Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Асад Сирияда согуш жүрүп жатканын моюнга алды


Дамасктын чет жакасы аткылоолордон кийин. 26-июнь, 2012-жыл.
Дамасктын чет жакасы аткылоолордон кийин. 26-июнь, 2012-жыл.

Сирия президенти Башар Асад өлкө согуш абалында жашап жатканын моюнга алды. Асад бул тууралуу анын режимине каршы козголоңдун он алтынчы айында, уруштар борбор Дамасктын чет жакасында жүрүп жаткан кезде айтты. Сирия президентин бийликтен кетүүгө үндөп жаткан АКШ Асад өлкөгө көзөмөлүн акырындык менен жоготууда деп эсептейт.

Сирияда кыянатчылыктар деңгээли ок атышууну токтотууну караган, бирок ишке ашпай калган тынчтык план күчүнө кирди деп эсептелген 12-апрелге чейинки абалга жетип, а түгүл андан ашып кеткендиги шаршембиде БУУнун Адам укуктары кеңешинин Женевадагы жыйынында да айтылды.

Улуттар уюмунун Адам укуктары кеңеши дайындаган иликтөөчүлөр өз баяндамасында белгилешкендей, акыркы үч айда өкмөттүк күчтөр барган укук бузуулар, анын ичинде адам өмүрүн кыйуулар “кооптондурган масштабга” жетти. Мурда адамдар режимге оппозицияда турганы үчүн гана бутага алынса, акыркы кездери өкмөттүк күчтөрдүн бутасына диний негизде алынгандардын саны көбөйүүдө.

Согушту моюнга алуу

Сирияда болсо ушул шейшембиде бийликтеги Баас партиясынын мүчөсү Риад Фарид Хижаб башындагы жаңы өкмөт ант берди. Өкмөт жаңыланганы менен тышкы иштер, коргоо жана ички иштер министрлери ордунда калды.

Асад өзү өкмөттүн ант берүү жөрөлгөсүндө сүйлөп жатып, өлкөсү согуш абалында турганын алгачкы жолу моюнга алды:

- Мен парламенттеги сөзүмдө айткандай, биз бардык жагынан караганда чындап согуш абалындабыз. Биз мындай кырдаалда жашап жаткандыктан бүткүл саясатыбыз, тараптардын баары, секторлордун баары бул согушту жеңүүгө багытталуусу зарыл.

Башар Асад сөзүндө Батыштын аны бийликтен чегинүүгө үндөгөн чакырыктарын кайрадан четке какты. Сирия президенти ырастагандай, Батыш “алат, бирок эч убакта бербейт”.

Асаддын Сирия согуш абалында турганы жөнүндөгү сөздөрү оппозиция согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн уруштары борбор Дамасктын чек жакасында жүрүп жаткан учурга туш келди. Активисттер азыркы урушту буга чейинкилердин эң ургалдуусу деп мүнөздөшүүдө.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген оппозициячыл уюмдун ырастоосунда, кагылыштар Дамасктын борбордук бөлүгүнөн сегиз чакырымдай эле аралыкта, президент Асаддын элиталык Республикалык гвардиясынын базаларына жакын жайгашкан аянтта болгон.

Асадчыл телеканалга кол салынды

Сириядагы жаңжалдын өткөн алты айында оппозиция менен өкмөттүк күчтөрдүн урушу Дамасктын чет райондорунда утур-утур эле чыгып турган. Бирок Асаддын күчтөрү борборго көзөмөлдү бекем кармап келген жана Республикалык гвардиянын базасы жанындагы кагылыштар сейрек эле кездешчү.

Мамлекеттик САНА жаңылыктар агенттигинин шаршембидеги кабарына караганда, эртең менен куралчандар Дамасктан 20 чакырымдай аралыкта, “ал-Икбария” телеканалынын кеңсесине кол салышкан.

Бул окуя боюнча Сириянын маалымат министри Орман ал-Заби мамлекеттик теледен буларды айтты:

- Алар бул имараттын ичиндеги журналисттерди, жөн-жай кызматкерлерди, кире бериштегилерди өлтүрүү менен чындап кыргын салышты. Бүгүн эртең менен болгон нерсе чындап эле кыргын.

Кеңсесине кол салынган “ал-Икбария”- Асаддын режимин колдогон, бирок жеке менчиктеги телеканал болчу. Маалыматтарга караганда, бул кол салуудан жети адам өлгөн.

Азыркы уруштар Асаддын армиясынан коңшу Түркияга бир нече жогорку даражалуу офицер жана жоокерлер качкан учурга туш келди.

Соңку күндөрү мындай фактылар күчөгөнү байкалганы менен Асаддын эң жакынкы кланы азырынча бүтүн бойдон калып жаткандай.

Анткен менен АКШ Сирия президенти бийлигинен айрылууда деп эсептейт. Ак үйдүн өкүлү Жей Карнинин айтымында, Асад өлкөгө көзөмөлүн акырындык менен жоготуп бара жатканы айдан ачык.

Жаңы жыйын

Сирияда курчуган жаңжал АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун шаршембиде Европага башталчу сапарынын күн тартибиндеги негизги маселе болору күтүлүүдө.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Сириянын коңшуларынын Женевада ишембиге белгиленип жаткан жыйыны алдында Клинтон Орусияга да токтойт.

АКШ Асадды бийликтен кетүүгө үндөсө, Орусия бул маселени сириялыктар өздөрү чечүүсү керек деп эсептөөдө.

Москва Женевадагы жыйынга Сириянын өнөктөшү Иранды да чакырууну көздөөдө, бирок Вашингтон буга каршы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG