Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Батыш Крым референдумун айыптоодо


Орусиянын Крымдагы баскынчылыгын айыптаган акция. Барселона. 9-март, 2014-жыл.
Орусиянын Крымдагы баскынчылыгын айыптаган акция. Барселона. 9-март, 2014-жыл.

Эл аралык коомчулук Крымда пландалып жаткан референдумга караманча каршы экенин кайталоодо.

Украинанын курамындагы автономиялуу облустун москвачыл бийлиги Орусияга кошулуу маселесин 16-мартта элдик добуш берүүгө алып чыкканы жатат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шейшемби күнкү билдирүүсүндө жикчил аймактын жетекчилигинен чакыруу түшсө да, байкоочуларын жибербей турганын белгиледи.

Уюмдун учурдагы төрагасы - Швейцариянын тышкы иштер министри Дидье Буркхалтер ушул формадагы референдумду “мыйзамсыз” деп атады.

Ал ортодо Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинадагы кризисти дагы бир жолу талкуулашты. Бирок дипломаттардын телефон сүйлөшүүлөрүнөн азырынча майнап чыга элек.

Крымдагы референдумга үндөгөн жазуу
Крымдагы референдумга үндөгөн жазуу
Анын алдында Вашингтон Москвага бир катар суроолорду жолдоп, Орусия кризистен чыгуу үчүн кандай дипломатиялык кадамдарга даяр экенине кызыккан.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жен Псаки билдиргендей, Орусиянын жообу Кремлдин туруму өзгөрбөгөнүн далилдеди:

- Мамкатчы Керри Лавров менен сүйлөшкөндө кырдаалды курчуткан кадамдар дипломатиянын мүмкүнчүлүктөрүн улам чектөөдө деп айтты. Ал тышкы иштер министри Лавров менен мындан ары да кырдаалды талкуулоого даярдыгын кайталап, бирок Украинанын эгемендигин жана кол тийбестигин коргоо – сүйлөшүүнүн негизги максаты болууга тийиш деп белгиледи. Орусиянын жообунда бул байкалбайт.

Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн айтканына караганда, Керри Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы өзүмбилемдиги кабыл алынгыс деген ойго басым жасады.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Лавров кризисти жөнгө салууда украиналыктардын кызыкчылыктарын жана Крым жашоочуларынын өз келечегин аныктоо укугу эске алынууга тийиш деди.

Эки тарап тең жогорку дипломаттарынын сүйлөшүүлөрү уланат деп билдиришүүдө.

Орус тышкы иштер министрлиги буга чейин Крым парламентинин көз карандысыздыкты жарыялоосу “мыйзамдуу” деп айтып келген.

Шейшембиде жарым аралдын москвачыл депутаттары көз карандысыздыкты колдоп, добуш беришкен.

Батыш жана Киев өкмөтү добуш берүүнү тааныбасын билдиришүүдө.

Украинанын утурумдук президенти Олександр Турчинов АФП агенттигине берген интервьюда референдумду “маскарачылык” деп атады.

“Алар референдум деп атаган нерсе Крымда эмес, Кремлде өткөрүлөт» - деген Турчинов Киев Крымда аскердик күч колдонбосун кошумчалады.

Ал эми бийликтен кулатылган президент Виктор Янукович кечээ Орусиянын Ростов-на- Дону шаарынан сүйлөгөн кезинде мамлекет башчы бойдон кала бергенин, жакында Киевге кайтып барарын айткан.

Кыргызстан Януковичтин ал билдирүүсүн орунсуз деп эсептейт. Тышкы иштер министрлиги шейшембиде жарыялаган билдирүүдө “өз элинин ишенимин жоготкон, иш жүзүндө президенттик укуктарынан ажырап калган, атүгүл өз өлкөсүн таштап кеткен президент мыйзамдуу боло албайт. Украинанын мурдагы бийликтеринин ойлонулбаган аракеттери жана коррупцияланып кеткени өлкөнү бүгүнкү кризиске жеткирди жана ал ондогон күнөөсүз адамдардын өлүмүнө” себеп болду деп айтылат.

XS
SM
MD
LG