Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Киев Орусияны “агрессор өлкө” деп тааныды


Украина чыгышындагы жикчилдердин талкаланган танкы. 2014.
Украина чыгышындагы жикчилдердин талкаланган танкы. 2014.

Украинанын Жогорку Радасы Орусияны “агрессор өлкө” деп жарыялады. Мындай резолюцияны украин парламенти шейшембиде кезексиз жыйында кабыл алды. Украиналык депутаттар бул чечим Орусияга карата эл аралык басымды күчөтөт деп ишенүүдө. Москва муну жоопкерсиздик деп баалады.

Орусияны “агрессор өлкө” деп тааныган резолюцияны Жогору Раданын 290 депутатынын 271и колдоп, добуш берди. Анда Орусияны "агрессор өлкө" жана Донецк менен Луганск облустарын "республика" деп жарыялап алгандарды террорчул уюм катары таануу каралган.

Украин парламентинин депутаты Анна Гопко резолюцияны окуп жатып, эл аралык коомчулукту Киевдин жолун жолдоп, Москвага каршы басымды күчөтүүгө чакырды:

- Жогорку Рада Орусия Федерациясын агрессор өлкө деп тааныйт жана Украинанын эл аралык өнөктөштөрүн бизге агрессияны баштагандан тарта жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартууга чакырат. Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишине жолтоо кылып, терроризмди колдоо менен эл аралык коопсуздук жана тынчтыкка коркунуч келтирүүдө. Ошондой эле Донецк жана Луганск облустарын "республика" деп жарыялап алгандарды террордук уюм катары тааныйбыз.

Жогорку Рададагы Радикалдык партиянын лидери Олег Ляшко болсо “Орусияны агрессор өлкө катары таануу менен БУУнун резолюциясына ылайык, чара көрүүгө жол ачылганын" кошумчалады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Раданын резолюциясын “ойлонулбаган жана жоопкерсиз билдирүү" деп баалашты. Тышкы иштер министринин орун басары Георгий Карасин мындай резолюция өлкө чыгышындагы абалды жөнгө салууга жолтоо болорун билдирди.

Ага чейин Евробиримдиктин лидерлери тышкы иштер министрлерине Украинанын чыгышындагы абал боюнча Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү маселесин да карап көрүүнү тапшырган.

Евробиримдикке мүчө 28 өлкө жетекчилеринин шейшембиде биргелешкен билдирүүсүндө “Донбасста согушуп жаткан орусиячыл козголоңчуларга Кремл колдоону күчөткөнү тууралуу маалымат бар” экени айтылган. Еврошаркеттин лидерлери Москваны орусиячыл козголоңчулардын аракеттерин айыптап, Донбасстагы атышууну токтотуу боюнча Минск сүйлөшүүсүн аткарууга чакырды.

Украинадагы соңку кырдаалдан кийин Орусияга санкцияларды күчөтүүнү талкуулаган Европанын башкы дипломаттарынын жолугушуусу 29-январда Брюсселде өтөөрү күтүлүүдө.

Украина чыгышындагы кырдаал 24-январда Мариупол шаарындагы 30 адамдын өмүрүн алган ракеталык чабуулдан соң курчуп кетти. Улуттар уюму тынч калк жашаган аймакка ракеталык чабуулдун жасалышы эл аралык гуманитардык укук нормаларын одоно бузат деп айтып чыкты.

ЕККУнун атайын монитордук миссиясынын тыянагына караганда, Мариупол орусиячыл жикчилдер жарыялаган “Донецк элдик республикасы” көзөмөлдөгөн аймактан аткыланган. Шаарга чабуул башталганын Донецктеги жикчилдердин лидери Александр Захарченко да жашырган эмес. Ошондуктан кандуу чабуул үчүн украин бийликтери орусиячыл жикчилдерди айыптап жатат. Бирок жикчилдер аны четке кагууда.

Ал ортодо украин армиясынын өкүлү Владислав Селезнов соңку 24 саат ичиндеги атышуулардан өкмөттүк тогуз аскер набыт кетип, 29у жарадар болгонун билдирди. Селезнов кырдаал дале оор бойдон деп баалады. Учурда Донецктин түндүк-чыгышындагы Дебальцево шаарынын айланасында салгылаш жүрүп жатат. Өкмөттүк аскерлер көзөмөлдөп турган Дебальцевону ээлеп алуу жикчилдер үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Ушул дүйшөмбүдөн тарта украин премьери Арсений Яценюк уруш жүрүп жаткан Донецк жана Луганск облустарынын аймагына өзгөчө абал режимин киргизген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG