Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

“Антимайданчылар” өлүмүнө ким кызыкдар?


Киевде атылган Олег Калашников жана Олесь Бузина
Киевде атылган Олег Калашников жана Олесь Бузина

Украинада “Антимайдан” кыймылынын активисттеринин киши колдуу болушу тергелүүдө.

Орусиячыл таанымал журналист менен саясатчыны белгисиз адамдар өткөн аптада Киевде, өз үйүнүн жанынан атып кетишкен эле. Украин бийликтери Киевдеги удаа өлтүрүүнүн абдан окшоштугуна көңүл бурушууда.

Ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенконун айтымында, мурдагы депутат Олег Калашниковду жана журналист, жазуучу Олесь Бузинаны аткандар эки башка курал колдонушканы менен алардын экөөн тең бирдей кырдаалда жок кылышкан.

Экөөн тең үйлөрүнүн жанында күтүп турушкан, экөөнө тең бештен ок атышып, текшерүүчү ок чыгарышкан.

Бузина менен Калашниковдун өлтүрүлүшүндөгү башкы версия катары алардын коомдук-саясий ишмердиги каралып жатканын белгилеген Антон Геращенко кабарчылар менен маегинде буларга токтолду:

Антон Геращенко
Антон Геращенко

​- Бул өлтүрүүлөрдөн эң чоң пайданы Орусия Федерациясы алып жатат. Анын атайын кызматтары муну Киевде террор атмосферасын жаратуу, Украинанын орусиячыл маанайдагы жарандарына, орусиялык жарандарга Орусияда Немцов өлтүрүлгөндөй Украинада да оппозициячыл саясатчыларды атып жатышканын көргөзүү үчүн жасап коюшу мүмкүн.

Украин бийлик өкүлүнүн бул билдирүүсүн Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Константин Долгов «абсурд» жана «маскаралоочулук» деп атады.

Шаршемби күнү өз үйүнүн жанында атылган саясатчы Олег Калашников мурдагы парламентке бийликтен кулатылган мурдагы президент Виктор Януковичтин "Региондор" партиясынан шайланган жана «Антимайдан» кыймылынын уюштуруучуларынын бири болчу. Ал Киевдеги азыркы бийликти «хунта» деп мүнөздөгөн.

Олесь Бузина атылган жер. Киев, 16-апрель, 2015-жыл.
Олесь Бузина атылган жер. Киев, 16-апрель, 2015-жыл.

Ал эми бейшембиде Киевдеги батиринин алдында атылган Олесь Бузина украинафобиялык жана орусиячыл көз караштары менен таанымал журналист эле.

Журналисттин өлүмү үчүн Орусиянын атайын кызматтарынан шек санагандар окуя президенти Путин эл менен теледен түз байланыш уюштурган учурга туш келгенине да көңүл бурушууда. Киевде орусиячыл журналисттин атылганы тууралуу кабар украин маалымат агенттигине алгач Москва убактысы боюнча 13:55те чыккан.

Москва убактысы боюнча саат 14:17де, түз байланышта бул окуяны комментарийлей баштаган президент Путин аны «саясий өлтүрүү» деп атап, буларга токтолгон:

- Биз Украинада мындай өлтүрүүлөрдүн бир канчасын көрүп жатабыз. Өлтүргөндөр кайда, аткаруучулары, буюрутма бергендери да жок. Муну Европада, Түндүк Америкада да байкабай коюуга артыкчылык беришүүдө.

Украин президенти Петро Порошенко бейшемби күнү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушууда резонанстуу кылмыштардын уюштуруучуларын жана аткаруучуларын тезинен табууга чакырды.

«Бул кылмыштардын табияты жана саясий маңызы түшүнүктүү. Бул биздин душмандардын тегирменине суу куйган аң-сезимдүү чагым», - деген Порошенко муну уюштургандар «ички саясий кырдаалды дестабилдештирүүнү», «украин элинин саясий тандоосун дискредитациялоону» көздөшкөнүн белгиледи.

Киевдик талдоочу Виктор Небеженко орусиячыл саясатчы менен журналисттин киши колдуу болушу «саясий өлтүрүү» деген пикирлерге кошулат. Ал «Азаттык» менен маегинде төмөнкү жагдайларга көңүл бурду:

- Украин коому бул сынактан өтүшү керек. Бизде удаа саясий өлтүрүүлөр болгон эмес эле. Мурдагы бийликтер учурунда журналист Георгий Гонгадзе, генерал, мурдагы ички иштер министри Юрий Кравченко өлтүрүлгөндө адамдар шок болгон. Бирок ал окуялар кырдаалды дестабилдештирүүчү фактор болгон деп айтышы кыйын эле. Азыр болсо максат анык көрүнүп жатат. Өлкөнүн стабилдүүлүгүнө, элге чакырык ташталууда. Биз чын эле борборубуздагы бул өлтүрүүлөргө Орусия кызыкдар деп шектенүүдөбүз.

Украинанын Коопсуздук кызматы жума күнү билдиргендей, Киевдеги удаа өлтүрүү үчүн жоопкерчилик алган, “Украинанын козголоңчул армиясы” делген белгисиз топтун электрондук катына жүргүзүлгөн экспертиза ал украин тили эне тили эместер тарабынан жазылганын аныктады.

Коопсуздук кызматынын ырастоосунда, катты жиберген тарап ким экенин билдирбеш үчүн максималдуу чара көргөндүктөн бул маалыматтын тууралыгы күмөн санатат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG