Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Дүйшөмбүнү дүрбөткөн генералдын "дүбүртү"


Абдухалим Назарзода, тажик коргоо министринин мурдагы орун басары.
Абдухалим Назарзода, тажик коргоо министринин мурдагы орун басары.

Тажикстан шаршембиде көз карандысыздыгынын 24 жылдыгын белгиледи. Бул кошуна өлкө бирок эгемендик күнүн жылдагыдан айырмаланып көп шаан-шөкөт менен коштобой, жупуну гана өткөрдү. Рамит капчыгайында болсо беш күн мурда Дүйшөмбү менен Вахадтта милицияга чабуул жасап, дүрбөлөң салып кеткен генерал Назарзоданы издөө уланууда.

9-сентябрь – Тажикстандын эгемендик күнү. Бирок бул жолу төбөлсүздүк майрамы жупуну гана белгиленип, ашкере шаң-салтанат эмес, эс алуу жайларындагы маданий иш-чаралар, элдик сейилдөөлөр менен гана коштолду. Буга баш калаада жана ага жакын Вахдат шаарында болгон беш күн мурдагы кандуу окуялар, аны уюштурууга айыпталып жаткан генерал Назарзоданы издөө операциясы аяктай электиги себеп болду.

Издөөнүн "изи" чыга элек...

Тажик бийликтери өткөн аптадагы чабуулдардан соң кызматынан алынган коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзодага 8-сентябрда расмий айып такты. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы ага "мамлекетке чыккынчылык кылды", "террордук чабуул жасады" жана "экстремисттик топ түзгөн" деген айыптар тагылганын жарыялады.

Коопсуздук күчтөрү генерал Назарзода баштаган топту издөөнү улантууда. Ал бир канча шериги менен Дүйшөмбүдөн чыгышка карай 150 чакырым аралыктагы Рамит капчыгайына жашырынып кеткен.

4-сентябрда эртең менен тажик баш калаасынан 20 чакырымдай жердеги Вахдат шаарындагы милиция бөлүмүнө жана Дүйшөмбүгө кире бериштеги жол кайгуул бекетине жасалган чабуулдарда 9 милиция кызматкери мерт болуп, алтоо жаракат алган. Тажик бийлиги бул чабуулдар үчүн генерал Назарзоданы айыптап, президент Рахмон аны ошол эле күнү коргоо министринин орун басарлыгынан бошоткон. Ал ошондон бери качып жүрөт.

Расмий маалыматтарга караганда, куралдуу топту жок кылуу операциясы башталгандан бери анын 17 мүчөсү окко учуп, ондогон өкүлү кармалды.

Тажик маалымат каражаттары бул чабуулдарды генерал Назарзода уюштурганын, аны издөө уланып жатканын байма-бай кабарлоодо.

Таптырбай жаткан генералдын таржымалы

Тажикстандагы соңку окуялар бул өлкөдөгү 1992-97 жылдардагы жарандык согушту дагы бир ирет эске салды. Анткени акыркы калаба үчүн айыпталган генерал Назарзоданын аты алгач ошол жарандык согуш маалында чыккан. Ал азыр 51 жашта, бийликтер анын үч аялы бардыгын жана байгер экенин айтып жатышат.

1964-жылы Рудаки районунда жумушчунун бүлөсүндө туулган Абдухалим Назарзоданын балалыгы баш калаа Дүйшөмбүдө өткөн. 1981-жылы мектепти аяктаган соң байпак фабрикасында иштеп жүрүп, аскерге кетет. Андагы советтик армиянын катарында кызмат өтөп келген соң 92-жылга чейин чарбалык мекемелерде иштеп, облустар аралык агроөнөр жай ишканасында кампа башчылыгына чейин жетет.

1992-жылы Дүйшөмбүнүн “Шахидон”, “Озоди” аянттарында оппозиция митингдери өтүп жатканда ал шаардын Садбарга деген районунда жаштардын акцияларын уюштуруп чыгып, кийин алар берки чоң аянтта тургандарга кошулуусу ошол учурда оппозиция чыңдалганынан кабар берген. “Шахидон” аянтындагы оппозиция жеңишке жеткен соң Назарзода Мекеге зыяратка барып келет. Ошондон тарта аны Ходжа Холим, же кыргызча айтканда Кожо Халим – Халим ажы деп атай башташат. Ошол жылдары чогуу жүргөндөр Кожо Халим өзү мергенчи болгонун, 1992-жылкы согушта мергенчилик мылтыгын көтөрүп жүргөнүн айтышат. Бирок Эмомали Рахмон бийликке келген соң, 93-жылдары өлкөдөн чыгып кетип, Казакстанда соода-сатык менен алектенип калат.

1997-жылы тажик бийлиги андагы бириккен оппозиция менен тынчтык келишимин түзгөндө Тажикстанга “Жиптердин” кербени менен кайтып келет. Ал ошондо Жарашуу боюнча улуттук комиссияны башкарып турган Саид Абдулло Нуриге он машине бергени айтылып жүрөт. Назарзодага дароо мурдагы талаа командирлеринен куралган 25-батальонду башкарууну буйруп, тез арада полковник наамын ыйгарышат. Бир топ талаа командирлери “биз от кечип, кан кечип жүргөндө ал сникерс жеп, чет жерде жыргап жүргөн” дешип, анын батальонду башташына нааразы болот. Бара-бара Назарзоданын тил табыша билүү, ымала түзүү жөндөмү келечегине кенен жол ачып, нааразы болгондор аны айланчыктоого аргасыз болот. Кийинчерээк 25-батальон жоюлуп кетет, бирок ал Коргоо министрлигинде кала берет.

