Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Орусия-Украина газ келишимине кол коюлду


Орус жана украин энергетика министрлери А. Новак, Ю.Продан, Еврокомиссиянын өкүлү Г. Оттингер келишимге кол коюшууда.
Орус жана украин энергетика министрлери А. Новак, Ю.Продан, Еврокомиссиянын өкүлү Г. Оттингер келишимге кол коюшууда.

Москва менен Киев Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышуулар уланып, эки өлкө ортосундагы чыңалууга карабастан газ келишимине кол койду.

Жаңы келишим быйылкы кышта Украина орус газы менен камсыз болорун кепилдейт.

Еврошаркеттин ортомчулугу менен жетишилген макулдашууга Брюсселде орус жана украин энергетика министрлери Александр Новак жана Юрий Продан, Еврокомиссиянын энергетика боюнча комиссары Гюнтер Оттингер кол коюшту.

Макулдашууга көз салган Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу европалыктар дагы кирип келген кышта жылуулуксуз калбай калбайт деген жүйөнү келтирди:

- Еврокомиссиянын күчтүү колдоосунда Украина менен Орусия бүгүн энергетикага байланыштуу чечилбей келген суроолор боюнча келишимге келип, бул кышта газ менен камсыздоону улантуу чечимин кабыл алынды.

Газ карызынан улам чыккан Москва менен Киев ортосундагы бир нече айга созулган талаш-тартышты жоюп, бир келишимге жетишүү Еврокомиссия үчүн оңойго турган жок.

Еврокомиссиянын энергетика боюнча комиссары Гюнтер Эттингердин айтымында, газ берүүнү калыбына келтирүү үчүн Украина Москвага карызынын 1 миллиард 450 миллион долларын алдыдагы күндөрү төлөйт. Калган 1 миллиард 650 миллион доллар карыздан ушул жыл аягына чейин кутулат.

“Газ кыш бою бир эле Украинага эмес, бул аймакка жакын Евробиримдиктин өлкөлөрүнө жеткирилип турарына кепилдик бере алабыз” деген Эттингер:

- Бул келишим коңшулардын ортосундагы жакшы жана акыл калчап жүргүзүлгөн саясатынын жана эки өлкө ортосундагы чыңалган мамиленин бир аз оң жолго түшкөнүнүн биринчи белгисиндей болду, - деп билдирди.

Украин премьер-министри Арсений Яценюк Киев ушул жыл аягына чейин көгүлтүр оттун 1 миң метр кубуна 378 доллардан, ал эми кийинки жылдын биринчи кварталында 365 доллардан төлөрүн билдирди.

Келишимде Еврокомиссия Украинага анын орусиялык «Газпромго» карызын төлөөгө жардамдашары камтылган. Эми Орусияга көгүлтүр отундун акысы алдын ала төлөнүп турат.

Орусия Украинага газ берүүнү ушул жылдын 16-июнунда токтоткон.

Баа жана карыз чатагынан улам Москва Украинага газды өчүргөн учурлар буга чейин да кездешкен. 2008-2009-жылдын кыш айларында мындан улам Европадагы керектөөчүлөргө газ жетпей калган. Анткени Орусиянын Европага газ транзитинин 15 пайызы Украинанын куурлары аркылуу өтөт.

Эки өлкөнүн бул жолку “газ согушу” Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк аскерлердин ортосундагы кандуу кагылышуулар уланып жаткан кезге туш келди.

XS
SM
MD
LG