төбөлсүз 24 жылдын ичинде борборлоштурулган, коррупуцияланган, муктаж жарандар өзүн ыңгайсыз сезген өлкө курулду. Бүгүн биз тарыхый чечимди кабыл ала алабыз. Бизге европалык өзгөрүүлөр үчүн, борбордук бийликти бөлүшүү үчүн конституцияга өзгөртүү киргизгенге 226 добуш керек.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорун биринчи окууда Украина парламентинин 265 депутаты колдоду. Бул мыйзамды кабыл алууга зарыл минимумдан 39 добуш көп.

Гройсмандын сөзүнө караганда, конституцияга киргизилчү өзгөрүү жергиликтүү бийликтердин укугун жана вазийпасын кеңейтүү менен бирге финансылык өз алдынчалыгын да чоңойтот. "Жергиликтүү өкмөттөрдүн укуктарын чоңойтпой, бир да тармакты реформалоо жана нукура жарандык коом куруу мүмкүн эмес" деди ал.

Сунуш кылынган өзгөртүүдө көрсөтүлгөнгө караганда, Донецк жана Луганск облустарынын айрым райондорунун макамы өзүнчө мыйзам менен аныкталат.

Украинанын Конституциялык соту Жогорку Раданын өтүнүчүнө ылайык, мыйзам долбоорун карап, борбордук бийликти жергиликтүү башкаруу органдары менен бөлүшүү башмыйзамга шайкеш келет деп бүтүм чыгарган.

Президент Порошенко конституцияга киргизилчү өзгөрүү Донбасстагы жаңжалды токтотуунун ачкычы болот деген үмүттө.

Бирок башкаруучу коалицияга кирген жалпы украиналык “Свобода” бирикмеси, Радикалдык партия, УКРОП партиясы, алардын катарында мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко мыйзам долбооруна каршы чыгышты. Юлия айым Порошенко экинчи жана финалдык окууда мыйзамды кабыл алууга зарыл 300 добушту топтой аларына ишене бербейт.

Орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Донбасстын айрым бөлүктөрүнө өзгөчө макам берүү быйыл февралда Минскиде макулдашылган тынчтык келишиминин маанилүү элементи.

Европа Кеңеши Украина парламентинин берегидей кадамын колдоду. Бул жөнүндө уюмдун баш катчысы Турбьерн Ягланд Твиттерде жазды.

Жогорку Рададагы добуш берүүдөн кийин анын имараты алдында топтолгон улутчулдар менен парламентти күзөткөн тартип сактоо кызматкерлери арасында кагылышуу болду. Украинанын ички иштер министри Арсен Аваковдун айтымында, Улуттук гвардиянын жоокери жарылган гранатанын сыныгы тийип, курман болгон жана 30 митингчи, анын ичинде милицияга гранат ыргыткан адам кармалган. Мушташта 90дон ашык тартип сактоочу, ошондой эле бир француз жана эки украиналык журналист жаракат алган.

Украина: Жогорку Рада алдындагы тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

Би-би-синин кабарчысы үч граната жарылганын уккан. Киевдин мэри Виталий Кличко дүйшөмбү күнкү “бузукулуктун бардык катышуучулары” жазаланарын айтты жана бузукулар видеокамералардын жардамы менен аныкталат деп билдирди.

31-август күнкү Жогорку Раданын жанындагы кагылышуу 2014-жылы февралда Кремл колдогон президент Виктор Янукович кулатылгандан берки эң чоң тополоң.

“Самопомощь” фракциясы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү жактаган беш мүчөсүн өз катарынан чыгарганын анын лидери Виктория Войцицкий Фэйсбукта жазды.

Жогорку Раданын төрагасы Владимир Гройсман 31-августтагы кандуу коогалаңды "террорчулук" деп атады.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму Киевдеги тополоңду сындап, журналисттердин өмүрүнө коркунуч туудурган окуяны кылдат иликтөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG