Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Тажикстан: тасма аркылуу урулган сокку


Интернетте пайда болгон секс-видео тажикстандык саясий активист Галати Баротованы түйшүккө салды.

Оппозициялык "Тажикстан ислам кайра жаралуу" партиясынын мүчөсү Галати айым видеону жасап, тараткандарды адамдык касиети жок деп айыптады. Ал тасмада башка аял түшүрүлгөнүн жана бул окуя боюнча соттошууга дарманы жоктугун ачыктады.

Интернетте октябрь айынын башында пайда болгон видеодо оппозициялык "Тажикстан ислам кайра жаралуу" партиясы тууралуу айтылып, партия мүчөсү Галати Баротованын аялдар менен болгон бир нече жолугушууларынан үзүндүлөр камтылган. Ошондой эле тасмага орто жаштагы аял менен эркектин төшөк оюндары да түшүрүлгөн. Кадр артында коштолгон үн исламды үгүттөгөн Галати Баротованын кылыктары тууралуу баяндайт.

“Азаттыктын” тажик кызматы Галати Баротова менен байланышканда, ал өзү тасманы жакында эле көргөнүн, эми туугандары жана үй-бүлөсү менен мамилеси бузулабы деп коркуп турганын билдирген. Галати айым бул тасма аны бир четинен ачуулантса, экинчи жагынан кыйла чөктүрдү дейт:

- "Ислам кайра жаралуу" партиясына мүчө аялдар менин денемди карап көрүштү. Алар денемдин алты жеринде операциядан калган белгилерди көргөнүн айтышты. Менин денем чындыгында кемпирдин денесиндей эле болуп калган. Тасмада болсо кыйла жаш жана сулуу аял түшүрүлүптүр. Деги эле ушул тасмадагы аял ким болсо да бул аябай өкүнүчтүү. Бул ишти адамдык касиети жок айбандар жасаган. Видеонун бир эле максаты - мага жалган жалаа жабуу.

Ошондой болсо да Баротова ага жасалган чабуулга каршы чыгууга чама-чаркы жетпей турганын белгилейт:

- Менде соттошууга каражатым да, дарманым да жетпейт. Мен мага кыянаттык кылгысы келген адамдарды кудайга салдым. Болгону мен балдарыма жүк болбой, өзүмдүн арабамды өзүм тартайын деген тилектерим болгон. Мен өмүр бою колхоздо иштегем. Эми гана депутат болууга бел байлагам. Ушул кантип болсун? Акылым жетпей турат.

Саясий активист Галати Баротова 51 жашта. Ал Хатлон облусуна караштуу Восе районунда жашайт. 4 баласы, 12 небереси бар. Бир нече жыл мурда күйөөсү кайтыш болгон соң депутат болууга бел байлаган. Баротованын айтымында, ал "Ислам кайра жаралуу" партиясына аялдар менен жакшы тил табышканы үчүн кабыл алынган. Ал Куранды мыкты билип, кыз-келиндерге таалим берип да жүргөн.

Баротова бул иштердин артында кимдер турганы да дайын экенин белгилеп, ошон үчүн бийликке кайрылуунун кажети жоктугун айткан.

"Тажикстан ислам кайра жаралуу" партиясы тасма боюнча билдирүү жарыялап, муну шайлоо алдында партияга каршы каралоонун уландысы катары сыпатташты. Буга чейин мамлекеттик телеканалдар "Ислам кайра жаралуу" партиясынын айрым мүчөлөрүнүн ыймансыздыгы камтылган макалаларды жарыялаган.

Видео социалдык тармакта коомдук нааразылыкты жаратты. Көпчүлүк мындай көө сүйкөө ыкмасын күч органдары катуу көзөмөлгө алуу керектигин айтууда. Тасма боюнча бийлик жана күч органдары үн ката элек.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG