Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Британия-Иран: эрегиштин бутасы элчиликтер


Ирандын Лондондогу элчилиги.
Ирандын Лондондогу элчилиги.

Британия Ирандын Лондондогу элчилигин жабууга буйрук берип, бул өлкөнүн дипломаттарын түгөл чыгарууда. Расмий Лондон мындай кадамга өзүнүн Тегерандагы элчилигине кол салынгандан кийин барып жатат. Кол салуунун алдында Иран Британиянын жаңы санкцияларына жооп кылып, британ элчисин Тегарандан чыгарууну чечкен болчу.

Соңку эки күндөн бери Британия менен Ирандын тирешүүсү жаңы баскычка чыккандай болду. Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг кечээ (30-ноябрь) парламентте өкмөттүн жаңы чечимдерин жарыялап жатып, мындай деди:


- Биз бүгүн Улуу Британиянын Тегерандагы элчилигин жаптык. Кызматкерлерибиздин баарын алып кетүү чечимин кабыл алдык. Соңку бир нече мүнөттин ичинде британ кызматкерлеринин акыркысы Ирандан чыгып кетти. Ирандын Лондондогу ыйгарым өкүлүнө элчиликти тезинен жабуу жана Ирандын дипломаттиялык кызматкерлеринин баары Улуу Британиядан 48 сааттын ичинде чыгып кетүүсү керектиги боюнча биздин талабыбыз маалымдалды. Эгер кайсыл бир мамлекет бизди анын аймагында иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратса, бул жерде элчилиги иштей алат деп эсептебей эле койсо болот.

Уильям Хейг элчиликтин жабылышы Иран менен дипломатиялык алака толугу менен үзүлдү дегенди туюндурбасын, алака-катыш эң төмөнкү деңгээлге түшкөнүн гана билгизерин белгиледи.
Британиядан мурдараак Лондон менен дипломатиялык алакасын төмөндөтүүчү кадамга Иран тарап барган.

Лондондун Тегеранга каршы экономикалык жаңы санкцияларынан кийин Иран парламенти апта башында кабыл алган мыйзамда британ элчисин өлкөдөн эки аптага жеткизбей чыгаруу жагы каралган эле.

Ал мыйзам кабыл алынгандан кийинки экинчи күндө ирандык радикалык студенттердин тобу Британиянын Тегерандагы элчигинин имаратына жана элчинин тургун жайына кол салышкан. Иран парламентинин төрагасы Али Ларижанинин ырастоосунда, бул окуя полициянын аракетине карабай орун алып кетти:


Али Ларижани Тегерандагы маалымат жыйынында, 30-ноябрь.
Али Ларижани Тегерандагы маалымат жыйынында, 30-ноябрь.
- БУУнун Коопсуздук кеңешинин студенттердин акциясын айыптоо боюнча шашылыш кадамы – АКШ менен Британиянын мурдагы кылмыштарын жаап-жашыруу. Кол салуу полициянын тынчтыкты жана тартипти кармоо аракетине карабай болуп кетти.

Кол салууну БУУнун Коопсуздук кеңеши кескин айыптаса, Британиянын өзү, АКШ жана Евробиримдик муну чет элдик дипломаттардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Вена конвенциясын бузгандык катары баалашты.

Кол салуу үчүн “Жогорку лидердин жолун жолдогон мусулман студенттер” деп атаган топ жоопкерчилик алды. Бул топ Германия менен Франциянын элчиликтерин да жабууга чакырып, британ элчилигин “тыңчылардын биздин жинибиз жана жек көрүүбүз көрүнүшү керек болгон дагы бир уясы”, - деп атаган. Иран өкмөтү элчиликке жасалган кол салууга өкүнүчүн билдирип, мындай кадамга барган демонстранттар менен кандайдыр бир байланышы бардыгын четке какты.


Британиянын Тегерандагы элчилигине кол салуу, 29-ноябрь.
Британиянын Тегерандагы элчилигине кол салуу, 29-ноябрь.
Бирок британ тышкы иштер министри Уильям Хейг кечээ парламентте сүйлөгөн учурунда ал чабуулду Тегерандагы режим менен байланышы бар күчтөрдүн аракети деп мүнөздөдү:

- Демонстранттардын көпчүлүгү Басижи кошуунунан келген студенттер болду. Биз башынан бул Иран режиминин элементтери көзөмөлдөгөн уюм экендигин түшүнүп коюубуз абзел. Демонстранттар кол салынган жайдагы кызматкерлердин үйлөрүнө жана элчинин тургун жайына вандалдык кылышып, тоношкон. Алар эмеректерди талкалап, мүлктү, анын ичинде биздин кызматкерлердин жеке буюмдарын уурдашты, элчиликтин кеңсе жайын өрттөп жиберишти.

Шейшембидеги кол салуу Тегеранда мындан отуз эки жыл мурун орун алган көрүнүштү эске салды. Анда жүздөгөн исламчыл студенттер АКШ элчилигин басып алышып, 52 америкалыкты 444 күн боюу барымтада кармашкан эле.

Бул ошондой эле Ирандын талаштуу өзөктүк программасынан шек санаган Батыш менен Тегерандын мамилесиндеги чыңалууну дагы тереңдеткенсиди. Айрым аналитиктердин пикиринде, соңку окуялар тирешүүнү сүйлөшүү аркылуу чечүүгө жол табууну кыйындатуусу мүмкүн.

Британия өткөн аптада жаңы экономикалык санкцияларды киргизип, Ирандын каржы сектору менен бардык алаканы токтоткон.

Британиянын санкциясы Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин жаңы баяндамасы жарыялагандан кийин АКШ менен Канаданын ушуга окшош чаралары менен бир учурда киргизилген.

МАГАТЭнин соңку баяндамасында, Ирандын талаштуу өзөктүк программасынын аскерий багыты жөнүндө ишара кылган далилдер бардыгы айтылган эле.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүнкүгө мерчемделген жыйынында, Ирандын буга чейин санкция киргизилген адамдары менен ишканаларынын тизмесин дээрлик эки эсеге көбөйтөрү күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG