Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 09:01

Саясат

Украинада “саргылтым коалиция” таркатылды

Өткөн айдагы президенттик шайлоодо утулуп калган Юлия Тимошенко эми өкмөт-башчысынын кызматынан да айрылышы мүмкүн. Парламенттин спикери Володимир Литвин парламенттеги башкаруучу коалиция таркап кеткенин бүгүн жарыялады. Эртең парламент өкмөткө ишеним көрсөтүү маселеси боюнча добуш бериши күтүлүүдө.

Юлия Тимошенко парламенттеги көпчүлүк орундан айрылды
Текст көлөмү - +
Украин парламенти – Жогорку Раданын – спикери Володимир Литвин шейшембиде билдиргенине караганда, Юлия Тимошенконун “саргылтым коалициясы” 450 орундуу парламентте азыр да көпчүлүктү ээлей турганын далилдей албады.

“Украинанын конституциясына жана парламенттин эрежесине ылайык, мен коалициянын иши токтотулганын жарыялайм”, - деди В.Литвин.

Тимошенконун өкмөтүнө ишеним бар-жоктугун парламент шаршембиде чечет. Парламент ага ишеним көрсөтпөй койсо, президент Янукович Радада өзүнүн коалициясын түзө алат.

Бирок Янукович үчүн бул оңой болбой тургандай. Тимошенко аны “шайлоодо добуштарды уурдаган, жыйынтыгын бурмалаган, парламенттеги депутаттарга пара берген” деп айыптады. Шейшембиде ал өлкөдөгү “демократиялык күчтөрдү” Януковичтин администрациясына каршылык көрсөткөнгө чакырды.

Юлия Тимошенко
“Бүгүн парламентте демократиялык коалиция мыйзамсыз түрдө жок кылынды”, - деп айтты Ю.Тимошенко.

Эртең парламент Тимошенконун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөгөн күндө деле премьер-министр заматта кызматынан кетпейт. Янукович парламентте өзүнүн коалициясын түзгөнгө чейин ал иштей бериши керек. Жаңы коалицияны президент 30 күндүн ичинде түзүшү шарт. Андай болбосо, президент парламентти таркатып, Радага кайрадан шайлоонун күнүн айтышы лаазым.

Өткөн айда Янукович сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө кандай болбосун, Тимошенко баары бир кызматтан кетиши керек деп билдирген.

“Ал өз ыктыяры менен эле кызматынан кетет деп ишенем. Бирок, чындап келгенде, ал өзү кетеби же парламент кетиреби – айырмасы деле жок”, - деген эле президент.

Ал арада Янукович Украинанын жаңы президенти катары алгачкы чет-мамлекетке сапарга чыгып келди. Ал 1-мартта Брюсселге барып, Евробиримдик менен кызматташтык Украинанын башкы приоритети бойдон калаарын айтты.

“Биздин негизги максатыбыз Евробиримдикке карай интеграцияны, Орусия менен достук, конструктивдүү кызматташтыкты, коңшулаш мамлекеттер жана Америка Кошмо Штаттары менен стратегиялык кызматташтыкты камтыйт, - деди ал. - Биз Эларалык Валюта кору жана башка эларалык финансы уюмдары менен да байланышты күчөтө бермекчибиз”.

Эларалык Валюта кору Украинага экономикалык кризистин кесепети менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн 16 жарым млрд.долларга жакын акчаны былтыр убактылуу токтотуп койгон. Андыктан бул уюм менен кызматташууга азыр Янукович өзгөчө кызыгып турган чагы.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)