Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Тажикстан: туугандары берешен аткаминерлер


Дүйшөмбү калаасы
Дүйшөмбү калаасы

Тажикстандын жемкорлукка каршы күрөшүү мекемесинин кызматкерлерине кымбат үй жана машинелерди туугандары белекке беришет. Жашырын сырды аталган кызматтын жетекчилиги жарыя кылды.

Жарыбаган маяна менен бардар жашаган мамкызматкерлерди актаган бул жүйөө тажик коомчулугунда кызуу пикирлерди жаратты.

Тажикстандын жемкорлукка каршы күрөшүү жана каржылык көзөмөл мамлекеттик агенттиктин жетекчи орунбасары Наим Аламхон Кодириён антикоррупциялык мекеме кызматкерлеринин орточо айлыгы 900 - 1300 сомониге жетерин ырастады. Бул ары дегенде 150-200 доллар акча болот.

Маалымат жыйынында Кодириён маянанын аздыгынан бул тармактагы адистер кыйналып жатышканын белгиледи. “Анда агенттиктин кызматкерлери кымбат баалуу машинелерди жана кабат-кабат үйлөрдү кайдан алып жатат?” деген кабарчылардын суроосуна ал “туугандардын белеги болуш керек" деп жооп берди:

- Башкалар сыяктуу эле биздин кызматкерлердин да үй-бүлөсү, жакындары бар. Балким үй менен машинени аларга бир туугандары же достору белек кылышкандыр. Мүмкүн алардын ата-энелери ишкерлик менен алектенишет. Ата-энеси белекке бергендир. Чынын айтсам, менде бул боюнча кенинирээк маалымат жок экен.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомали башкарган жемкорлукка каршы күрөш агенттигинде 480 кызматкер иштейт. Анын ичинде 391 аскер адамы, ал эми каржылык көзөмөлдөө тармагында 89 адам эмгектенет. Алардын маянасы тууралуу маалымат буга чейин ачык айтылбай келсе, өткөн аптанын аягында күрөшчүлөрдүн айлыгы аз экендиги ачыкка чыкты.

“Демек анда сиздердин кызматкерлер пара алып жатышабы?” деген журналисттин суроосуна агенттиктин директорунун орунбасары Наим Аламхон Кодириён жообу мындайча болду:

- Жемкорлук менен күрөшүү агенттигинде иштеген кызматкерлер эч кимден пара албайт. Мекемеде мындай фактыларды иликтеген атайын бөлүм бар. Бирок ушул күнгө дейре кызматкерлер пара алган учур каттала элек. Ал эми март айынан бери бизди жетектеп келаткан Рустам Рахмондун ишине эл баасын берсин.

Деген менен Наим Аламхон Кодириёндин “кымбат үй жана унаалар” тууралу жооптору коомчулукта бир топ кызуу пикирлерди жаратты. Социалдык тармактарда көбү бул билдирүүнү “күлкү келерлик” нерсе экенин белгилеп, “Жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери өздөрү да пара алары бештен белгилүү” экендигин жазып чыгышты.

Жарыбаган маяна менен кымбатбаа машинеге жана турак жайга ээлик кылган мамлекеттик кызматкерлердин каржы булактары тууралу журналисттер козгогон маселе буга чейин деле көп айтылган.

Мындан сегиз жыл илгери ушундай суроону журналисттер ошо кездеги башкы прокурор Бабожан Бобохоновго да беришкен. Прокурорлор 110 сомони маяна алышарын ыратсган башкы прокурор кызык суроодон мындай жооп менен кутулган эле:

- Прокуратура кызматкерлери айлыгы аз болгондуктан кымбат үйлөрдү жана машинелерди ала алышпайт. Болгону биздин кызматкерлерге бизнесмен туугандары, миграцияда жүргөн жакындары финансылык жактан жардам берип турушат. Бирок биздин кеңсенин алдында токтоп турган кымбат баалуу машинелердин баары Башкы прокуратуранын кызматкерлерине таандык эмес, ал машинелер бизге конокко келген кишилердики.

Деген менен өткөн жылдын жайында президент Эмомали Рахмон күч органдары менен жолугушууда айрым укук коргоо кызматкерлеринин өтө кымбат мүлккө ээлик кыларын сынга алган:

- Мен хансарайларда жашаган кызматкерлердин аты-жөнүн айтып, керек болсо үйлөрүнөн бери сизге көрсөтүп берем. Алар мунун баарын кайдан алышты? Эртең Башкы прокуратуранын кеңсесинин алдында эле күтүп туралы, ким кандай машинеде жумушка келгенинен эле баары белгилүү болот. Прокуратурадагы коррупцияны тез арада жок кылгыла!

Тажикстанда орточо айлык акы 2008-жылдан бери үч эсе өсүп, 333 сомониден 964 сомониге чейин көтөрүлгөн. Ушул жылдын сентябрь айында бюджеттик мекемелердин маянасы да 15% - 30 % чейин жогорулары күтүлүүдө. Анда орточо эмгек акы 1200 сомониге же 250 долларга чейин жетиши мүмкүн.

Тажикстан дүйнөдө коррупция кеңири тамыр жайган өлкөлөрдүн бири деп эсептелет. Transparency International институтунун өткөн жылдагы акыркы иликтөөсүндө 175 өлкөнүн ичинен 152-орунга ээ болгон.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG