Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Татарстан: муфтий оор абалда, орун басары набыт болду


Полиция муфтий Илдус Фаиздин жардырылган автоунаасын текшерүүдө. Казан, 19-июль, 2012-жыл
Полиция муфтий Илдус Фаиздин жардырылган автоунаасын текшерүүдө. Казан, 19-июль, 2012-жыл

Бейшембиде Татарстандын баш калаасы Казан шаарында муфтий Илдус Фаизди өз автоунаасында жардырып кетишти. Анын орун басары Валиулла Якупов да ушул эле күнү үйүнөн чыгып бараткан жеринде белгисиз бирөөлөрдүн огунан каза тапты.

Татарстандын диний жол башчыларына кол салуу дээрлик бир убакта, шаардын эки башка районунда катталды. Муфтийдин орун басары Якуповдун денеси өз машинасынан табылганы менен аны үйүнөн чыгып келатканда атып кетишкени аныкталды. Кылмышкерлер муфтий Илдус Фаиздин машинасына айдоочунун отургучунун алдына жардыргыч зат коюшкан, жарылуу болгондо ал унаадан секирип кетип аман калды. Бут сөөгү талкаланган Фаиз учурда оор абалда ооруканада жатат. Муфтий дарыланып жаткан ооруканага Татарстандын президенти Рустам Минниханов барып кабар алды.

"Мен орун басарым Якуповго кол салуу болоорун сезгенмин, жол чыракка келип токтогонумда, ага телефон чалайын деп чечтим. Анан эле машинамдын алды жагынан анча күчтүү эмес жардыруу болду, дароо секирип түштүм. Отурчучтун курун тагынбай отурганым эле жакшы болгон экен” - деди жабыркаган муфтий өлкө президентине окуянын кандайча болгонун айтып жатып.

Президент Минниханов жарадар муфтийдин ал-ахвалын көрүүдө
Президент Минниханов жарадар муфтийдин ал-ахвалын көрүүдө

Диний ишмерлерге туташ кол салуунун негизги себеби алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деген пикирлер басымдуу болууда. Себеби муфтий, жантаслим болгон анын орун басары дагы террорчулукка каршы күрөшкөн ишмерлер катары өлкөгө кеңири таанымал болчу.



Ачык чакырыкпы?
Татар президенти Рустам Минниханов да журналисттерге берген интервьюсунда кол салууну диний лидерлердин кесиптик ишмердигине байланыштырды. Өлкө лидери окуяны «ачык чакырык» деп атады. «Муфтияттын жетекчилиги салттуу исламдын ишин жүргүзүп келишкен. Бизде башка да диний агымдар бар, бул окуяны мен ачык чакырык деп айтам. Эми мунун баарын укук коргоо органдары иликтешет. Бирок биздин позиция бекем болушу керек»,- деди президент.

Валиулла Якупов
Валиулла Якупов

48 жаштагы Якупов бир нече ирет ок жегенине карабай өзүнүн машинасына жетип, анан үзүлгөнүн РИА Новости маалымат агенттиги жазды. Ал эми азыр ооруканада жаткан муфтийдин эки буту тең сынганын дарыгерлер маалымдады.

Көп жылдардан бери Татарстандын муфтиятында эмгектенген Илдус Фаиздин бул кызматты аркалаганына бир жылдан бир аз өткөн. Муфтияттын дагы бир кызматкери Альбир Крганов окуядан кийин билдирүү жасап, динге ишенген жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого, ар кандай ушак-айыңга ишенбөөгө чакырды: «Адам атын алып жүргөндөр биздин тынчтыкты, стабилдүүлүктү бузгусу келип жатат. Баарыбыз Валиулла Якуповдун жакындарына көңүл айтабыз, бул учурда баарыбыз сабырдуу бололу».

Учурда Татарстандагы диний жайлар, муфтияттын кызматкерлери катуу кайтарууга алынды. Орусиянын Тергөө комитетинин Казандагы бөлүмү каргашалуу окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул оор кылмышты иликтөөнү Татарстандын ички иштер министри Артем Хохорин жеке көзөмөлүнө алды.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG