Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Украина: Учак кыйроосу иликтенбей турат


Украина -- Тергөөчү малайзиялык учак кулаган жерди кароодо. Донецк облусу, 22-июль, 2014.
Украина -- Тергөөчү малайзиялык учак кулаган жерди кароодо. Донецк облусу, 22-июль, 2014.

Малайзиянын жүргүнчү учагы кыйраган Украинанын чыгыш бөлүгүнө эл аралык иликтөөчүлөр дале кире албай турушат. Дүйшөмбү күнү ал жерде уруш күчөп кетти.

Учак ээси - Малайзиянын өкүлдөрү украин өкмөтү менен жикчилерден жок дегенде отуз беш чакырымдык радиуста ок атышууну токтотуп берүүнү суранып жатканын айтса, кыйроодо жарандарын эң көп жоготкон Нидерландия аймакка куралчан полиция күчтөрүн жиберүү идеясынан баш тартты.

Эл аралык тергөөчүлөрдүн учак кыйраган жерге баруудагы максаты - ал кантип кулаганын билүү үчүн сыныктарды текшерүү. Тергөөчүлөр ошондой эле курман болгон 298 жүргүнчүнүн ошол жерде калышы мүмкүн сөөктөрүн жана жеке буюмдарын да чогултушу керек. Бирок кыйроодон бери 11 күн өтсө да, ЕККУ эксперттери учак кыйраган аймакты кыска убакытта бир карап кеткенин эске албаганда, тергөөчүлөр менен башка адистер кире албай турушат.

Жарандарын жоготкон өлкөлөрдөн өткөн аптада тергөөчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн БУУнун мандаты астында учак кыйраган аймакта эл аралык полиция күчтөрүн жайгаштыруу сунушу болгон эле.

Бирок Нидерландиянын премьер-министри Марк Рюттенин соңку билдирүүсүнө караганда, алар кайра бул идеядан баш тартты:

-Аймакты (учак кыйраган) жикчилер көзөмөлдөп жатат. Алардын карамагында, Орусия чек арасынан анча алыс эмес жерде оор куралдар жабдылган бөлүктөр бар. Биз бул аймакта эл аралык миссияны колдонуу менен аскерий жактан үстөмдүк кылуу реалдуу эмес деген тыянакка келдик. Кыйроо болгон аймакты кайтаруу үчүн куралдуу полициялык миссияны киргизүү эмоционалдык жактан туура чечим болушу мүмкүн. Бирок биздин негизги максатыбыз – курман болгондордун сөөктөрүн тезирээк алып келүүгө жардам болбойт. Биз эл аралык өнөктөштөр менен биригип, мындай куралдуу миссиянын Украинадагы жаңжалга тартылып кетүү тобокелчилиги абдан эле реалдуу деген бүтүмгө да келдик. Андан жаңжал эл аралык масштаб алып, дагы курчуп кетмек.

Өзү орусиячыл жикчилердин көзөмөлүндөгү Донецк шаарынын түштүк жана батыш чет жакаларында жарылуулардын добушу утур-утур угулуп турат. Украинанын өкмөттүк күчтөрү менен жикчилер учактын сыныктары жаткан жерден көп алыс эмес, Торез шаарчасынын жанында да атышууда. Бул учак кыйраган жерден 15-20 чакырым гана алыстыкта.

Малайзиялык тергөөчүлөрдүн башчысы Хайрил Хилми Моктардын кабарчыларга айтканына караганда, алардын өкмөтү украин бийликтери жана жикчилер менен жок дегенде 35 чакырымдык радиуста коопсуздукту камсыздап берүүнү сүйлөшүп жатат.

Расмий Киев жана Батыш өкмөттөрү мурдагыдай эле малайзиялык учак жикчилер аткан ракета тийип кулаган, жикчилер аны Украинанын аскерий учагы деп ойлошкон деген турумду карманууда.

Кечээ АКШ Мамлекеттик департаменти акыркы аптада Орусиянын аймагынан Украинаны көздөй ракета, артиллериялык снаряддар атылганын күбөлөндүргөн сүрөттөрдү жарыялады. Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, сүрөттөр 21-26-июль күндөрү спутниктен тартылган.

Авиация эксперттери жана аларды коштогон нидерланд полицейлери Донецкте күтүшүүдө. 28-июль, 2014-жыл.
Авиация эксперттери жана аларды коштогон нидерланд полицейлери Донецкте күтүшүүдө. 28-июль, 2014-жыл.

Бул аралыкта Улуттар уюму Украинадагы адам укуктапрынын абалы боюнча баяндамасын жарыялап, апрелдин ортосунан берки жаңжалда 1129 кишинин өмүрү кыйылганын айтып чыкты. Алардан тышкары 3450 чакты киши жаракат алып, Луганск жана Донецк облустарынын аймагынан качкын катары 100 000 миң киши чыгып кеткен

БУУнун Украинадагы мониторинг миссиясынын башчысы Армен Харутуниан бүгүн иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырып жатып буларды айтты:

- Бул баяндама Чыгыш Украинада куралдуу топтордун 8-июндан 15-июлга чейинки аралыктагы укук бузууларын документтештирет. Мунун ичинде Донецк менен Луганск облустарындагы калкты коркутуу үчүн колдонулган уурдоолор, камоолор, кыйноолор, адам өлтүрүүлөр да камтылган. Баяндамада куралдуу топтордун көзөмөлүндөгү аймакта мыйзамдуулук жана тартип толугу менен кыйрап, коркутуу жана террор өкүм сүргөнү сүрөттөлөт.

БУУ иликтөөчүлөрүнүн айтымында, урушта оор куралдарды украин армиясы да, жикчилер да колдонуп жатат.

Мурдараак БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллай малайзиялык учактын атып түшүрүлүүсү “аскерий кылмыш” катары баалануусу мүмкүндүгүн айткан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG