Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Украина Евромайдан курмандыктарын эскерүүдө


Мындан туура бир жыл мурда, 21-ноябрда Евробиримдик менен ассоциацияны жактагандардын акциясы Киевдеги Майданда башталган. Кийин кырдаал курчуп, президент Виктор Януковичтин бийлиги кулап, кагылыштарда жүздөгөн адам каза тапты.

Бүгүн Украина Евромайданда тутанган окуянын бир жылдыгын белгилеп, өлкө тарыхын өзгөртүүгө салымын кошкон жана жаркын келечек үчүн каза тапкандарды эскерүүдө. Бул күнү Киевге жаңы украин жетекчилигин колдоп, АКШнын вице-президенти Жо Байден келди.

Киевде Байден украин президенти Петро Порошенко, өкмөт башчы Арсений Яценюк менен жолугат. Анда Кошмо Штаттар Украинага аскерий жардамын көбөйтөрү жарыяланат деп күтүлүүдө. Кеп согуштук эмес жабдуулар, аскерий автоунаалар жөнүндө болууда. Ошондой эле Украина мурда убада кылынган радар системасын да алууга кызыкдар.

Анткен менен Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жефф Ратке сүйлөшүү алдында билдиргендей, "АКШ Украинага берилчү жардамдын эң натыйжалуу жолун издейт". Андыктан анын ар кандай варианттары каралууда, анын ичинде курал-жарактар да болушу мүмкүн.

- Курал - жарактан көмөктөшүү боюнча биздин турум өзгөргөн жок. Баштагы чечимдер өзгөрбөйт жана ошол эле маалда аскерий чечим кабыл алынбайт деп ишенип турабыз. Бирок кечээ айтылгандай, Орусиянын аракеттерин биз карашыбыз керек.

Мындан мурдараак ушундай эле билдирүүнү президент Барак Обаманын Улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Энтони Блинкен да билдирген болчу. Анда Москва дароо жооп кайтарган.

"Биз Украинага согуштук эмес куралдар берилерин бир нече жолу укканбыз. Эгер саясатта мындай өзгөрүү болсо, анда бул аймактагы кырдаалдын кескин өзгөрүшүнө жана бейстабилдүүлүккө олуттуу таасирин тийгизет деп айта алабыз", - деп билдирген 20-ноябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Лукашевич.

Жо Байдендин ушул жылдын эсебинде Украинага үчүнчү жолу келиши. Бул жолу ал Евромайданда тутанган окуянын бир жылдыгына байланыштуу Киевди колдоо максатында келген. Мунун алдында жергиликтүү «День» деген гезитке курган маегинде «Менимче, Украинанын Орусиянын агрессиясынан коргонууга толук укугу бар, Вашингтон бул багытта Киевге жардам берүүгө даяр», - деп айткан.

Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдын курчушуна жана өлкө чыгышында жикчилдерди колдоп, аскерлерди жана техника жөнөтүп жатат деп Орусияны күнөөлөп келет. Расмий Москва бул айыптоолорду четке кагып, айтылгандарды танууда.

21-январь, 2014-жыл
21-январь, 2014-жыл

Ал эми Байдендин сапары маалында Украинадагы реформалар жана коррупцияга каршы күрөшүү маселеси талкууланат. АКШ вице-президенти менен бирге Киевде НАТОнун аскерий комитетинин төрагасы Кнуд Бартелс да жүрөт.

Сентябрь айында Вашингтон Украинага жалпы суммасы 53 млн. долларлык жардам көрсөтөрүн билдирген. Бул каражаттардын 7 миллиондон ашууну Украинанын чыгышындагы жаңжалдарда жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн эл аралык уюмдарга берилери, калган 46 млн. доллар аскерлерге жана чек арачыларга бөлүнөрү айтылган.

Европа менен жакындашуу талабы менен тынч митинг Киевдеги Майданда 2013-жылдын 21-ноябрында башталган. Эки айдан соң 2014-жылдын январында абал курчуп, демонстранттар менен полиция кагылышып, алгачкы адамдардын өлүмү катталган. Андан бери 4300дөй киши каза таап, тогуз миңдей адам жараат алды. 300 миңдей жаран үй-жайын таштап кетти.

XS
SM
MD
LG