Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:48

Борбор Азия

Тажиктер орусчадан баш тартышты

Президент Эмомали Рахмон “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамга кечээ кол койду. Орус тилинен расмий макамды алып салган мыйзамды парламент өткөн аптада жактырган.

Жаңы мыйзамга ылайык, ар бир тажик жараны мамлекеттик тилди билиши зарыл.
x
Жаңы мыйзамга ылайык, ар бир тажик жараны мамлекеттик тилди билиши зарыл.
Текст көлөмү - +
Мындан ары бүт иш-кагаздары, расмий кат алмашуу жана билим берүү жайларында дарстар тажик тилинде гана жүргүзүлөт. Эми мамлекеттик мекемелер ортосунда иш толугу менен тажик тилинде гана жүргүзүлөт. Документтер тажикче толтурулат, мөөр да тажикче басылышы керек.

Тажикстанда тил жөнүндөгү президент сунуштаган жаңы мыйзамды парламентте талкуулап жатып, спикер Махмадсаид Убайдуллоев: “Республиканын жараны болуп туруп, анын мамлекеттик тилин билбегендик патриоттуулукка жатпайт”, - деп айтты.

Бирок парламенттеги оппозициялык Компартиянын лидери Шоди Шабдолов анда орус тилинин статусу так аныкталбаганына нааразылык билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн Конституциясында орус тили “улуттар арасында байланышуунун тили” катары көрсөтүлгөн. Бирок жаңы мыйзамдан ал түшүнүк алынып салынды. Демек, жаңы мыйзам өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келет. Жаңы мыйзамдын жаралыш себебин ал алдыдагы шайлоодо оппозициялык партияларды оюндан четтетүү каалоосу менен байланыштырды.

“Эмне үчүн шайлоонун алдынан саясий партияларды атын, расмий документтерин, мөөрлөрүн, гезиттерин, - баарын орусчадан тажикчеге которууну талап кылышыбыз керек? Мунун баары “Шайлоого катышпагыла!” деген эле белги, - деп айтты ал. - Биз үчүн азыр котормо бир топ чыгашага турат. Балким, банкта олчойгон акчасы бар өкмөтчүл партиялар үчүн ал маселе деле болбосо керек да”.

Тажикстанда кезектеги парламенттик шайлоо келерки жылы февралда өтөт.

Жаңы мыйзамда орус тилинин расмий макамы алынып салынышы көпчүлүктү ойлондурду көрүнөт. Анткени Тажикстандагы 7,5 млн.калктын 100 миңин орус тилдүүлөр түзөт. Кошумча 1 млн.дун тегерегинде өзбек улутундагылар бар.

Канткен менен тажик президенти тил боюнча алгачкы ирет демилге көтөрүп жаткан жок. 2007-жылы ал өзүнүн фамилиясын орусча формадан өзгөртүп, “Рахмонов” эмес, “Рахмон” деп аталып калды. Андан кийин орус тилиндеги географиялык аттарды тажикчеге которуп чыгышты.

Борбор Азия регионундагы мамлекеттердин ичинде Өзбекстан да 1995-жылы орус тилинен “улуттар ортосундагы байланышуунун тили” деген макамды алып салган. Казакстанда болсо орус тили азырга чейин мыйзамда расмий тил макамын сактап келатканы менен, 2010-жылдан тарта мамлекеттик кызматтарга казак тили боюнча экзамен тапшыра алгандарды гана ала башташат.

Түркмөнстанда Орусия менен кош-жарандуулук 2003-жылдан тарта алынып салынгандыктан, ушул мезгилге карата өлкөдө калган 100 миңдей орус калкынын басымдуу бөлүгү көчүп кеткен. Орус тили “улуттар ортосунда байланышуунун тили” катары азырга чейин макамы сактаганына карабай, дээрлик колдонулбайт. Жалпы региондо орус тилинин макамы салыштырмалуу Кыргызстанда гана укуктук жактан да, коомдо да жакшы сакталганы айтылып келет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Таза улутчулдар уюму
28.10.2009 10:39
Цивилизация тууралуу талашса болот. Тажиктердин өз тилин коргоого болгон аракетин кемсинткиси келгендер бул элдин дүйнө цивилизациясына кошкон салымын, Омар Хайам баш болгон дүйнөлүк атагы бар улуу акындарды, окумуштууларды билбесе керек. Фарси (тажик) тили кезегинде орус тили сыяктуу эле бул чөлкөмдөгү көп элдер колдонгон тили болгонун да билбесе керек. Орус тилинин илимий-техникалык терминологиясы бай экенин танып болбойт. Бирок бул өз тилибизди байытууга жолтоо болууга тийиш эмес. Ар кимдики өзүнө. Эгерде өз тилибиздин өнүгүшүнө кандайдыр бир жагдайлар, анын ичинде башка тилдердин статусу да жолтоо кылып жатса андан эч ойлонбой баш тартыш керек. Азыркы кыргыз терминологиясы деле Совет мезгилинин алгачкы жылдарында катуу каршылыкка учураган. Эч нерсе эмес, кадимкидей эле сиңип кетти.

