Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:33

Борбор Азия

Тажикстан: Кыргызстанга жакын шаарда жардыруу болду

Тажикстандын түндүгүндө - Хужанд шаарындагы милициянын имаратында жанкечтинин жардыруусунан кеминде бир милиционер өлүп, 25 чакты киши жарадар болду. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги жардырууну Өзбекстан Ислам Кыймылы жасады деп билдирди.

Окуя болгон жерди милиция текшерип жатат, 3-сентябрь, 2010
Текст көлөмү - +
Жардыруу Согд облусунун борбору Хужанд шаарындагы милициянын имаратында болду. Эгер аны чын эле жанкечти жасаганы тастыкталса, бул окуя Борбор Азиядагы мамлекеттин тарыхындагы “алгачкы жанкечти жардыруусу” катары эсте калат.

Тажикстандын ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Мухаммаджон Назриев ал тууралуу “Азаттыктын” тажик редакциясына: “Жанкечти машинеси менен катуу келип, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү органынын Согд облустук бөлүмүнүн имаратын сүзүп кирди. Ал учурда полициянын эки машинеси киргенден кийин, дарбаза эми эле жабылып жаткан. Анан эле дүрмөттөлгөн машине жарылып кетти”, - деп билдирди.
Жардыруу болгон Хужанд шаары менен Кыргызстандын Лейлек районундагы Интернационал айылынын аралыгы 20 чакырымга да жетпейт

Бирок министрликтин өкүлү Назриев ошол жардырууда чабуул койгон киши өлгөн-өлбөгөнүн тактаган жок. Айрым маалымат агенттиктери ал киши жанынан кечкенин кабарлашкан эле.

Назриевдин кабарына караганда, жардыруудан милициянын ага лейтенанты Аюбжон Махкамов оор жарааттан курман болду. Машине дарбазага урулган учурда имаратты кайтарып турган ага сержант Алижон Майокубов азыр каерде экени белгисиз. Ал жанкечтилердин машинесин токтотконго аракет кылганы айтылып жатат. Ал дагы өлгөн болсо керек дешет. Министрликтен кабарлашкандай, дүрмөттөлгөн унаанын ичинде эки адам болгон.

Жардыруудан милициянын имаратынын бир бөлүгү бузулуп, анын жанындагы имараттар, ошол жердеги оорукана да жарым жартылай кыйраганы кабарланды.

“Азаттыктын” Хужанддагы кабарчысынын айтымында, жардыруу болгон аймакты азыр милиция толугу менен курчоого алган жана журналисттерди киргизбей турат. Ал жерди сүрөткө же видеого тартам деген айрым кабарчыларды милиция кыска убакытка кармап, тасмаларын, камера, диктофондорун тартып алыптыр.

Исламчыл топ айыпталууда

Ички иштер министрлиги азыр бул чабуулду ишине тыйуу салынган Өзбекстан Ислам Кыймылы менен байланыштагы бирөөлөр жасаган деп жатат.

Лидерлери "Ал-Каида" террор уюму менен байланышта делген бул кыймыл негизи Тажикстанга 1992-97-жылдардагы жарандык согуш учурунда кирген деп айтылып жүрөт. Анткени ал өлкөнүн мурдагы исламий оппозициясынын согушкерлери менен байланышта болгон.

Акыркы жылдары тажик жетекчилери кыймылды өлкөдөгү бир топ чабуулдар үчүн айыптап келишти. Маселен, 2008 жана 2009-жылы түндүктөрү Исфара шаарында бир топ милиционерлердин киши колдуу болушуна ушул тыйуу салынган кыймылдын тийиштиги бар экени айтылды эле.

Мындан сырткары, 2006-жылы Кайракум түрмөсүнүн башчысын өлтүрүп, исламчыл топтун түрмөдө жаткан эки өкүлүн качырып жибергендер да ушул Өзбекстан ислам кыймылынан деп айыпташкан.

Кантсе да соңку жардыруу Душанбедеги түрмөдөн 25 адам качып кеткенден болгону эки апта өткөндөн кийин болуп жатат.

Хужанд өзү чоңдугу боюнча Тажикстанда Душанбеден кийинки экинчи шаар, борбор калаадан 350 чакырым түндүктө жайгашкан. Ал азыр – Согд облусунун борбору.

Бул – Кыргызстанга эң эле жакын болгон Тажикстандын ири шаары. Кыргызстандын Лейлек районунун Интернационал айылы менен Хужанд шаарынын аралыгы 20 чакырымга да жетпейт.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Баткендик
04.09.2010 16:02
Урматтуу туугандар билесиздер Баткен менен Исфара шаарынын аралыгы 28-30 км. Кудай озу сактасын. Чондорубуз Баткенге кобуроок конул бурса жакшы болот эле.Бир нерсе болсо Баткен эч жакка кете албайбыз.
(Бала) эн туура айтып жатат. Чондорубуз шайлоо менен убара болуп жатат. Суранабыз Баткенге кобуроок КОЗ САЛГЫЛА!!!

кимден: бала
04.09.2010 10:40
Туугандар, мен бир топтон бери айтып келе жатам. Окмотко жеткизгилечи, айткылачы, бир нерсеге убакыт келип жетти: чек арага чектеш жерде жайгашкан кыргыз тургундарга мылтык, ок-дары таратып бербесе болбойт. Аларды окутуш керек. Азыр акывал оор. Бул бандиттер балким шайлоого камаднып атышат. Шайлоодо бийлик бащка менен алек болот. ОШОНДУКТАН ДАЯР БОЛБОСОК БОЛБОЙТ. Менимче Баткен деген улуттук программа болуш керек. Баткен эн кедей, уязвимый жер биздин мамлекетте. Баткенди жакшылап карайлы.

кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярскиден
03.09.2010 22:09
Олгондордун арасында Кыргызстандын граждандары, же кыргыздар жок бекен? Тем более, жардыруу Кыргызстанга жакын жерде болгон деп жатышат. Башка олколордун СМИси озунун олкосу учун биринчи оорунда оздорунун граждандарын издейт экен. Ал эми биздин Кыргызстандын СМИне кызыкчылыгы жоктой. Бул эмне деген корунуш? Вот кайдыгерлик!!!

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)