Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Украина митингдердин толкунунда


Украинанын ЕБга кошулушун талап кылган митинг, Киев, 24-ноябрь, 2013.
Украинанын ЕБга кошулушун талап кылган митинг, Киев, 24-ноябрь, 2013.

Киевде Евробиримдик менен келишимге кол коюуну талап кылган мөөнөтсүз акциялар уланууда. Дүйшөмбүдө оппозиция тарапкерлери менен милиция кайрадан кагылыша кетти.

Демонстранттар премьер-министр Микола Азаровдун кызматтан кетишин талап кылып, эртеден бери өкмөт имаратын пикеттеп жатышкан. Өткөн аптада Азаров Евробиримдик менен Ассоциация келишимине даярдыктарды убактылуу токтотуу токтомуна кол койгон.

Милиция элди имараттын жанынан сүрүп чыгуу үчүн жаш агызчу газ менен желим союлдарды колдонду. Демонстранттар болсо аларга каршылык көргөзүштү. Ушул эле күнү кечээки кагылышуулар боюнча кылмыш иш козголгону белгилүү болду. Тартип коргоочулардын иш-аркеттерине да арыздар түштү.

Киевдеги митинг
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00


Евроинтеграциянын колдоочулары өткөргөн акцияга кечээ Киевде ар кандай маалыматтарга караганда, 50 миңден 100 миңге чейин киши чогулган. Оппозиция парламенттин чукул сессиясын өткөрүүнү талап кылууда.

Өлкө премьер-министри Микола Азаров болсо Украина Европа Биримдиги менен Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндөгү келишимге келерки жылдын башында кол коюшу ыктымалдыгын 24-ноябрдагы телеинтервьюда айтты. Өткөн аптада ырасмий Киев 28-29-ноябрда Вильнюста өтчү Евробиримдиктин Чыгыш кызматташтыгы саммиттинде узактан сүйлөшүлүп келген келишимге кол койууга даярдыкты токтотконун билдирген.

Украинанын премьер-министри Микола Азаров жекшемби күнкү телеинтервьюда “Евробиримдик биздеги экономикалык кырдаалды жакшы түшүнөт”, - деп Брюсселде эч ким Украина менен Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндө келишимге кол койууга каршы эмес экенин баса белгиледи. 22-ноябрда Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фүле эмки жылы Украина узактан сүйлөшүлүп жүргөн келишимге кол коюшу ыктымал экенин билдирген.

Азаров Украинанын келишимге кол коюуну 2014-жылга чейин саалгытуу себебин Биримдикке Ассоциациялык мүчө болуудан экономика тартчу чыгымдарды компенсациялоо маселеси чечилбегени менен негиздеди:

- Алдыбызда биз азыр канткенде да тыныгуу алып, компенсация, жумушчу орундарды сактоо, айлык акы меселесин чечип алабыз же болбосо эч кандай компенсациясы жок туруп, келишимге кол коёбуз да Бажы союзу бизге каршы кабыл алган чаралар менен бетме-бет калабызбы деген суроо турду. Биз өзүбүзгө мындай жоопкерчиликти ала албадык. Ошон үчүн тыныгуу жасайлы деп чечтик.

Премьер-министр Азаровдун бул сөзү Евробиримдик менен экономикалык жакындашуу Украинанын өнөр жайы үчүн атаандаштыкты курчутарын жана жаңы шартка алар жакшы даяр эмес экенин каңгуулайт. Киевдин кетенчиктөөсүн “Файнэншл Таймс” гезити жазгандай, Украинанын заман талабына ылайык модернизацияланбаган оор өнөр жай сектору колдоду.

Азаров телеинтервьюда Киевди Евробиримдиктин кучагына шашпаганга мажбурлаган экинчи жагдай – Москванын кысымы болгонун, ошондой эле Брюссел жана Эл аралык валюта фонду Украинага берчү насыянын шарты болжогондон алда канча катаал экени ойлонтуп койгонун айтты:

- Биз акыркы мүнөткө чейин Оруссия менен сүйлөшүп, эки жакка ылайыктуу бир бүтүмгө келебиз деп үмүт кылып жаттык. Табигый түрдө компенсация сурадык. Ошентип акыркы мүнөткө дейре бизге компенсация тапканга көмөктөшөт деп үмүттөндүк. Мен айткандай, биз үчүн Эл аралык валюта фондунун каты соңку тамчы болду. Андан биз кредит алуу элибиз үчүн ынангыс шарттар менен байланганын түшүндүк.

Лондондо чыгуучу The Independent гезитинин жазышынча, Москванын соода согушун баштайбыз жана газдын баасын кымбаттатабыз деп коркутуусу - Украинанын Ассоциациялык мүчөлүк боюнча келишимге кошулууну эмки жылга калтыруусунун башкы себеби болгон.

Микола Азаров оппозициячыл саясатчыларды өкмөттүн чечимин “трагедия” деп көбүртүп-жабыртып, өлкөдөгү “саясый-экономикалык жагдайды бейстабилдештирүүдө деп күнөөлөдү.

Жекшемби күнү украин оппозициясы Киевде Евробиримдик менен келишимди жактаган демонстрация өткөрүп, ага он миңдеген адамдар чыккан. Бүгүн да ушундай эле демонстрация Өкмөт үйүнүн маңдайында уланууда жана миңдей адам: “Украина Европа менен!” деп ураан чакырышууда.

Германиянын IFAK институ (IFAK Institut GmbH) октябрда 1 миң украиналыкты сурамжылаганда, алардын 58 проценти Евробиримдикке кошулууну жактаган, ал эми 31 проценти каршы экенин айткан.

XS
SM
MD
LG