Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Сирияда химиялык курал колдонулганбы?


Сирия -- Дамасктын Маржех районундагы жардыруудан чыккан түтүн. 30-апрель, 2013.
Сирия -- Дамасктын Маржех районундагы жардыруудан чыккан түтүн. 30-апрель, 2013.

Сирияда козголоңчулар химиялык газ колдонгон болушу мүмкүндүгүн БУУ комиссиясынын бир мүчөсү айтып чыкты.

Улуттар уюму түзгөн Көз карандысыз комиссиянын акыркы билдирүүсүндө Сирияда химиялык курал колдонулганы боюнча так далилдер жоктугу, алар “жаңжалдагы тараптардын кимиси болсун химиялык курал колдонгону боюнча ишенимдүү жыйынтыкка жетише электиги” айтылат.

Мунун алдында БУУнун инспекторлору топтогон далилдер сириялык козголоңчулар химиялык зат колдонгон болушу мүмкүндүгүн ишара кылып жатканын БУУ комиссиясынын мүчөсү Карла дел Понте айтып чыккан эле.

Мурда БУУ трибуналынын Башкы прокурору болуп иштеген дел Понте айым швейцариялык телеканалдардын бирине жекшембиде берген интервьюсунда белгилегендей, иликтөөчүлөр Сириядагы кагылышта жабыр тарткандар жана аларды тейлеген дарыгерлер менен коңшу өлкөлөрдөн маектешкен.

Анын айтымында, ошол маектешүүлөр Сирияда согушкерлер зарин деген химиялык газды пайдаланганын ишара кылууда:


-Адамзатка каршы кылмышты жана аскерий кылмыштарды иликтөө учурунда биз кээ бир күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жыйнадык. Аларга караганда, кээ бир химиялык куралдар, атап айтканда шал кылуучу (адамды) газ колдонулгандай. Биздин иликтөөбүз боюнча бул Сирия режиминин оппоненттери– козголоңчулар тарабынан колдонулган.

Карла дел Понте телеинтервьюсунда зарин газы качан жана кайсыл жерде пайдаланылганын айткан жок. БУУнун комиссия мүчөсүнүн жогорудагы сөздөрүн сириялык козголоңчулар дүйшөмбүдө четке кагышты.

Өзү Сирияда химиялык колдонду деп президент Башар Асаддын өкмөтү жана козголоңчулар бири-бирин айыптап келүүдө.

Химиялык курал колдонулганы боюнча далилдери бардыгын буга дейре АКШ да билдирген.

Президент Барак Обама кокус Дамаск мындай ишке барган болсо, “оюн эрежеси өзгөрөрүн” эскертүү менен химиялык курал кантип, качан жана ким тарабынан колдонулганын билүү жана жооп чара көрүү үчүн айныксыз далилдер зарылдыгын айткан эле.

Тышкы байланыштар боюнча Вашингтондогу кеңештин химиялык курал боюнча эксперти Грегори Кобелентцтин пикиринде, өлкөнүн ичине кирбей туруп, андай далилдерди толук кандуу жыйноо мүмкүн эмес:

-Инспекторлорду киргизбөө, албетте, химиялык курал колдонулганы боюнча ишенимдүү далилдерди жыйноого тоскоолдук жаратат. Стандарт боюнча мындай шарттарда, инспекторлор же атайы даярдыгы бар адистер ошол ыктымал инцидент болгон жерге тоскоолдуксуз кирип, күбөлөр, жабыр тарткандар менен маектешип, алардын канынан анализ, жер кыртышынын үлгүлөрүн алып, аларды сертификациясы бар бир нече көз карандысыз лабораторияда текшерүүдөн өткөрүшү абзел.

Башында Сириянын өкмөтү БУУнун инспекторлорун өлкөнүн экинчи ири шаары – Алеппонун четиндеги кыштакта химиялык курал колдонулду деген өз ырастоосун гана иликтөөгө чакырган.

Бирок БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун инспекторлорду өлкөнүн бардык аймагына киргизүүнү талап кылганда, Дамаск мындан баш тарткан болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG