Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

Түркия чек арасын бекемдей баштады


Түрк куралдуу күчтөрүнүн унаалары Сирия менен чек арага жөнөп жатат, Хатай, Түркия, 28-июнь, 2012-жыл
Түрк куралдуу күчтөрүнүн унаалары Сирия менен чек арага жөнөп жатат, Хатай, Түркия, 28-июнь, 2012-жыл

Түркия Сирия менен чек арасына аскердик оор техника жайгаштырууда. Расмий Анкара муну алдын алуучу чара деп атады.

Түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган "расмий Анкара чек аранын бузулушуна жол бербейт, Сирия армиясынын бөлүктөрү чек арага көздөй жакындашса, аскердик бута катары кабыл алынат" деп эскертти. Анын айтымында, сириялык тик учактар 5 жолу Түркиянын аба мейкиндигине кирип кетишкен. Дагы бир маалыматка караганда, Түркия аймагында баш калкалаган сириялык качкындардын лагери артиллериядан аткыланган.

Бир нече күн мурун, 22-июнда Түрк аба күчтөрүнүн учагы Жер ортолук деңиздин үстүнөн учуп бараткан жеринен Сирия тарабынан атып түшүрүлгөн. 26-июнда бул окуяны талкуулоо үчүн чукул жыйынга чогулган НАТОнун кеңеши Анкараны колдоп, Дамасктын аракетин катуу сындаган. Түрк бийлиги зениттик-ракеталык куралды чек арага орнотууну алдын алуучу чара деп атады.

Ал тапта орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва БУУнун чабарманы Кофи Аннандын жаңы долбоорун колдоду деген кабарларды четке какты. Министр "президент Башар Асаддын тагдырын Сирия эли өзү чечүүгө тийиш" деп билдирди.

Москвада Тунис тышкы мекемесинин жетекчиси менен сүйлөшүүдөн кийин Лавров Орусия сырткы күчтөрдүн Сириядагы кырдаалга кийлигишүүсүн колдобойт деп кайталады.

26-июнда Аннан 16 айдан бери уланып келаткан кан төгүүнү токтотуу үчүн Асадды бийликти улуттук биримдик өкмөтүнө өткөрүп берүүгө чакырган долбоорду сунуш кылган. План боюнча жаңы өкмөткө азыркы режимдин жактоочулары жана оппозициянын өкүлдөрү бирикмекчи. Бирок тараптар куралдуу күрөштөн дароо баш тартуу шартына көнүшү керек.

Аннандын жаңы демилгеси 30-июнда Женевада Сирия боюнча эл аралык конференцияда талкууланмакчы.

"Женева жыйыны Аннандын тынчтык долбоорун колдоо максатында өткөрүлүүдө. Жыйын зордук-зомбулукту токтотуу үчүн жана сириялыктардын жалпы улуттук диалогун баштоого шарт түзүүнү көздөшү керек. Ички диалогдун мазмунун жыйын аныктабайт", - деди Сергей Лавров.

Талкуу көп, таасир жок

Женевага Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү, Араб лигасынын мүчөлөрү, Сириянын коңшулары - Түркия менен Ирак, ошондой эле Кувейт жана Катар чакырылган.

27-июнда Ирандын БУУдагы элчиси Иранды ал жыйынга чакырбоо менен Батыш иш жүзүндө Сирияны көз жаздымда калтырууда деп билдирди.

Мохаммад Хазаи Тегеран Сириядагы кризисти жөнгө салууда арачы болууга даяр деп кошумчалады:

- Иран Ислам жумуриятынын региондогу таасирин жана конструктивдүү ролун эч ким тана албайт. Кээ бир өлкөлөр таасиринен жана конструктивдүү ролунан пайдалана алгылары келбесе, бул – алардын проблемасы. Бул – чөлкөмдөгү реалдуулукту көз жаздымда калтыруунун дагы бир белгиси. Менимче, Сириядагы кризисти чечүү үчүн бардыгыбыз, өзгөчө региондогу негизги оюнчулар маселеге адилет мамиле жасап, кызматташууга тийиш.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Женева жыйыны Сириядагы кризисти жөнгө салууда бурулуш учур болуп калат деп үмүттөнөрүн, Аннандын планы Асадга кысымды күчөтөрүн белгиледи.

Ал эми укук коргоочулардын маалыматына ылайык, 27-июнда Сириянын жер-жерлеринде 150дөй киши окко учту. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши эки тарапты тең - өкмөттүк күчтөр менен козголоңчуларды адам укуктарын бузуп жатышкандыгы үчүн айыптады.

XS
SM
MD
LG