Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

АКШ менен Түркия Сирияда коопсуз аймак түзөт


Түркиянын Адана шаарындагы Инжирлик аскерий базасы. Бул базаны "Ислам мамлекетине" сокку уруу үчүн жакында АКШга колдонууга берүү чечими кабыл алынды. 27-июль. 2015-жыл
Түркиянын Адана шаарындагы Инжирлик аскерий базасы. Бул базаны "Ислам мамлекетине" сокку уруу үчүн жакында АКШга колдонууга берүү чечими кабыл алынды. 27-июль. 2015-жыл

АКШ менен Түркия Сириянын Түркия менен чек арасында коопсуз аймак түзүүнү караштырууда. Бул алды менен “Ислам мамлекетинин” согушкерлеринин жолун жабуу жана качкындардын мекенине кайтуусуна шарт түзүү үчүн жасалмакчы.

Анкара Сириядагы жана Ирактагы "Ислам мамлекети" террордук тобунун жана Күрдистан жумушчу партиясынын позицияларына өткөн жума күндөн бери абадан сокку урууда.

Анкара менен Вашингтон "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун согушкерлерин Түркия-Сирия чек арасынан ичкери сүрүп салып, анда коопсуздук аймагын түзүүнү караштырып жатат. АКШ Ак үйүнүн 27-июлда билдиришинче, Вашингтон менен Анкара “Ислам мамлекетин” 100 чакырымга чейин ичкери сүрүп салууну сүйлөшүүдө. Түркия-Сирия чек арасындагы райондорду бошотуудагы башкы максат - чек аралаш аймактарды тазалап, “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери үчүн чек араны жана жолдорду жабуу болмокчу.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн Кытайга сапары менен жөнөп жатып журналисттерге маалымдашынча, Түркия менен АКШ талкуулап жаткан Сириянын түндүгүндө коопсуз аймак түзүү ушу тапта Түркияда баш калкалап жаткан 1 млн. 7 миң сириялык качкындын кайра мекенине кайтуусуна да мүмкүнчүлүк бермек.

Түркия өткөн жумада Инжирлик аскер базасын "Ислам мамлекети" тобуна сокку уруу үчүн АКШга колдонууга берүү чечимин да кабыл алган.

Ал арада Брюсселде Түркиянын демилгеси менен НАТОго мүчө мамлекеттердин чукул жыйыны өтүүдө. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жыйынды ачып жатып буларды айтты:

НАТОнун жыйыны. 28-июль. 2015-жыл
НАТОнун жыйыны. 28-июль. 2015-жыл

- НАТОнун чек арасында жана Түркиянын босогосунда болуп жаткан окуяларды талкуулоо үчүн биз туура жана өз маалында жолугуп жатабыз. НАТО Түркиянын чек арасындагы окуялардын өнүгүшүнө жакындан көз салууда жана биз союздашыбыз Түркия менен бекем тилектеш экенибизди билдирем.

Анкара Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун жана Ирактагы Күрдистан жумушчу партиясынын турумдарына өткөн жума күндөн бери абадан сокку урууда. Түркиянын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы аракеттери толугу менен колдоого алынганы менен, Ирактын түндүгүндөгү Күрдистан жумушчу партиясынын турумдарын бомбалоосу карама-каршылыктарды пайда кылды.

Ошондой эле акыркы окуялар Анкара менен Күрдистан жумушчу партиясынын ортосундагы эки жылдык тынчтык келишимине коркунуч жаратууда. Ирактагы күрттөр Анкараны “Ислам мамлекетине” чабуулду күчөтүүнү шылтоо кылып, күрттөргө да чабуул жасоодо деп айыптап жатат. Түркиядагы нааразылык акциясынын катышуучусу Би-Би-Сиге буларды айтты:

- Өкмөт түрктөр менен күрттөрдүн ортосундагы жаңы согушту баштоодо. Бирок бизге согуштун кереги жок. Бул өлкө ал чатактан жетишерлик жабыр тартты. Биз буга жол бербейбиз.

Ал эми түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган болсо, “Биздин улуттук биримдигибизге жана боордоштугубузга коркунуч жаратып жаткандар менен тынчтык келишимин түзүү мүмкүн эмес” деди бүгүн Кытайга жөнөп жатып.

Ал арада Түркияда “Ислам мамлекети” жана Ирактын түндүгүндөгү Күрдистан жумушчу партиясы менен байланышы бар делген адамдарды камакка алуулар уланууда. Премьер-министр Ахмед Давутоглу улуттук теледе буларды айтты:

Ахмет Даутоглу
Ахмет Даутоглу

- Азырынча 1050 адам (“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жана Күрдистан жумушчу партиясынын мүчөлөрү) кармалды. Алардын ичинен 50-60тайы чет элдик жарандар. Алар Түркияга сырттан келишкен. Эми Түркия жабык коом эмес. Кимде ким Түркия чет элдик согушкерлердин келүүсүнө каршы чара көрбөй жатат десе, алар адашат. Түркия жылына 40 миллион туристти кабыл алат. Биз ачык жана демократиялык коомбуз, биз жабык өлкө эмеспиз.

Түркия “Ислам мамлекетинин” Сириядагы турумдарын бомбалоо чечимине 20-июлда чек арага жакын Суруч шаарында 32 адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин келген. Анкара бул жардырууну “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу уюштурган деп эсептейт. Ошол эле кезде күрт согушкерлери ал жардырууну “Ислам мамлекети” уюмунун Түркия тымызын колдогон адамдары жасаган деп түрк аскерлерине кол салган. Андан эки аскер өлгөн. Буга жооп кылып Анкара "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери менен катар Ирактын түндүгүндөгү күрт жикчилдерине да абадан чабуул коюу чечимине келген. Ал эми Суручтагы жардыруу күрттөрдүн маданий борборунда болгон эле.

XS
SM
MD
LG