кимден: Назира каяктан: Германия
14.10.2009 19:20
"Канча тил билсең, ошончо элсиң",- деген сөз бар эмеспи. Бул маселеге бир жактуу эмес эки жактуу мамиле кылуу керек деп ойлойм. Тажиктер бул кадамга өз тилин коргоп калуу үчүн барышты деп ойлойм, бул жагынан алып караганда алардыкы туура. Бирок ошол эле учурда чектөөлөрдү да киргизип алышты. Мурдакы постсоветтик өлкөлөрдүн элдери орус тилин билишет, алар менен болгон байланышы басаңдайт деп ойлойм. Мен орус тилине эч каршы чыга албайм, бул тил 15 өлкөнү учурунда бириктирип турган. Бирок эне тилин унуткан кыргыздарга көз-карашым терс. Балким чет өлкөгө барып калып, кыргыз тилинде бир эки сөз айтып бер десе, мен кыргыз тилинде сүйлөбөйм десе алар кыргыз эли жөнүндө эмне деп ойлоп калышат? Урматтуу, кыргыз эли, "эгер тил жоголсо улут дагы жоголот" деген кеп бар. Андыктан канча тил үйрөнсөк дагы, өз тилибизди унутпайлы!

кимден: arslan каяктан: FRANCE
14.10.2009 01:11
kopchulugun jylanach toshunordu koigulap jatasynar degi ailanany karasanar bai bolgurlar etika estetika sivilizatsia degen nersenin bary orus tili arkyluu kelip jatpaiby tajik prezdentin bashy ishtebeit eken elin artka tartyp jatat akbar tura aitat orus tilin jok kyluu bul alysty koro albagandar

кимден: Акбар каяктан: РФ
12.10.2009 23:28
За дружбу между РФ и КР!За великий и могучий Русский язык!

кимден: Кыргыз каяктан: Аламедин
12.10.2009 12:01
Орус тили кетсин ,кетсин! .Кыргыздар биз тажиктерден үлгү алып 100% кыргыз тилин орнотойлук.Орус тилине кул болуп аң сезимибизге сиңип калыптыр ,Кыргыздар 2000 жыл (д.н.э) биздин доордон мурда кыргыз болуп кыргызча сүйлөп келген элбиз,кытайлардын тарых архивинде эң байыркы элдердин бири биз болобуз.Чет өлкөлөрдө биздин жаштар окуп жүрүшөт билим алып, алар орусча сүйлөбөйт бирок билими денгели жогору.Геп тилде эмес,геп акыл ээсте жана билимде.Ошондуктан орус же башка тил дебей ,"Асманда жылдыз ,жерде КЫРГЫЗ деп кыргыз тилин көтөрөлү!

кимден: Акбар каяктан: РФ
12.10.2009 01:44
Орус тилин жок кылабыз деген-бул алысты коро албагандык!Каршымын!

кимден: кыргызым каяктан: ош
11.10.2009 14:59
тажиктер азаматсынар.а биз кыргыздарчы качанга чейин орустардын тилинде суйлоп иш кылабыз?эмне орустардан коркон жерибиз барбы?эмне десе макул дейберип конушу мамлекеттер баары алып салды биз журобуз кыйын болуп кыргыз тилин чанып орусча суйлоп эмне тажик туугандарчалык патириот боло албайбызбы?тимеле креслого олтуруп алып патириот болгондон коро тажиктерге окшоп иш жузундо корсоткуло киргизбайлар.УЯТ энди.

кимден: Акбар каяктан: РФ
10.10.2009 17:32
Тажиктер өздөрүнө балта чабышты.Жамшуд,Равшандар көбөйө бергиле-диктаторуңар аябай кыйратты!

кимден: бегим
09.10.2009 12:52
азаматсыңар тажиктер кыргыздар силерден үлгү алышы керек

кимден: Kyrgyzbai каяктан: Bishkek
09.10.2009 10:42
Kyrgyz tilin eng obolu kyrgyz ozu suilop,ozu syilashy kerek,ozungdu -ozung syilabasang ozgo seni syilamak bele? Bishkekte kaisy kyrgyz tyshta jurgondo kyrgyzcha suiloit? ! Ene tilinde suilogondon namys kylgan eldi kyrgyzdan bashkadan korbodum,oshondon kyrgyzdan otkon namyssyz el jok degen oi keley ! Okunosung da kuiosung ! Kan,azttyk algandan beri kancha Kyrgyz "ov" , "ova" degen orus teginde jazylgan aty-jondorun ozgorttu ? Bishkekke kelgen chet eldikter echkachan bul olkonu Kyrgyzdyn egemen olkosundoi sezinbeit,dagy ele Orus otorchulugunan chyga elek eldei gana korunot. Emomalo Rahmon emnege "ov" du alyp tashtady ? Al el bashy,ushul araketi arkyluu elin oigotup jatat ,uluu Tajik elinin ozuncho aty jonu bar da ,bul jalpy kalaiyk kalkyna jasagan oto korogochtuk kairyluu dep espteim. Bizdin jetekchiler Orustarga jagynbasa taktysynda oltura albastai korkot,Akaevden bashtap elin satyp kele jatpaiby ,bizdin el bashylarybyz da elibiz da malga okshosh,oshon uchun kor bolgondon kor bolup kelebiz.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)