Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Малайзиялык учактын кыйроо себебин иликтөө талашка түштү


Украина -- ЕККУ эксперттери Малайзия учагы кыйрап түшкөн жерде. Донецк аймагы, 18-июль, 2014.
Украина -- ЕККУ эксперттери Малайзия учагы кыйрап түшкөн жерде. Донецк аймагы, 18-июль, 2014.

Ырасмий Киев малайзиялык учактын кыйроосу боюнча иликтөөнү Нидерландия жетектөөсүн сунуш кылууда.

Орусиячыл жикчилдердин лидерлери жана Москва 198 адамдуу Боинг эмне себептен кыйраганын Эл аралык жарандык авиация уюму жүргүзсүн деп жатат.

21-июлда Украин армиясы Донецк шаарындагы жикчилдерге танктардын жана бронетранспортерлердин коштоосунда чабуул койду. Өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялаган козголоңчулар темир жол вокзалынын атарабында да согушууда. Шаардык кеңеш жарандарды үйүндө калып, уруш жүрүп жаткан кан жолдор тарапка чыкпоону суранды. БУУнун Коопсуздук кеңеши 21-июлда кечинде малайзиялык пасажирдик авиалайнер боюнча резолюцияны карайт.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк 17-июлда Боинг-777 кулап түшкөн жайдан 272 адамдын сөөгү табылганын кабарлады. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун өкүлү Михаил Бочарев эксперттерге шилтеп, кээ бир жүргүнчүлөрдүн денесин табуу мүмкүн болбосун эскерткен. Яценюк 21-июлдагы сөзүндө батыштык өнөктөштөрүн иликтөөнү координациялоого коё берерин жана табылган жасаттарды Амстердамга соттук-медициналык экспертизага жөнөтүүгө даяр экенин белгиледи. Учактагы 298 адамдын 192си Нидерландиянын жарандары. Нидерланд эксперттери да учак кулап түшкөн жайга барып, иликтөө жүргүзөбүз деп турушат. Аларды украин президенти Петро Поршенко чакырган. Нидерландиянын премьер-министри Марк Рюттенин айтышынча, курман болгондордун сөөктөрүн алып келүүнү ал негизги вазийпам деп билет.

Боинг кулагандан бери 4 күндүн жүзү болууда. Ага карабай, эл аралык эксперттер үчүн учак кулап түшкөн жай толук ачылган эмес.

Козголоңчулардын лидери Александр Бородай жикичилдер материалдык далилдерди жаап-жашырганга аракет кылууда деген маалыматтарды калпка чыгарды. Ал 20-июлда Донецкиде болгон жыйында табылган жасаттар малайзиялык эксперттерге тапшырыларын, учактын сыныктары жана үндөрдү жазчу “кара кутусу” Эл аралык жарандык авиация уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет деди журналисттерге. Москва да кырсыкты Эл аралык жарандык авиация уюму жүргүзүшүн талап кылууда.

Австралиянын премьер-министри Тонни Эбботтун сөзүнө караганда, учактын сыныктарын издөө “бакты тазалаган сыяктуу жүрүүдө”.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 21-июлдагы кечки кеңешмесинде капылет окуяны ким иликтөөсү керек экенин чечүүгө тийиш. Буга байланыштуу резолюциянын долбоорун бир тараптан Австралия, Франция, Литва жана экинчи жактан Орусия киргизди.

Орусия президенти Владимир Путин 21-июлда видеокайрылуу жасап, авиатрагедия үчүн 28-июндан тарта Украинанын чыгышында антитеррордук операция жүргүзүүнү буйруган украин жетекчилигин күнөөлөдү. Бул алааматты бир да тараптын өзүнүн тар саясый максаты үчүн колдонуусуна жол берилбесин эскертип: “Эл аралык эксперттердин трагедия болгон жайдагы коопсуздугун камсыздоо үчүн бардыгын жасоо керек,” - деди Путин. Ошондой эле Укриан өкмөтү менен жикчилдерди согушту токтотуп, сүйлөшүүнү баштоого чакырды.

Ал эми АКШнын Мамкатчысы Жон Керри 20-июлда Си-Ен-Ен телеканалынан сүйлөп, Орусияны жикчилдерге курал-жарак берип колдоп, машыктырып жатканы Украина чыгышындагы кырдаалды татаалдантып жатат деп айыптады. Июнь айында АКШнын спутниктери Орусиядан Украинага бронетранспортерлер, танктар жана зениттик ракеталык техника болуп, 150 машинеден турган кербен өткөнүн тартып алган деди. Жана АКШда козголоңчуларга - Боингди атып түшүрдү деп шектелген - “Бук” системасын өткөрүп берип жаткан сүйлөшүүнүн аудиотасмасы бар экенин айтты.

Ал эми 17-июлда малайзиялык учакка тийди деп боолгонгон ракета кайдан атылганынын сүрөтү тартып алынганын да кошумчалады. "Биз бул ракета атылган учурду сүрөткө тартып алганбыз. Биз анын траекториясын билебиз. Анын кайдан келгенин билебиз. Убактысын билебиз. Бул дал авиалайнер радардан жоголгон учур. Биз үндөрүнөн жикчилдер учак атып түшүрүлгөнүнө мактанганын да билебиз. Бул далилдерди жандырганга Орусия жардамдашуусу зарыл,” - деди Керри.

XS
SM
MD
LG