Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Украина парламенттик шайлоонун босогосунда


Украина. Донецк. Шайлоонун үгүт билборду.
Украина. Донецк. Шайлоонун үгүт билборду.

Бүгүн Украинада шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү. 26-октябрда улуттук парламент - Жогорку Радага кезексиз шайлоо болот.

Добуш берүү Украинанын чыгышындагы москвачыл жикчилдердин ээлигиндеги 14 райондо болбойт. Кошмо Штаттар бардык украиналыктарды, анын ичинде Орусия аннексиялап алган Крымдын элин парламенттик шайлоодо добуш берүүгө үндөдү.

Улуттук парламент - Жогорку Радага шайлоо өлкө чыгышында украин армиясы менен орусиячыл жикчилдер ортосунда уруш жүрүп жатканына карабай өткөрүлүүдө. Донецк жана Луганск облусундагы жикчилдер ноябрда өз алдынча шайлоо өткөрүүгө чамынууда.

Бирок АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Жен Псаки бейшемби күнкү билдирүүсүндө, Украинада “бирден бир мыйзамдуу шайлоо 26-октябрда жана 7-декабрда гана болот” деди:

- Биз шайлоого бардык украиналыктар, анын ичинде Крым, Донецк жана Луганск катышканын көрөбүз деген үмүттөбүз. Мыйзамдуу демократиялык жараянга жана Украина элинин өз лидерлерин тынч тандоо мүмкүнчүлүгүнө ар кандай кийлигишүүнү катуу жектейбиз. Украинадагы бирден бир мыйзамдуу шайлоо: 26-октябрда Жогорку Раданы жана 7-декабрда өзгөчө макамдуу Донбасс зонасынын жергиликтүү башчыларын шайлоо деп билебиз.

Псаки айым АКШ өкмөтү Украинанын жаңы парламенти менен коррупцияга каршы күрөшүүгө, реформаларды алгалатууга жана өлкө чыгышындагы тополоңду тынч чечүүгө даяр турганын кошумчалады.

Президент Путиндин администрация башчысы Сергей Иванов Интерфакс агенттигине шаршемби күнү берген интервьюда Москва Украинада жашоо кадыресе нукка түшүүсүн каалаганын айтты. Ошол эле күнү Украинанын премьер-министри Виктор Яценюк Киевде сүйлөп, Орусия өлкөдөгү кырдаалга аскерий жактан кийлигишип жаткан шартта шайлоону ырааттуу өткөрүү кыйын болуп жатканын айта кетти:

- Украинада шайлоону Орусиянын аскерий агрессиясы маалында өткөрүү оор. Орусия кырдаалды бейстабилдештирүүгө аракет кылары айдан ачык.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваковдун айтымында, шайлоо күнү коомдук тартипти 82 миң милиционер камсыздайт. Террорчулук коркунучу бар же талапкерлерге кол салуу мүмкүн болчу аймактарга тез аракеттенүүчү атайын күчтөрдүн төрт миң жоокери жайгаштырылат.

20-октябрда Яценюк башындагы Элдик майдан партиясынын мүчөсү Владимир Борисенкого ок атылып, жардыргыч зат ыргытылган. Ал мурда бир нече жолу “атып кетебиз” деген коркуткан каттарды алгандыктан, ок өтпөс чопкут менен жүргөн.

Серепчилердин айтымында, Порошенко майдагы шайлоодо жеңип, президент болгондон бери Украинанын чыгышындагы чатакка карабай, саясий жагдай бир нукка түштү. Муну Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц да 23-октябрда Брюсселдеги сөзүндө белгиледи:

- Порошенко президент болуп шайлангандан кийин Украина бир кыйла стабилдүү болуп калды. Кризистеги өлкөлөргө күчтүү институттар керек. Раданын милдетин аткарчу парламент өлкөдөгү саясий агымдардын жана жарандардын эркин толук билдирбегени анык. Ошон үчүн жаңы Рада жаңы өкмөттү түзөт деп ойлойм. Раданын Порошенко менен кажыбай жигердүү иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бар. Бул өлкөгө дагы көп мунасаны жана ынтымак алып келе алат.

Украин парламентине шайлоого 29 партия катышууда. Сурамжылоолор шайлоочулардын 30 проценти Петро Порошенконун блогун колдогонун көрсөттү. Буга караганда, Порошенконун блогу улутчул партиялар менен бирге коалициялык өкмөттү түзүшү мүмкүн. Улутчулдар орусиячыл жикчилдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөргөнгө каршы.

Порошенконун айтымында, ал Донбасстагы чатакты “жөн калтырбайт” (тоңдуруп койбойт). Себеби, "аймак Украинасыз жашай албайт" деп, ал бүгүн москвачыл жикчилдердин ээлигиндеги Донецк жана Луганск облустарына ишаара кылды.

XS
SM
MD
LG