Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Түркмөнбашыны "тарыхтан өчүрүү" далалаты


Түркмөн диктатору Ниязовдун алтын жалатылган эстелиги, Ашхабад, 12-декабрь, 2011.
Түркмөн диктатору Ниязовдун алтын жалатылган эстелиги, Ашхабад, 12-декабрь, 2011.

Саясий өзгөрүүлөр жолбашчыларга коюлган эстеликтерге тийгизген таасирин Борбор Азияда Түркмөнстан ушул күндөрү кайрадан баштан кечирүүдө. Экс-президент Сапармурат Ниязовго жана анын жакындарына тургузулган эстеликтер жок кылынууда.

Өткөн айда Ашхабаддагы парктан мурдагы президент Сапармурат Ниязовдун атасы, “Түркмөнстандын улуттук баатыры” Атамурат Ниязовго тургузулган эстелик алынып салынган. Азыр аны Ниязов өзү туулуп-өскөн Кыпчак айылына алып барып коюшканы тууралуу такталбаган кабарлар айтылып жүрөт.

Бирок буга чейинки түркмөн диктатору Ниязовдун элесин “өлкө тарыхынан өчүрүү” аракети муну менен эле токтоп калган жок. Ушул тапта Ашхабаддагы эстеликтер комплексинин ичинде 10 тулпарды баштап бараткан Түркмөнбашы Ниязовдун эстелиги да буздурулуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн редакциясынын кабарчысы Мердан айтты:

Мердан: Ал комплекстен жылкыларды алып салышкан, бирок Ниязовдун эстелиги дале турат. Куруучулар биздин ал жердеги кабарчыбызга сүйлөп, жакын арада алар Ниязовду да алып салышарын айтышты.

“Азаттык”: Бийликтер азыр Ниязовдун өзүнүн жана анын туугандарынын эстеликтерин алууга эмне себеп болуп жатышканын айтыштыбы?
Сапармурат Ниязовдун бир туугандарына тургузулган эстелик, Ашгабад, 9-май, 2011.
Сапармурат Ниязовдун бир туугандарына тургузулган эстелик, Ашгабад, 9-май, 2011.
Мердан: Жергиликтүү бийликтер азыр мунун баарын Ашхабадды кайра куруу, реконструкциялоо планы менен түшүндүрүп жатышат. Бирок бул эстеликтер турган парк жана анын айланасындагы имарат-объекттер - салыштырмалуу жаңы жерлер. Ал эскирген парк эмес. Ошентсе да, расмий бийликтердин жообу ушундай болууда.

“Азаттык”: Болгону бир нече жыл мурун Түркмөнстанда Сапармурат Ниязовдун эстелик-бюсттары, портреттери коюлбаган бир да имарат, бир да көчө жоктой туюлчу. Азыр эми анын эң эле көп макталган, окуу жайларда сөзсүз окутулуп келген “Рухнама” китебин, керек болсо, мамлекеттик китепкана-дүкөндөрдөн да таппайсың дешет. Ал эмес, Түркмөнбашы Ниязовдун жакын туугандарына коюлган эстеликтер да алынып жатканы айтылууда. Жалпылап айтканда, азыр өлкөдө “анти-ниязовдук операция же өнөктүк” жүрүп жатат десе болобу?

Мердан: Сиз азыр Ниязовдун туугандарынын эстеликтери тууралуу айттыңыз. Алар коюлган паркта, маселен, Ниязовдун атасынын, андан жүз метрдей ары жакта бир туугандарына, андан ары энесине тургузулган эстеликтер бар эле. Эми шаар бийликтеринин “Ашхабадды реконструкциялайбыз” деген урааны астында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мына ушул эстеликтердин баары алынышы керек. Ал эмес, Ниязовдун энесинин аты берилген кинотеатр буздурулду. Мунун баарын бийликтер жакшы түшүндүрбөй, ой-келди бузуп жатканын эске алганда өзүнчө бир "анти-ниязовдук өнөктүк" тенденциясы бар экенин айтса болот.
Түркмөнбашы Ниязовдун энесине тургузулган эстелик, 17-январь, 2013
Түркмөнбашы Ниязовдун энесине тургузулган эстелик, 17-январь, 2013
“Азаттык”: Жергиликтүү тургундар, ашхабаддыктар бул өзгөрүүлөргө карата кандай ойдо? Эмне деп жатышат?

Мердан: Тургундар, биринчиден, эмне үчүн тургузулган нерсени бузуп жатканына таң калып жатышат. Бул парктарды, эстеликтер комплекстерин жасоого учурунда миллиондогон доллар акча бөлүнгөн жана алар салыштырмалуу жаңы. 2003-жылы курулган Олимпиадалык стадионду алалы. Бир нече миллион доллар коротулган стадионго да Сапармурат Ниязовдун ысмы берилген болчу. Аны дээрлик пайдубалына чейин буздуруп, азыр башка ат менен жаңы стадион куруп жатышат. Же баш калаадагы эл аралык аэропортту алсак, ал да Сапармурат Ниязовдун атын алып жүргөн. Аны да азыр буздуруп, ордуна жаңы ат менен башка аба майданын курушууда.

Азыр коомдо бул өзгөрүүлөр тууралуу эки башка ой калыптанып жатат. Айрымдар чындап эле “Ниязовдун бизге эмне кереги бар? Аны жок кылыш керек. Мындай жол менен болбосо да, анын диктатурасы, анын заманындагы жамандыктар жана бир адамга сыйынуу болгону жөнүндө ачык айтылып, айыпталышы керек” дешет. Бирок Ниязовду колдогондор, ал биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү экенин айтып, эмне үчүн анын эстеликтерин алыш керек деп таң калышууда. Эксперттер муну психологияда зордук көрсөткөн тарапка жан тарта баштаган курмандыктын реакциясы же айтылуу “Стокгольм синдрому” менен салыштырып жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG