Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Тажикстан: Орусиянын куралы кечикти


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

Орусия эки жыл мурда Тажикстанга 70 млрд. рублге барабар курал-жарак, аскер техникасын берүүнү убада кылган. Арийне, Дүйшөмбүдөгүлөр анын бир тыйыны да келбегенин айтышууда.

Атын атагысы келбеген Тажикстандын Коргоо министрлигинин өкүлү "Азаттыктын" тажик кызматына сүйлөп жатып убада өтөсүнө чыкпаганын моюнга алды:

- Орусия өз полигонунда тажик аскерлерин окутуу менен эле чектелүүдө. Бул чыгымды талап кылбайт да.

Ал ошондой эле жардамдан үмүт деле үзүлүп калганын кошумчалаган. Эки жыл мурдагы убада боюнча орус армиясындагы куралдардын ичинен: байланыш каражаттары, ок-дары, атма куралдардан тарта авиация, артиллерия жана зениттик-ракеталык түзүлүштөр бөлүнмөк. Жалпы суммасы 70 млрд рублге барабар аскердик жардам этап менен бир нече жылда келип турмак.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 27-апрелде Москвадагы коопсуздук боюнча жолугушууда Тажикстандагы орус аскер базасы терроризмге каршы таяныч экенине токтолду. “База аймактык стабилдүүлүктүн кепили деген ынанымдабыз. Тилектештерибиз менен бирге алардын аскердик даярдыгын чыңдайбыз. Бул акыр түбү Дүйшөмбүнүн коопсуздугун бекемдейт”, - деди Шойгу.

Бирок тажикстандык эксперттер Москванын мындай туруму айына эки-үч жолу кайталанганы менен иш жүзүндө жардам жоктугун белгилешет.

Саясат талдоочу Саймиддин Дустов убада берилген кезде 70 млрд. рубль – 1 млрд 230 млн долларга барабар болгонун, бирок алигиче тажик армиясына бир тыйыны да түшпөгөнүн айтты:

- Москва 20 аскер самолетун убада кылган. Бирок кийин эскилерин сунуштаганда Дүйшөмбү андан баш тартты. Анткени аларды кайра оңдоп-түзөөгө кыйла чыгым кетtрин түшүндү.

Ооган-тажик чегинде "Талибан" кыймылы менен өкмөт аскерлери, маңзат ташуучулар кез-кезде кагылышып турат. Ошого шылтап, “экстремисттик топторго каршы турууда биргебиз, аймактык бүтүндүккө кепилбиз” деген сөздөрдү Дустов милдет кылуу, коркутуу деп сыпаттайт:

- Тажикстанга Ооганстан тараптан реалдуу коркунуч жок. Бул тажик бийлигин коркутуу үчүн эле орус генералдык штабынын чыгарган жомогу.

Мурдараак Орусиянын Борбордук аскер округунун аскер командачысынын жардамчысы Ярослав Рощупкин “Коммерсант” гезитине маек берген эле. Анда ал 201-орусиялык база тажик-ооган чегин коргоого тиешеси жоктугун, ал “Окно” аттуу оптико-электрондук комплексин жана өлкөдөгү орус мектептерин коргош үчүн жайгашканын белгилеген.

Басылма “Дүйшөмбү жоочулар жана маңзат соодагерлерине каршы кытайлык "Жиптер", америкалык куралдар менен күрөшүүдө” деп жазды.

Орусиялык 201-аскердик база өлкөнүн чет элдеги ири аскерий субъектилеринин бири. Келишимге ылайык анын Тажикстанда жайгашуу мөөнөтү 2042-жылга чейин узартылган.

Орусиянын Кыргызстанда да аскердик базасы жайгашкан. Кыргызстанга да 1 млрд. долларлык аскер техникаларын берүүнү убада кылган. Аскердик аналитик Токтогул Какчекеев жардам өткөн жылдан бери бир нече бөлүк менен келип жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG