Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Исламчылар Сирия оппозициясын көкүттү


Эркин Сирия армиясынын жоокерлери. 17-ноябрь, 2012.
Эркин Сирия армиясынын жоокерлери. 17-ноябрь, 2012.

Сириядагы согуштун очогу болуп жаткан Алепподо ондогон көтөрүшчүлөр видео кайрылуу жасап, оппозициялык жаңы коалицияны колдобой турганын билдиришти. Буга чейин оппозициялык жаңы күчтү Франция дароо таанып, көп өтпөй Араб лигасы жана Батыш өлкөлөрү, кечээ жакында эле Евробиримдик да колдой турганын айткан.

Алепподон туруп видео кайрылуу жасаган козголоңчулар соңку күндөрү көптөгөн мамлекеттер тарабынан колдоого алынып жаткан сириялык оппозицияны тааныбай, өздөрү ислам мамлекетин курууга ниеттенип жатканын айтышты. Интернетте тараган видеодо артына 20 чакты куралчандарды отургузуп алып, лидери жаңы оппозицияга кошулбай турганын айтат.

“Сириянын революциялык жана оппозициялык улуттук коалициясы” деген ат менен президент Башар Асаддын каршылаштары 11 ноябрда Катарда бирдиктүү оппозициялык жаңы кыймыл түзүшкөн эле. Кечээ расмий Брюссель дагы оппозициялык коалицияны колдой турганын билдирген. Сириянын оппозициялык коалициясы өзүнүн баш кеңсеси Каирде жайгашаарын кабарлоодо.

Ал ортодо эки жылдай согуш токтобогон бул өлкөдө гуманитардык жардамга муктаждардын саны улам көбөйүп, качкындардын абалы оорлошуп баратканы маалым. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун бүгүн Каирде буларды айтты:

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Каирде сүйлөп жатат. 2012-жылдын 20-ноябры
БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Каирде сүйлөп жатат. 2012-жылдын 20-ноябры
- Сирияда гуманитардык абал күн санап начарлоодо. Сириянын ичинде коопсуз жакка журт которгондор азыр коңшу өлкөлөрдөн баш калка издеп калышты. Мен качкындарга кам көргөнү үчүн Сириянын коңшуларына ыраазымын.

Бириккен улуттар уюмунун Качкындар агенттигинин маалыматына караганда, Ливандагы сириялык бозгундардын саны 101 миңден ашкан. Ал эми Иорданияда 105 миң, Түркияда 101 миң, Иракта 42 миңден ашуун сириялык качкын катталган. БУУнун маалыматы боюнча, сириялык качкындардын жалпы саны 500 миңге чамалады. Эми аларды кыш ызгаарынан аман алып чыгуу милдети да турат.

- Мен дүйнө коомчулугуна Сириядагы проблемага кайдыгер карабай, салымыңарды аябагыла деп кайрылат элем. Сириядан качып, коңшуларында жашап жаткандарга жардам көрсөтчү биздин гуманитрадык программабызга кол кабыш кылгыла, - деди Пан Ги Мун.

Ошентип эл аралык коомчулук жана Сириянын коңшулары качкындардын абалына тынчсызданып жаткан чакта, оппозицияны көкүткөн исламчы күчтөр чыга келди.

АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Виктория Нуланд «Сирияда эктремисстик же ислам өлкөсүн түзөбүз деген чакырыктарга биз таңкалган жокпуз», - деп билдирди. Бүгүн Брюсселде өткөн жыйында Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлери сириялык оппозицияны элдин «мыйзамдуу өкүлү» деп тааный турганын айтышкан.

БУУ: сириялык качкындардын саны 450 миңден ашты
БУУ: сириялык качкындардын саны 450 миңден ашты
Сирияда азыркы президент Башар Асаддын режимине каршы козголоң эки жыл мурда башталып, куралдуу кагылышта өлгөндөрдүн саны 38 миңге жетти. Батыш өлкөлөрүнүн президент Асадга карата катуу чараларды колдонуу аркылуу согушту токтотуу сунушун Кытай, Иран жана Орусия колдобой койгон.

Президент Асад болсо акыркы ирет Russia Today телеканалындагы маегинде бийликтен кетүү ниети жок экенин билдирип, «Сирияда жашап, Сирияда өлөм» деп айткан.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG