Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Женнифер Лопес диктаторго ырдаган жалгыз ырчы эмес


Түркмөнстан -- Лопестин концерти, 29-июнь, 2013
Түркмөнстан -- Лопестин концерти, 29-июнь, 2013

Америкалык белгилүү поп-ырчы Женнифер Лопес Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүндө ырдаганы үчүн адам укугун коргоо уюмдарынын сынына калды.

Женнифер Лопес түркмөн лидерин 56 жашка чыгышы менен куттуктаган ырды кийин өзүнүн билдирүүсүндө “акыркы мүнөттө гана уюштуруучулардын суранычы боюнча аткарганын” айтат.

Лопести Түркмөнстанга Кытайдын улуттук мунай корпорациясы чакырган. Бул ишкана Түркмөнстан менен жаратылыш газы боюнча иштешет. Кийинчерээк маалымат каражаттарында Женнифер Лопес түркмөн лидери үчүн ырдаган концертте 1 млн. доллар иштегени жазылды.

Гурбангулы Бердымухаммедовдун туулган күнү улуттук чоң майрам сыңары кеңири театралдаштырылган оюн-зоок программасы, асманга атылган фейерверк менен коштолду. Иш-чараны уюштурууга жүздөгөн адам тартылганы көрүнүп турат. Лопес эле эмес, бул кечеде орус ырчысы Филипп Киркоров, түрк ырчысы Мустафа Сандал жана башкалар сахнада турушту.

Ошентсе да, Женнифер Лопес Батыштан Түркмөнстанга барган алгачкы жылдыз болуп калды окшойт. Ошон үчүнбү, айтор кеченин эртеси эле Батыштагы медиада аны тоталитардык режимге ырдаганы үчүн айыптаган макалалар көбөйдү. Буга жооп кылып, ырчынын командасы “Эгер Женнифер бул өлкөдөгү адам укуктары бузулуп жатканы жөнүндө мурдараак билгенде, ал концертке катышмак эмес” деп билдирүү таратты.

Бирок Адам укуктары боюнча Норвегиядагы Хельсинки комитетинин Борбор Азия программасынын кеңешчиси Лене Веттеланд: “Азыркыдай маалымат технологиялары өнүккөн заманда артист үчүн кайсыл өлкөгө баратканын алдын- ала иликтөө кыйын эмес”, - деп билдирди.

"Азыр Түрмөнстан боюнча иликтөөлөр, маалымат жетиштүү. Ал жактагы абалды билип туруп барган артисттер үчүн бул алардын имиджи үчүн сокку болот. Билбей туруп баргандар өздөрү каалабаган күндө да, өзүнүн катышуусу менен ошол режимди легитимдештирген кадамды жасаганга тете аракет кылганын түшүнүшү керек", - деди Веттеланд.

Дүйнөдө адам укуктарынын абалына көз салган Human Rights Watch уюму Түркмөнстанды “дүйнөдөгү эң репрессивдүү режимдердин бири” катары атап жүрөт.

Канткен менен Лопестин түркмөн авторитардык лидери үчүн ырдаганы бул өңдүү жападан жалгыз учур же окуя эмес. 2011-жылы Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду 35 жашка чыкканы менен куттукташ үчүн Голливуддун жылдызы, “Оскар” сыйлыгын уткан актриса Хиллари Суонк Грозныйга барган. Аны менен кошо Кадыровдун туулган күнүнө белгиялык актер Жан Клод-Ван Дамм да барганы белгилүү.

Алардан сырткары ырчылар Бейонсе, Мэрайя Керри Ливияда Муаммар Каддафи үчүн ырдап, кийин ал жакта кандуу окуялар болуп кеткенде Каддафиден алган акчасын айрымдары ошол бойдон кайрымдуулук корлоруна өткөрүп беришкен.

Жылдыздардын ичинде Стинг өзбек лидеринин кызы Гүлнара Каримованын мода көрсөткөн окуясына катышканда бирок “кайсыл өлкөгө баратканын, адам укуктары кысмакталып жатканын жакшы эле билгенин, бирок ошого карабай концертке катышканын” айтып, “маданий бойкот эч кандай жыйынтык бербейт” деп эсептей турганын билдирген.

Тасмада: Түркмөн президентинин туулган күнүндөгү салтанат

Түркмөнстан: Аркадагдын туулган күнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG