Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Тажикстан: исламга таянган үгүт


Тажик парламентинин алдындагы шайлоо жарнагы. Дүйшөмбү. 09.02.2015
Тажик парламентинин алдындагы шайлоо жарнагы. Дүйшөмбү. 09.02.2015

Тажикстанда парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери кызып турган учур. Атеизм идеологиясын жактаган коммунисттерден тарта бийликтеги Элдик демократиялык партияга чейин дээрлик бардык негизги саясий күчтөр көбүрөөк добуш алуу максатында ислам баалуулуктарына басым жасашууда.

Шайлоо алдындагы жолугушууларда Коммунисттик партиянын лидерлеринин көбү ар дайым исламды жолдошконун, эч качан өздөрүн атеист деп эсептешпегенин ырасташат.

Партия төрагасынын орун басары Исмоил Талбаков Согди облусунда шайлоочулар менен кездешүү учурунда «Коммунисттик партиянын максаттары мусулмандардын ыйык Куранында жазылгандардан эч айырмаланбайт» дегени бар. Саясатчы коммунисттик идеология динге каршы багытталган деген ой жаңылыш экенин элге жеткирүүгө аракеттенгенин, советтик мезгилде балким айрым коммунисттер аны карманышканын, бирок бул алардын жеке пикири болгонун айтат.

Башка алыскы аймактардагыдай эле Согдинин жашоочуларынын көбү динзарлар.

"Азаттык" радиосунун тажик кызматынын кабарчысы менен маекте Талбаков "бардык өлкөлөрдүн пролетарийлери бириккиле" деген ураан иш жүзүндө тажиктердин "мусулман мусулманга бир тууган" деген учкул сөзүнө төп келерин белгиледи:

- Коммунизмди куруучунун моралдык кодекси ислам философиясын чагылдырат. Биз биринчи кезекте мусулманбыз, анан коммунистпиз.

Исламга берилгенин, диний баалуулуктарды пир тутушканын башкаруудагы Тажикстандын Элдик-демократиялык партиясынын бир катар мүчөлөрү да кайталап келатышат. Алсак, үгүт плакаттарынын биринде «Партиянын жеңиши - Алланын өз жолдоочуларына ырайымы» деген жазууну көрсө болот. Активист Мусо Асозода партиянын лидери, президент Эмомали Рахмон «Улуу Имам жылын» өткөрүү демилгесин өзү көтөргөнүн эске салат.

«Өлкө калкынын 99 процентин мусулмандар түзөт. Алардын бардыгы биздин электорат. Албетте шайлоочулардын талаптарына жооп берсек, бул биздин да кызыкчылыгыбызга туура келет. Биз алардын диний ишенимине таянабыз жана ар дайым чыныгы исламды колдойбуз. Эл менен жолугушканда дин жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтып беребиз», - дейт Асозода.

Элдик демократтардын маалымат катчысы Усмон Солиев болсо динге ыктоо – реклама эместигин белгилейт:

- Дин маселесине реклама жасоо үчүн кайрылган жокпуз. Биздин 5 жылдык программабызда да ислам жөнүндө айтылат.

Үгүт кампаниясында дээрлик бардык партиялар ислам темасын козгоп келишкени менен, эмнегедир маалымат каражаттары шайлоочулардын диний сезимдерин кыянат пайдаланышууда деп өзгөчө оппозициядагы эки партияны – Ислам кайра жаралуу партиясын жана Социал-демократиялык партияны сындашат.

Маселен, расмий прессанын жазганына караганда, социал-демократтардын лидери Рахматулло Зоиров өзүн 15-кылымдын белгилүү диниятчысы Хожа Ахрор Валинин урпагымын деп жарыялап, салттуу динди кармангандарды өздөрүнө тартууга аракет көрүүдө.

Зоиров биздин кабарчыга чындап эле ошол уруудан экенин, бирок добуш берүүчүлөр менен жолугушууларда муну эч качан сөз кылбаганын айтты.

- Мен өзүмдүн юридикалык билимиме көбүрөөк таянам, телекайрылуулардын биринде динди кыянат пайдалануу болбойт деп айткам. Мен 15 жылдай университетте «Ислам укугу» боюнча дарс окугам, - деди саясатчы.

Эксперттер Тажикстандын коому акыркы кезде исламдашканын, шайлоо кампаниясында дин темасын кыйгап өтүү кыйын болоорун белгилешет. Аналитик Фаридун Ходизоданын пикиринде, «мечиттер райкомдорду алмаштырды» жана көпчүлүк чечимдер дал ошол жерде кабыл алынат.

- Шайлоочуларга сөзүңдү ислам аркылуу жеткирүү алда канча оңой. Саясий партиялар муну жакшы түшүнүшөт жана өздөрүн электоратка такыба мусулман кылып көрсөтүүгө аракеттенишүүдө, - дейт Ходизода.

Тажикстанда катталган 8 партиянын бири гана расмий түрдө диний деп аталат. Бийлик эл арасында популярдуу Ислам кайра жаралуу партиясын элдин диний баалуулуктарын өз кызыкчылыгында пайдаланат деп сындап келет. Маселен, шайлоочуларга эгер партиянын аталышын бюллетенден чийип салсаңар, «ислам» деген сөздү чийген болосуңар деп коркутушаары айтылат.

Баса, быйылтадан тарта шайлоо бюллетендеринде мурункудай партиянын аталышы чийилбей, добуш берген талапкердин ысымынын жанына белги коюлат.

1-мартта өтүүчү парламенттик шайлоого Юстиция министрлигинде катталган 8 саясий партия катышмакчы.

XS
SM
MD
LG