Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Рахмондун уулунун саясий дүбүртү


Рустам Эмомали
Рустам Эмомали

Тажик президенти Эмомали Рахмон улуу баласын антикоррупциялык мекеменин башчылыгына дайындады. 27 жаштагы Рустам Эмомали 2013-жылдын аягынан бери Бажы кызматын жетектеп келген.

Бул дайындоону тажик коомунун бир бөлүгү президент өзүнө мураскер даярдап жатат деп кабыл алса, бийликтин тарапкерлери Рахмон ишенген адамын дайындоо аркылуу коррупция менен күрөштү күчөтүүгө аракет кылууда деп сыпатташууда.

Рустам Эмомали Бажы кызматын 2013-жылдын аягынан тарта жетектеп, генерал-майор деген жогорку чинди алууга да жетишкен.

Жаштыгына карабай президенттин тун уулу өлкөдөгү таасирдүү адамдар катарына кошулганына бир нече жыл болду. Анын саясий карьерасы 2009-жылдын апрелинде Тажикстандын Жаштар союзунун төрага орун басары болуп дайындалышы менен башталган. Андан соң атасы түзгөн Тажикстандын Элдик-демократиялык партиясынын аткаруу комитетине мүчөлүккө кирип, өлкө башчынын сүймөнчүк уулу кызматтан кызматка көтөрүлүп келатат.

Ал ушул убакыт аралыгында Тажикстандагы мамлекеттик мүлк жана инвестициялар комитетинде, Бажы кызматында бир нече жогорку кызматты ээлеп, өлкөнүн башкы бажычысы да болду. Муну менен катар өлкөнүн Футбол федерациясынын президенттигин да аркалап, өзү да курамында ойногон “Истиклол” командасын Тажикстандын бир нече жолку чемпиону кылууга жетишти. Ошондой эле борбор калаа -Дүйшөмбү шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды.

Рустам Эмомали УЕФА президенти Мишел Платини менен 10-октябрь, 2012-жыл
Рустам Эмомали УЕФА президенти Мишел Платини менен 10-октябрь, 2012-жыл

Рустамдын дал ушундай “баш айланткан” карьерасына буга чейин тажик коомчулугу көз жуумп келсе, бул жолку Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы агенттигинин башчылыгына дайындалышы кызуу талкуулар менен коштолду. Анткени Тажикстанда коррупция олуттуу проблема бойдон кала берүүдө.

Эл аралык Transparency International уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча 2014-жылы жарыялаган баяндамасында Тажикстан 152 - орунду ээлеген. 175 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо Тажикстан коррупция кеңири жайылды делген Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунду алган. Ушундан улам президенттин өз уулун жооптуу кызматка дайындашын эксперттер эки түрдүү жорушууда.

Рахмонду өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу орнотту деп сындагандар мындай жол менен Эмомали өзүнө мураскор даярдап жатат деген божомолду айтышууда. Дүйшөмбүлүк саясат таануучу Саидмуддин Дустов бул дайындоону “пландалган жүрүш” катары баалайт.

Саясат таануучу Дустов
Саясат таануучу Дустов

- Менин оюмча, Рахмон өз уулун 2027-жылкы президенттикке даярдоодо. Анткени, президент өз уулун башкалар жөндөй албаган тармактарга жетекчи кылып, өтө жөндөмдүү адам катары көрсөткүсү келип жатат. Анан кайсы бир мезгил өткөн соң президенттикке ат салышууга жол ачылат. Бирок эмнеге 2027-жылы? Анткени Рахмон Борбор Азиядагы башка авторитардык өлкөлөрдүн башчыларына караганда жаш жана мамлекетти дагы он жылдай жетектөөгө энергиясы жетет.

Ал эми бийликтин тарапкерлери болсо Рахмондун бул кадамын коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү аракети катары түшүндүрүшүүдө. Тажикстандын президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчи орун басары Сайфулло Сафаровдун пикиринде, бул дайындоо коррупция менен күрөштү күчөтүүгө өбөлгө болушу мүмкүн:

- Коррупция боюнча маалыматты жакын кишиден, өз уулуңдан алуу башкалардан алууга караганда алда канча жакшы. Анткени башкалар өз кызыкчылыгын ойлоп, тууганы, дос-тамырынын жасаган ыплас иштерине көз жуумп коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул дайындоону оң бааласа болот.

Эмомали Рахмон Кытай лидерине үй-бүлөсүн тааныштырууда. 13-сентябрь, 2014-жыл
Эмомали Рахмон Кытай лидерине үй-бүлөсүн тааныштырууда. 13-сентябрь, 2014-жыл

Рустам Эмомали тажик президентинин мамлекеттик кызматта иштеген жалгыз баласы эмес. Улуу кызы Озода тышкы иштер министринин биринчи орун басары, анын күйөөсү Жамалиддин Нурали болсо финансы министринин орун басарлыгын аркалайт. Рахмондун дагы бир күйөө баласы Ашраф Гулов Тажикстандын Москвадагы башкы консулу. Мындан башка өлкө башчынын бир туугандары, алардын балдары жана кудалары өлкөдөгү жогорку кызматтарды ээлеп келишет.

Балдарын жогорку кызматтарга дайындоо Борбор Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүнө мүнөздүү көрүнүш. Маселен, Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига парламенттин вице-спикери, анын уулу 30 жаштагы Нурали Астананын акиминин орун басары. Жакында Австрияда өз жанын кыйганы айтылган Дариганын мурдагы күйөөсү Рахат Алиев оппозицияга өтө электе бир катар жогорку кызматтарды аркалаган. Дагы бир күйөө баласы Тимур Кулибаев "Самрук-Казына" фондун жетектеген өлкөдөгү күркүлдөрдүн бири.

Ал эми Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара кезегинде өз өлкөсүнүн БУУдагы өкүлү болуп, ири бизнеске ээлик кылган. Бирок бир учурда атасынын саясий мураскору болот деп болжолдонгон Гүлнара былтыртан тарта бийлик, бизнес жана маданий чөйрөдөн четтеп, үй камагына алынганы кабарланып келет.

Кыргызстанда мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин өз балдарын бийликке алып келүү аракети 2005 жана 2010-жылдагы ыңкылаптардын негизги себептеринин бири болгон.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG