Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Украинага болушкан өзбекстандык Шавкат


Украина армиясынын жоокери. Дебальцево. 2015-жыл.
Украина армиясынын жоокери. Дебальцево. 2015-жыл.

Украинанын чыгышындагы орусиялык жикчилдерге каршы согушуп жаткандар арасында Борбор Азиядан баргандар да бар.

Шавкат Мухаммад 6-февралда Киевден согуш жүрүп жаткан Луганск облусун көздөй согушка аттанып жатып "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Акыркы кезде Сирияда согушуп жаткан Борбор Азиянын тургундары тууралуу көп айтылчу болду, бирок бул аймактан Украинанын чыгышына барып, согушка аралашкандар саналуу болсо керек.

Алардын бири - Шавкат Мухаммад. Анын Украинанын армиясы тарабында согушуп жатканына жарым жылга чукулдап калды. Ал Украинада партизандык согуш коркунучу барын, Орусия Украинага аскерлерин ыктыярчылар деп жөнөтүп жатканын, эгер зарылчылык болсо Өзбекстанды орус агрессиясынан коргоп калууга даяр болуу үчүн ушул согушта жүргөнүн айтты.

Маек орус тилинде алынган. Аны бул жерден уга аласыз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00
Түз линк

Өзбекстандын жаранынын айтымында, ал өзү ыктыярчы катары "Айдар" батальонуна мүчө. Ыктыярчы дегени, куралды Украинанын Коргоо министрлиги бергени менен, тамак-аш, кийим-кечек, башка керек-жарагын өзүнө окшогон башка волонтерлор таап берет.

32 жаштагы Шавкат Мухаммад орусиячыл жикчилдер менен былтыр сентябрдан бери согушуп келатат. Ал Украинага мындан үч жыл мурда барган жана бул өлкөнү солкулдатып, азыркы кырдаалга түрткү болгон Майдандагы нааразылык акцияларына катышкан.

"Айдар" батальонунда өзбек, казак улутундагылар бар, башка батальондордо кыргыздар да болушу ыктымал" дейт ал.

Орусиялык жикчилдер тарапта согушкан чечендер. 2014-жыл.
Орусиялык жикчилдер тарапта согушкан чечендер. 2014-жыл.

Батальонго "Айдар" деген ат Луганск облусундагы Счастье деген шаардын жанындагы дарыянын атынан коюлган экен. Анда негизинен украиндер жана башка өлкөлөрдөн келген ыктыярчылар топтолгон. Шавкаттын айтымында, Украинанын чыгышында элдин көбү өкмөт тарапта:

- Эгер ачык согуш башталса, элдин көбү партизан болуп кетет. Ал эми партизандык согуш өтө натыйжалуу. Азыр Донецк менен Лугансктан сырткаркы, украин армиясы бошоткон аймактарда эл Украинаны колдойт.

Азыр Кошмо Штаттарында Украинага курал берүү тууралуу талкуу жүрүп жатат. Айрымдар буга "эгер Киевдин өкмөтү мухиттин ары жагынан курал ала баштаса, орустар коркуп кетип, согушту токтотконго аргасыз болот" десе, башкалары "анда согуштун өртү дагы алоолонот" деп эскертишүүдө.

Ал эми биздин маектешибиз "АКШдан курал келсе, жакшы болмок" деп эсептейт.

Ошол эле убакта ал Украинанын өз куралы жетиштүү деп ырастады. Анын айтымында, украин армиясына азыр танкка каршы колдонулуучу куралдар жана учкучсуз учактар же дрон жетишпей жатат.

Шафкат Мухаммад Чыгыш Украинадагы жикчилдер арасында орус армиясынан бошотулгандар волонтер катары согушуп жатат деп эсептейт.

Украиналык "Айдар" батальонунун жоокерлери. 2015
Украиналык "Айдар" батальонунун жоокерлери. 2015

Өзбекстандык жаран Киевдин Майданындагы толкундоолорго активдүү аралашып жүргөндүктөн, өлкөнүн чыгышында согуш башталганда, четте карап тура албай, украин армиясы тарапка өтүп, колуна курал алган.

- Мен эле эмес, Казакстан, Өзбекстан, атургай Орусиядан келип, биз менен бирге согушуп жаткандар бар. Биз Орусиянын баскынчылык саясатына каршыбыз. Кыргызстанда болгон кыргын, төңкөрүштөрдү албетте Кремл уюштурган. Азыр эми "Казакстандын түндүгү орустардыкы, кайтарып алышыбыз керек" деген үгүттөө жүрүп жатат. Биз ушундай чагымдан сак болуп, даяр турушубуз керек, - деди Шавкат.

Саясий серепчилер экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң чоң кыяпат деп атаган Украина кризиси март айында тутанды. Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап, же өзүнө каратып алып, эки айдан кийин Донецк менен Луганскта орусиячыл жикчилдер эки чөлкөмдүн көз карандысыздыгын жарыялашкан.

Бириккен улуттар уюму Украинада согуш аракеттери күч алгандан бери набыт болгондордун саны 5300 адамдан ашканын билдирүүдө. Ал арада Кошмо Штаттар Украинага курал жагынан жардам берүүнү карап баштады.

XS
SM
MD
LG