Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

"Группа 24кө" тажик бийлиги "чара көрдү"


Тажикстан. Душанбеге кирчү жолду кайтарган тажик милициясы. 9-октябрь, 2014-жыл.
Тажикстан. Душанбеге кирчү жолду кайтарган тажик милициясы. 9-октябрь, 2014-жыл.

Опозициячыл “Группа 24” тобу 10-октябрда жума намаздан кийин Душанбеде болот деп жарыя кылган жыйын өткөн жок.

Борбор шаардын ортосундагы “Достук” аянтында болчу антиөкмөттүк митингдин катышуучулары, Интерфакс агенттигинин кабарлашынча, Эмомали Рахмондун президенттиктен кетүүсүн талап кылмак. 5-октябрдан бери көпчүлүк интернет жана медиа-булактар иштебей турат. Жума күнү уюлдук телефондор аркылуу СМС жөнөтүү чектелип, кат-кабар байланышы үзүлдү.

3-октябрда социалдык тармактарда 10-октябрь күнү жума намаздан кийин Душанбенин тургундарын митингге үндөгөн кайрылуулар чыккан. Мурда кабарлангандай, “Тажикстан өзгөрүүлөрдү талап кылат!” деп аталган бул антиөкмөттүк демонстрация “Тажикстан Рахмонсуз!”, “Адилет шайлоо үчүн!” жана “Жакшы жашоо үчүн!” деген ураан астында өтмөк.

Митингге чакырууну саясий партиялар, анын ичинде оппозициядагы байыстуу Ислам кайра жаралуу партиясы жана мусулман уламалары жектешкен.

Андан эки күндөн кийин 5-октябрда өлкөдө ондогон социалдык түйүндөр жабылып, ошондон бери толук иштебей турат.

9-октябрда болсо Тажикстандын Башкы прокуратурасынын сунушу боюнча социалдык желе аркылуу элди үндөгөн “Группа 24” тобунун ишмердигине тыюу салынды. Бул топту бир кезде президент Рахмондун үй-бүлөсү менен ысык ымалада жүрүп, 2012-жылы ата журтунан чыгып кеткен ишкер Умарали Куватов негиздеген. Куватов өкмөткө 1, 2 млн. доллар зыян келтирген деп, быйыл сыртынан соттолгон.

Андан эки күн мурда Куватовдун тууганы жана бизнес-өнөктөшү, “Группа 24” тобунун активисти Шарофиддин Гадоевдин Хатлон облусундагы туугандары райондук милицияга чакырылып, сурак беришкен. Арийне, бул чара 10-октябрдагы митингге баргысы келген “көк жалдардын” жүрөгүнүн үшүн алуу максатында жасалганы ошондо эле байкоочулар тарабынан айтылган.

Буга кошумча да жума күнү таң эртеңден тарта уюлдук телефондор аркылуу СМС-кабар жөнөтүү токтотулду. Байланыш операторлору беш күн мурда сайттар жабылгандагыдай эле социалдык желелер “техникалык жүйөдөн” улам иштебей жатканын билдирди.

Диниятчылар студенттер жана мектеп окуучулары, намазгөйлөр арасында митингге чыкпоо тууралуу үгүт-насаат иштерин жүргүздү.

Душанбенин жетекчилигинин маалымдашынча, жума күнү видеокамералар шаардагы бардык уруксатсыз чогулган адамдарды тасмага түшүрүп, чоң жолдордогу милиция посттору күчөтүлгөн тартипте иштеп жатты.

Тажикстан мусулмандарынын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзода 10-октябрда жума намаз алдында “Группа 24” элди козутуп, өлкөнү кайра коогага түрткүсү келет деди:

- Кайрадан өлкөбүздө жашаган мусулмандардын тынч жашоосун бузгулары келет. Жогорку Сот “Группа 24тү” экстремисттик бузуку топ деп тааныды. Бул топ биздин өлкөдөгү бейкуттукту жана прогрессти көрүүнү каалабайт, диний эркиндикти, заңгыраган көп кабаттуу имараттар, көптөгөн ГЭСтер курулганын көргүсү келбейт, мунун баарын көргүсү жок.

Муфтий динзарларды өлкөдөн сыртта жашаган “бейдаба топтун” сөзүнө азгырылбоого чакырып: “Карагылачы, мусулман калктуу Сирия менен Иракта эмне болуп жатканын. Тажикстандын эли андай балээге кабылганына жол бербөө керек. Биздин өлкөдө тынчтыкты жана бейкуттукту сакташыбыз абзел”,- деди.

Сентябрда муфтий "мекенди сындоо чоң күнөө” деген фатва чыгарган. Ислам кайра жаралуу партиясынын айтымында, береги фатва “бийликтин нускоосу” менен жаралган.

10-октябрда Тажикстандын Башкы прокуратурасы “Группа 24” тобунан чыккан адамдарга мунапыс сунуш этти.

1992-жылы марттын аягында оппозиция менен бийлик ортосунда башталган тирешүү өлкөдө беш жылдык ич ара согуштун чыгышына себеп болгон. Анын кесепетинен 1, 2 миллиондой адам Тажикстандын өзүндө жана сырт жактарга бозуп кеткен. 27-июнда президент Рахмон жарандык согушту токтоткон Тынчтык келишиминин 17 жылдыгында сүйлөп, канды булоон 157 миң адамдын башын жегенин айткан.

XS
SM
MD
LG