Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Түркия-ЕБ мигранттар боюнча тил табышты


Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглы жана Евробиримдиктин президенти Дональд Туск. Брюссель, 29-ноябрь, 2015-жыл.
Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглы жана Евробиримдиктин президенти Дональд Туск. Брюссель, 29-ноябрь, 2015-жыл.

Түркия мигранттардын Европага карай агымын токтотуунун үстүндө иштейт. Бул үчүн Евробиримдик акчалай жардам, виза боюнча жеңилдиктерди убада кылып, мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөр кайра жандана турган болууда.

Түркия менен Евробиримдик жекшемби күнкү саммитте жетишкен макулдашуулардын негизгиcи - Брюсселдин Анкарага үч миллиард евролук жардамы. Бул акча Түркияда азыр турган 2,2 миллион сириялык качкындын жашоо шартын жакшыртуу, алардын грек аралдары аркылуу Евробиримдик өлкөлөрүнө умтулгандын ордуна Түркияда калуусун камсыздоо үчүн жумшалыш керек.

Бул маселени эки тарап бир нече айдан бери макулдаша албай жаткан. Брюссель жогорудагы акчаны эки жылда төлөп берүүнү сунуш кылса, Анкара бир жылда алууну көздөгөн.

Эми француз президенти Франсуа Олланд билдиргендей, бул каражат Түркия тарабынан шарттар аткарылуусуна жараша баскыч-баскыч менен берилет.

Шарттар демекчи, Түркиядан алдыда деңиз жээктеринде, чек араларда көзөмөл күчөтүү талап кылынат.

Мигранттардын жолун торогон зым торлор
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Анкара менен Брюсселдин биргелешкен билдирүүсүндө “жыйынтыктар өзгөчө мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотуудан көрүнүшү керек”,- деп айтылды.

Түрк премьери Ахмед Давутоглы саммиттен кийинки басма сөз жыйында убада кылгандай, Түркия өз тарабынан аракеттенүү планында каралган чаралардын баарын аткарат:

- Сирия маселеси боюнча эч ким кепилдик бере албайт. Ооба, мен да мигранттар саны азаят деп айткым келет. Бирок Сирияда эмне болорун билбегендиктен биз муну ырастай албайбыз. Сирия режими жана анын өнөктөштөрү тарабынан жарандарга каршы бомба чабуулдары, “Ислам мамлекети” террордук тобунун кол салуулары уланып жаткан шартта Сириядагы бул трагедиянын курмандыктарынын келечеги боюнча эч ким, эч кандай кепилдик бере албайт. Бирок мен Түркия Евробиримдик менен Түркиянын аракеттенүү планында каралгандардын баарын аткарарына кепилдик бере алам жана буга ишендире алам.

Евробиримдиктин президенти Дональд Тусктун айтымында, быйылкы жыл ичи биримдиктин аймагына кирген мыйзамсыз мигранттар саны бир жарым миллион деп болжолдонууда. Алардын көбү Грециянын аралдарына, андан кийин Балкан чөлкөмүндөгү өлкөлөр аркылуу Европага жетүүгө аракеттенгене чейин Түркияга келгендер:

- Мен так айтып коёюн, биз чек арабызды кимдир бирөөлөр кайтарып берет деп күтпөйбүз. Муну европалыктар өздөрү гана жасай алат. Бирок биз мигранттардын Евробиримдикке Түркия аркылуу агымын токтотууга келгенде оюндун эрежесин өзгөртүү үчүн олуттуу кадам жасалат деп күтөбүз. Биздин макулдашуубузда орток чек арабызда тартипте өз убагында калыбына келтирүүнүн так планы каралган.

Сүйлөшүүлөр жанданат

Брюссель эгер Анкара азиялык мыйзамсыз мигранттар үчүн чек араларын кулпулап, алардын Европага агымын токтотсо бир жыл ичинде Түркиянын өз жарандары үчүн виза тартибин жеңилдетүүнү да убада кылууда.

Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкердин айтымында, бардык талаптар орундалса, бул 2016-жылдын күзүнөн тарта күчкө кирип калышы мүмкүн. Ошондой эле Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча буга чейин токтоп калган сүйлөшүүлөр кайра жанданганы турат.

Түрк премьери Ахмед Давутоглы муну “жаңы башталыш” катары сыпаттады:

- Мен биздин саясат жанданып жатканына, биздин Евробиримдикке кошулуу жараяныбыз жанданып жатканына, экономикалык диалог, энергетикалык диалог, саясий диалог жогорку деңгээлге чыгарына, азыркы форматтагы жыйын бир жылда эки ирет өтөрүнө кубанычтамын. Бул Европа-Түркия алакаларындагы жаңы башталыш. Анкарадан биз европалык өлкөбүз деп ачык-айкын айталабыз. Биздин континеттин келечеги баарыбызга таандык. Түркия качкындар кризисине эле эмес, биздин континенттин келечегине байланышкан бардык кризистерге, маселелерге жооп берүүгө даяр.

Түркияны соңку он үч жылдан бери башкарып жаткан АК партия бийликке келген алгачкы жылдары өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча аракеттерди күчөткөн. Бирок айрым шарттар аткарылбагандыктан жана Европанын өз ичиндеги каршылыктардан улам бул жараян токтоп калган эле.

Еврокомиссия жакындагы эле баяндамасында эле түрк өкмөтүн соттордун ишине кийлигишкени, медиага кысым көргөзгөнү үчүн сындаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG