Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

Тажикстан: Диний мектеп эмнени жашырат?


Гисардагы медресе, Тажикстан. 26-февраль, 2007
Гисардагы медресе, Тажикстан. 26-февраль, 2007

Тажикстанда балдарын мусулманчылыкка үйрөтүп, ислам негиздерин окутууну каалаган ата-энелер көп. Алар адатта, мектеп жашындагы балдарын өз айылындагы, а балким көчөсүндөгү молдолорго эле беришет.

Акыркы апталарда өкмөт мына ошол молдолордун ишин катуу көзөмөлгө алды. Бир топ райондордо расмий уруксаты жок эле дарс окуткан молдолорго каршы милиция рейддерди өткөрдү.

Абу Умар Ахмадов Тажикстандын Сугд аймагындагы Понгоз айылында мечитте дарс окуйт. Ал кечкисин жана дем алыш күндөрү мектеп жашындагы балдарга шариаттын жол-жоболорун, Куранды үйрөтөт.

“Бул жакка балдарын жиберип жаткан ата-энелердин көпчүлүгү перзенттери ашкере динчил болуп кетишин каалашпайт, - дейт ал. - Алардын баары эле “Балдарыбыз дин жөнүндө бир аз болсо да түшүнүк алышсын” дешет. Андан да маанилүүсү - жаштар жаман иштерге барбай, маң заттардан ары болсун, арак ичпесин деп самашат. Дин аркылуу балдар адеп-ахлакты, этикалык баалуулуктарды кабыл алса деген эле максат”.

Өзү медреседен билим алган Ахмадовдо ислам боюнча дарс окутуш үчүн лицензиясы бар. Анын айылдагы мечити да расмий каттоодон өткөн. Мусулмандар басымдуулук кылган Тажикстанда бийликтер диний окуу жайлары ушундай тартипте иштешсе экен дешет.

“Дубаланган рейд”

Бул үчүн бийликтер акыркы кездери молдолордун үйлөрүнө, мечиттерге рейддерди күчөтүштү. Июлда милиция Исфара, Истаравшан, Панжакент, Гафуров райондорунда текшерүүлөрдү жүргүзүп, уруксаты жок эле дин жөнүндө билим берген жети мектепти таап алышты.

Коомдук пикирди иликтеген Gallup уюму эки жыл мурда Тажикстанда сурамжылоо жүргүзүп, тажиктердин 76%зынын күнүмдүк жашоосунда диндин оорду өзгөчө экенин айтышканын билдирген.

Бийликтер азыр бул өңдүү рейддерди диний экстремизмге каршы күрөштүн алкагында жасалган иш катары аташууда. Бирок милициянын рейддерин дин эркиндигине каршы чабуул катары сындагандар да көп.

Алардын бири - Гафураф районунун мечитинин имамы Мухаммаджон Ортиков. Анын уулу Мухаммади балдарды расмий уруксатсыз динге окутканы үчүн айып пулга жыгылды.

“Балам болгону ата-энелердин суранычы боюнча балдарга Куран окутканы үчүн эле айып пул төлөшү керек болуп жатат”, - деди ал “Азаттыкка”.

“Бийликтер иши кылып эле бизге чабуул коюштун айласын таппай жүрүшөт. Мисалы, алар балдар “Хизбут-Тахрирге” кирип кетишкенин айтышат. Биз балдарга курандан башка эч нерсени үйрөтпөйбүз. Бирок алар биз эмнени окутаарыбызды балдардан сурап жатышыптыр”, - деп кейигенин жашырбады Гафуровдун имамы Ортиков.

Сунушту талап жаратат

Давлатпочо Азизова – Рашт районундагы Камароб кыштагынын тургуну. 14 жаштагы уулун ал Куранды үрөнсүн деп айылдаш молдого эле жиберет. “Менин уулум аптасына 2 саат англис тилин, бир саат математиканы окуш үчүн кошумча сабакка барат. Анан убактысына жараша эки ирет молдонун үйүнө барып, динди үйрөнөт”, - дейт ал.

“Уулум өзү учкуч болом деп жүрөт. Бирок биз – ата-энеси – анын тартиптүү, адеп-ахлактуу өсүшүн каалайбыз. Ошон үчүн ал дин боюнча түшүнүк алып, Кудайды таанысын, дуба кылсын деп молдого бердик”, - дейт Азизова.

Карапайым калк ичинде диний билимге талаптын өсүп жатканын эске алган Билим берүү министрлиги былтыр мектеп программасына “Ислам сабагын” киргизген.

Дин боюнча тажикстандык эксперт Саидбек Махмадуллоевдин айтымында, өлкөдө эч кимге дин жөнүндө сабак беришине же мектеп ачышына тоскоолдук жок. “Болгону – расмий каттоодон өтүшү керек”, - дейт эксперт.

Өлкө боюнча расмий каттоодон өткөн 20 медресе, бир Ислам университети бар. Бирок алардын көбү эл жыш отурукташкан шаарларда гана жайгашкан. Айылда мечит ачыш үчүн анын калкы 15 миңден кем болбошу керек. Ошон үчүн кичинекей айыл-кыштактардагы эл балдарын кайсыл мечитке берээрин билбей, акыры молдолордун эле үйлөрүнө жиберет.

Кыргызстанда кандай?

Негизи бул практика Борбор Азиянын калган мамлекеттеринде да, Кыргызстанда деле, кездешет. Бирок Ислам университетинин ректору Абдушүкүр Нарматовдун “Азаттыкка” айтканына караганда, азыр алар дээрлик жокко эсе. Анткени өлкөдө расмий катталган мечиттер да, медреселер да көп.

“Ошол мыйзамда расмий катталбаган жерлерде дин жөнүндө сабак окутулбасын деп айтылган. Бирок өлкө эгемендик алгандан бери, Кудайга шүгүр, дин жөнүндө сабак берген мечит-медреселер көп ачылды. Ошондуктан жеке үйүндө дарс берген молдолор дээрлик калбады”, - деди ал.

Кыргызстанда Дин иштери боюнча агенттиктин эки жыл мурдагы маалыматына караганда, өлкө боюнча 1660 мечит, 56 медресе, бир Ислам университети каттоодон өткөн.

Абдышүкүр Нарматов Тажикстандагы бийликтердин аракеттерине бир жактуу баа бере албай турганын айтты: “Мен өзүм 1980-жылдары Советтер Союзунун тушунда, динге катуу тыйуу салынган кезде, Тажикстанда молдо Саттардын (кийин муфтий болуп турду) колунда билим алган. Мен да анын үйүндө эле окугам. Ошондуктан Союздун убагында жок кыла албаган нерсени бүгүн тыйуу өтө кыйын нерсе деп ойлойм”.

Анткен менен А.Нарматов өкмөт диний радикалдардан коргонуу максатында текшерүү иштерин өткөрүп жатканын туура деп эсептээрин да кошумчалады.

Тажикстандык молдо Абу Умар Ахмадов да ошондой эле таризде бийликтердин коопсуздук боюнча кооптонуп жатышканын түшүнсө болот дейт. “Исламды окуткан молдолордун, мектептердин адатта жашыра турган эч кара ниети деле жок. Бирок молдолордун арасында деле радикал ойлорун балдарга таңуулагандар бар экенин жокко чыгара албайм”, - дейт Ахмадов.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG