Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Тажикстан: мечиттерди үйү жокторго беришти


Тажикстандагы мечиттердин бири
Тажикстандагы мечиттердин бири

Тажикстандын Ховалинг аймагында мыйзамсыз курулган мечиттерди үй-жайы жок, жаш үй-бүлөлөргө турак жай катары беришүүдө. Учурда эч кандай уруксат алынбай курулган беш мечиттин имаратына он үй-бүлө киргизилди.

Тажикстандын түштүгүндөгү Ховалинг районун бийликтери расмий уруксат албай, мыйзамсыз курулган мечит имараттарын үй-жайы жок жарандарга берүүнү чечти. Алардын бири - ховалингдик Сайфуддин Саимжуддиновдун үй-бүлөсү.

Төрт баласы бар бул үй-бүлө бир нече жылдан бери бирөөнүн батиринде баш калкалап келген. Сайфуддин район бийликтеринин бул чечими “көктөн издегени жерден табылгандай” эле болгонун айтып жатат:

- Чынын айтканда биздин абалыбыз оор болчу. Кудай буйруп, баары чечилип, бул имарат бизге берилип калды. Биздин абалыбызды көрүп, элдик чогулушка салып, бул имаратты бизге беришти. Жанында 7-8 сотик жери да бар экен. Биз үчүн аябай жакшы болду.

Ховалинг районунун башчысы Нурулло Мирзоевдин “Азаттыктын” тажик кызматына билдиришинче, аймактагы ашар жолу менен салынып, каттоодон өтпөгөн дагы эки мечит имараты үй-жайы жокторго берилгени жатат. Анын айтымында, мечит имаратын берүүдөн мурун аны мыйзамдаштырып, бардык документтер бүткөрүлдү:

- Бул беш мечитти берүүдөн мурун атайын ага документ жасап, мыйзамдаштырдык. Аны кайрылуунун негизинде муктаж болгон үй-бүлөлөргө бердик. Буга мечитти салгандар деле каршы болгон жок.

Мирзоев мындай чечим өткөн жылдын аягында аймактын эли менен жолугушууда кабыл алынганын кошумчалады.

Тажикстан эгемендик алгандан тарта өлкөдөгү ар бир айылга жапырт мечиттер салына баштаган. Алардын айрымдары ар кыл эл аралык диний уюмдардын колдоосу менен салынган. Ошол эле учурда ашар жолу менен курулгандар да арбын.

Учурда Тажикстанда 3800дөн ашык мечит иш алып барары белгилүү болгон. Бул өлкөдөгү мектептердин санына караганда көп. Мындан улам президент Эмомали Рахмон эгемендик жылдары мектептерге караганда мечиттердин көп салынганына тынчсызданган жайы бар. Ошол эле учурда салынган мечиттердин техникалык коопсуздук эрежелерине жооп бербей турганын расмий бийлик өкүлдөрү айтып жүрүшөт.

Сузактагы мечит
Сузактагы мечит

Буга чейин мындай маселе Кыргызстанда көтөрүлгөн эле. Өлкөнүн Коргоо кеңешинин жумушчу тобу жүргүзгөн маалыматка ылайык, өлкөдө 2362 мечит, 80 медресе бар. Алардын 20 пайыздан ашыгы тиешелүү документи жоктугуна байланыштуу дин иштери боюнча мамлекеттик органдын каттоосунан өткөн эмес.

Документте айтылгандай, мечиттерди каттоо диний тармакты тескөөчү укуктук-нормативдик жоболордун так эместигинен, мечит куруудагы нормалар сакталбаганынан жана башка себептерден улам жүргүзүлгөн эмес. Буга чейин Жалал-Абаддын Сузак районундагы мечиттердин биринин экинчи кабаты урап түшүп, 60га жакын адам жаракат алган эле.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG