Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Мургабда китеп аз, компьютер жок


Мургабдын Аличор айылында китеп жетпегендиктен, балдар бири - бириникине барып, сабак даярдашат.
Мургабдын Аличор айылында китеп жетпегендиктен, балдар бири - бириникине барып, сабак даярдашат.

Кыргыз өкмөтү Мургаб менен Жерге-Талга 13500 даана окуу китептерин бөлүп жатат. Мургаб районундагы айыл мектебинин мугалими кыргыз тилинде китептер өтө тартыш экендигин бышыктады.

Тажикстандын аймагындагы 60 чакты кыргыз тилдүү мектептер болсо, көбүндө окуу китептери өтө тартыш. Мына эми кыргыз өкмөтү Мургаб менен Жерге-Талга 13500 даана окуу китептерин бөлүп жатат. Мургаб районунун Аличор айыл мектебинин баштапкы класстар боюнча мугалими Замир Назармамбетов бүгүн анын мектебинде кыргыз тилиндеги китептер өтө тартыш экендигин бышыктады.

Аличор айлы, Мургаб
Аличор айлы, Мургаб

Замир Назармамбетов: Биздин мектепте эки жүз кырк окуучу, кырк мугалим бар. Биз окуу китептерин негизинен Кыргызстандан алабыз. Тажикстан мамлекети өз каражатына Кыргызстандан китеп сатып алып бере албайт, ошондуктан биз эски китептерди пайдаланабыз. Менин классымда ондой окуучу бар. Китеп баарына толук жетпейт, эки-үчтөн отурушуп, чогуу пайдаланышат. Кечинде да бири-биринин үйлөрүнө барып, тапшырманы бир китептен аткарып, сабак окушат.

Жаңыл Жусупжан: Азыр келе турган китептер 13 миң даана деп жатышат. Бекер келет экен. Ал китептер качан жетээри азырынча белгисиз. Акыркы жолу силерге Кыргызстандан качан жана кайсы китептер келген эле?

Замир Назармамбетов: Акыркы жолу 2009-жылы келиптир. Биздин каалоо-тилегибиз Кыргызстан этникалык кыргыздарга жардам берсе. Айрыкча, мектептерди окуу-куралдары, китептер менен камсыз кылса жакшы болмок.

Аличор айлынын балдары
Аличор айлынын балдары

Жаңыл Жусупжан: Силердин айылыңардагы мектепте мугалимдер жетиштүүбү? Бардык сабактардан өзүнүн кесиби боюнча окуган мугалимдер беришеби же кээде адистиги жок болуп туруп деле сабак өтүп калышабы?

Замир Назармамбетов: Мурун мугалимдер адистиги жок болсо деле сабак беришчү. Азыр бардыгы өз адистиги менен сабак беришет. Былтыртан бери бардык сабактан берген мугалимдер толукталды деп айта алам.

Жаңыл Жусупжан: Кыргыз, тажик тилдеринен канча сааттан сабак өтүлөт?

Замир Назармамбетов: 2-класстан баштап 11-класска чейин жумасына эки сааттан тажик тилинде сабак берилет. Ал эми кыргыз тилинде бизде азыр мугалим көбөйдү - бир жумада ар бир класска бардыгы беш саат: үч саат кыргыз тил, эки саат адабият сабагы окутулат.

Жаңыл Жусупжан: Жерге-Тал менен интернеттен байланыш жокко эсе окшойт, бирок Мургаб менен байланыш жакшырып калды. Интернетте окуу куралдар болсо ошондон колдоно аласыңарбы же интернет силерде жай иштейби?

Замир Назармамбетов: Бизде азыр андай мүмкүнчүлүк жок. Биздин айылда мектепте компьютер жок, интернетке бир гана уюлдук телефондон кирип, пайдаланабыз.

Мургабда кышкысын суук, жайкысын ысык, тоо чөлүнүн климаты. Өсүмдүк дээрлик өспөйт, тамак-аш, оокат дээрлик бүт четтен, негизинен Ош жактан келет.
Мургабда кышкысын суук, жайкысын ысык, тоо чөлүнүн климаты. Өсүмдүк дээрлик өспөйт, тамак-аш, оокат дээрлик бүт четтен, негизинен Ош жактан келет.

Жаңыл Жусупжан: Эгерде силерге компьютер жагынан жардам болгондо, окуу китептерине талап азаймак. Ошондо кыргыз тили менен башка сабактарды окутууга мүмкүнчүлүк кеңейет беле? Силерде ошого күчү жете турган интернет байланышы барбы?

Замир Назармамбетов: Андай мүмкүнчүлүктөр жок. Биринчиден, компьютерлерди иштетүү үчүн керек болгон электр жарыгы такай болбойт. Эгер ушул маселе чечилсе, анан компьютер менен камсыз болсок, анда интернет аркылуу окутса болот эле.

Жаңыл Жусупжан: Жерге-Тал, Мургабга жалаң эле мугалимдер эмес башка кесиптеги адистер да керек деп жатышат. Кандай кесиптеги адамдар керек болушу мүмкүн?

Замир Назармамбетов: Азыр бизде мугалимдер көбөйүп кетти. Мындан үч-төрт жыл илгери жалаң мугалимдерге гана квота берилчү. Азыр мугалим көбөйүп кеткенинен биздин өкмөт квотаны башка кесиптерге да суранып жатыптыр. Биздин районго кайсы кесиптер керек экенин мен так билбейм, бирок көп эле кесиптер керек.

Мугалим Аличор мектебинин алдында турат.
Мугалим Аличор мектебинин алдында турат.

Кошумча маалымат:

Кыргыз окуу китептерин Тажикстандагы кыргыз мектептерине акысыз берүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу чыкканын “Азаттыкка” министрликтин Мектептер башкармалыгынын башкы адиси Кенжекан Усупова билдирди. Тышкы иштер министрлиги китептердин 2000 нускасын дипломатиялык почта менен, калганын унаалар менен жеткиргени жатат.

Кыргызстан Тажикстандагы кыргыз мектептерине жогорку класстар үчүн Кыргыз тили, Кыргызстан тарыхы, Кыргыз адабияты жана География китептерин жөнөтөт. СССР кыйраганга чейин Тажикстандагы бул райондордун мектептерин Кыргызстан китеп менен камсыздап, жылына ондогон жаш адистерди 2-3 жылдык стажировкага жиберип турган.

Замир Назармамбетов 32 жашта, Жалал-Абад мамлекеттик университетин 2006-жылы, башталгыч класстын мугалими деген адистикте бүтүргөн. 2007-жылдан бери Мургаб районунун алыскы Аличор айылында баштапкы класстарда сабак берет.

XS
SM
MD
LG