Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Мурас-Ордо конушунан кат


Бишкектин чет жакасындагы жер тилкесине ээ болуу кыймылынын өкүлдөрүнүнүн урааны. 2010-жылдын 11-апрели.
Бишкектин чет жакасындагы жер тилкесине ээ болуу кыймылынын өкүлдөрүнүнүн урааны. 2010-жылдын 11-апрели.
Урматтуу "Азаттык", мен сиздерден жардам күтөм.

Мен, Казакова Нурзат, БГУнун доценти, филология илимдеринин кандидатымын.

Учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушунда жашайм. Абал өтө оор.

Мурда шаар ичинде жашап, жаңы конуштардын маселелери мага анча тааныш эмес экен.

Байкасам, бийликтеги кызматкерлер карапайым элди анчалык ойлонбойт көрүнөт.

Мурас-Ордого жетчү жол транспортту да, андагы жүргүнчүнү да ушунчалык кыйнайт, жолдун тегиз эместигинен өпкө-бооруң үзүлүп кете жаздайт.

Мындан бир-эки жыл мурун таш жол салган, аны да аз төгүшкөнбү, азыр андан эч нерсе жок, жол деп айтууга мүмкүн болбой турган абал түзүлдү.

Биринчи май районунун акимине, мерияга элдер атайы чогулуп барышты, албетте алар элди сооротуп эртең оңдойбуз деген жоопту берген.

Кыргызда жакшы сөз бар, "ач кадырын ток билбейт" деген, анысы кандай алыстагы жаңы конуш заматта унутулду да калды.

Эл абдан нааразы.

Экинчи жагдай - суу маселеси.

Таза суу жок, сиздер билесиңер, Озёрный, Мурас-Ордо жайгашкан жер саздуу жер.

Мурас-Ордого 35-40 метрден бургулап суу чыгарып коюшкан, бирок ал, менимче, ичкенге жарабайт.

Экспертиза айтты, суу ичкенге жарактуу экен дешип, байкуш калк өзүн-өзү алдап келет, эге жарактуу суу болсо, анда чай кайнаган суунун үстү "саргарып каймактап" турбайт эле, эмалдан жасалган идиштердин ичи сапсары, жуусаң да кетпейт.

Сууга бай Кыргызстан кымындай калкты таза суу менен камсыздай албай жатканына капа болом.

Журналисттик изилдөөгө алсаңыздар жакшы болот эле, себеби дамба курулчу жерди айыл өкмөтү элге сатып жиберип, дамба курулбай, суу чыгарылбай жатат дешет.

Бир-эки адамдын чөнтөгүнө түшкөн акча, бүтүн конуштун элин, суу сураган кичинекей балдардын ден соолугун алып койду.

Үчүнчүдөн, кечинде жатып, эртең менен турсаң, свалкадан чыккан уу түтүн Калыс-Ордону, Озёрныйды, Мурас-Ордону каптайт.

Жыты ушунчалык ачуу, эшикти ача албайсың.

Эл жашаган жерге жакын свалка өрттөөгө болобу?

Кытайдын пластик бутылкаларынын жыты каңылжаарды жарат.

Айтор, ал жерден качып башка жерде жашагың келет, арга жок, баштыктап акча таппагандан кийин , биздей мугалимдин аз маянасына жашагандар жашап жатышат.

Урматтуу "Азаттык", менин жана мага окшогон элдин силерге деген ишеничи жогору, бир көрсөтүү даярдоо үчүн жеңил машина эмес, Жаш гвардия бульварынан 206 же 911 маршруткага түшүп, эл менен баарлашып келип, журналисттик иликтөө жүргүзүп берүүңүздөрдү СУРАНАМ.

Жолдун оңолуп кетиши үчүн, элдин таза суу ичип, таза аба менен дем алуусу үчүн СУРАНАМ.

Нурзат Казакова.
XS
SM
MD
LG