Бирок Назарзода полковник наамын алып, ишке киришкенде аскерий эмес, жогорку билими да жок эле. Ал кырктын кырынан эбак ашкан кезде гана - 2006-2009-жылдары Тажик улуттук университетинен билим алган. Орусиянын Фрунзе атындагы аскер академиясын 2007-жылы бүтүргөн. Ошентип анын коргоо министрлигиндеги карьерасы өр алып, министрликтин ички коопсуздук бөлүмүн жетектеп калат. Былтыр президент Рахмон аны министрдин орун басарлыгына дайындап, генерал наамын берген. Ошентип анын кадыр-баркы да, байманасы да аша баштайт.

Баса, анын байгер жашап келгенин жогоруда учкай айтып өттүк эле. 1997-жылы Казакстандан көп акча менен кайтып келгенде Тажикстанда мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү жүрүп жаткан. Назарзода дароо бир туугандары менен нан заводун, тоок фабрикасын жана дагы бир канча ишкананы сатып алат. Кийин ошол тоок фабрикасын кайра ирандыктарга пулдап, бир канча миллион доллар пайдага туйтунат.

Бул арада ал эки жолу жергиликтүү медианын көзүнө илинип, аты чыгат. 2003-жылы Тажикстанда 23 жылга сыртынан кесилген оппозиция лидерлеринин бири Мухаммадрузи Искандаров 2012-жылы Москвадан кармалып, Дүйшөмбүгө экстрадицияланышын дал ушул Назарзодадан көргөн. Андан соң “Ватандор” кыймылынын жетекчиси Дододжон Атовулло сырттагы тажик оппозиционерлерин жок кылуу максатында Кожо Халим бир миллион доллар алганын айтып чыккан.

Абдухалим Назарзода (Кожо Халим) 2013-жылы “Азаттыктын” тажик кызматына маегинде мындай айыптоолорду кескин четке кагып, турмушта ар кандай болорун, ар ким кылган иши үчүн жооп берерин айткан экен:

- Орус макалында айтылгандай, камакка түшүп калуу менен кайыр сурап калуудан эч ким камсыздалган, же кепилденген эмес. Бул ар кимдин башына түшүшү мүмкүн. Бирок мени жалган жалаа, же чагым менен гана камашпаса, башка айып менен камай алышпайт. Анткени мен Кудайдан корком. Ким Кудайдан корксо ал кандайдыр кылмыш жасаганга же кыңыр ишке барбайт.

Эки жыл мурда мына ушинтип айткан Назарзода эми өзү айыпталып, жашырынып жүрөт. Бирок аны ошончо байлыгы менен карьерасын таштап, кылмыштуу топ түзүүгө жана минтип жашырынып кеткенине эмне түрткөнү азырынча белгисиз.

Президентке кол салуу мерчемделген беле?

Атын айткысы келбеген тажик милициясынын өкүлү “Азаттыктын” тажик кызматына Назарзода шериктери менен президент Эмомали Рахмон 6-сентябрда Вахдат районуна иш сапары менен барган учурда кол салуу уюштурууну мерчемдегени билинип калганын кыйыткан. Анын айтымында, милиция 3-сентябрда кайсы бир кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда бири-бирине сөз ташып, маалымат жеткирип жүргөнү шектелген бир аялды “кокустан” кармап калган. Милициянын божомолунда, бул аял кармалган соң Назарзода бети ачыларын туюп, милиция бөлүмүнөн курал-жарактарды алуу менен из жашырып кетүүнү ойлогон болушу мүмкүн.

Президент Рахмон чын эле 6-сентябрда Вахдатка иш сапары менен барып, жаңы курулган бир мектептин ачылышына катышты. Ал жергиликтүү калк менен жолугушууда 4-сентябрда Вахдаттагы милиция бөлүмүнө кол салгандар сөзсүз мыйзам алдында жооп берерин айткан.

Тажикстандагы соңку окуялар оппозициялык Ислам кайра жаралуу партиясынын ишине расмий түрдө тыюу салынып жаткан учурга туш келди. Мындан улам кол салууларды ушул тыюу салууга байланыштырып жибергендер да болбой койгон жок. Аталган партия болсо дароо генерал Назарзода менен эч кандай байланышы жоктугун, бул тажик күч структураларынын ички маселеси экенин айтып чыкты.

Канткен менен Абдухалим Назарзода Тажикстанда дүрбөлөң салып, өлкөдөгү кырдаалды курчутууга аракеттенген деп айыпталган бешинчи генерал болуп калды. Буга чейин Ёкуб Салимов, Мухаммадрузи Искандаров, Гаффор Мирзоев жана Мирзо Зиёев деген төрт генералга ушундай айып тагылган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG