Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Сирия: сүйлөшүүнүн “маңыздуу” бөлүгү алдыда


Согуштан талкаланган Алеппо шаарындагы балдар. 2-март, 2016-жыл.
Согуштан талкаланган Алеппо шаарындагы балдар. 2-март, 2016-жыл.

Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн “маңыздуу” бөлүгү 14-мартта башталат деп күтүлүүдө. Ал эми атышууну токтотуу шарттары негизинен сакталып жатат. Бирок “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккулары уланууда.

Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы келерки дүйшөмбүдөн тарта башталуусу керектигин кечээ Женевадан Улуттар уюмунун атайын чабарманы Стефан де Мистура жарыялады:

- Кудай буюруса, биз дүйшөмбү күнү сүйлөшүүлөргө киришкенде негизги көңүл күн тартибиндеги маселелердин маңызына, башкача айтканда, жаңы бийликке, Конституцияга, он сегиз айдагы болочок парламенттик жана президенттик шайлоолорго бурулуусу керек.

БУУ чабарманы Сирия оппозициясы менен өкмөтүнүн алардын ортомчулугу астында түз жана кыйыр өтүүчү сүйлөшүүлөрүнүн бул айлампасына он күндүк гана мөөнөт чектелүүсү керектигин, убакытты созбоо тараптардын баары үчүн пайдалуу болорун кошумчалады.

Сирияда өзү АКШ-Орусия даярдаган планга ылайык, 27-февралдын түн ортосунан тарта каршылашкан тараптардын ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуусу күчүнө кирди деп айтылган.

Ян Игиланд (солдо) жана Стефан де Мистура Женевадагы басма сөз жыйында. 9-март, 2016-жыл.
Ян Игиланд (солдо) жана Стефан де Мистура Женевадагы басма сөз жыйында. 9-март, 2016-жыл.

БУУ өкүлдөрүнүн баамында, макулдашуунун шарттары “жалпысынан сакталып жатат”. Бул өз кезегинде гуманитардык жүктү таратуу ишин бир аз жеңилдетти, курчоодо калган 18 райондун онуна акыркы төрт апта ичинде жардам жеткирилди:

- Биз камалоодо калган аймактардын көбүнө, ал аймактардагы элдин басымдуу бөлүгүнө жеттик же жакынкы күндөрү жете алабыз деп ойлойбуз. Бирок жаман жагы камалоодо турган дагы алты районго бара элекпиз. Курчоодогу он сегиз аймактын баарына кирүү үчүн бизге уруксат жана коопсуздук кепилдиги керек, - деди Женевадагы басма сөз жыйында БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманынын кеңешчиси Ян Игиланд.

Бул аралыкта Сириянын байистүү оппозициячыл топторунун башын бириктирген уюм – Жогорку сүйлөшүү комитетинин өкүлү Салем ал-Муслат дүйшөмбүгө мерчемделген сүйлөшүү башталганга чейин президент Асаддын өкмөтү борбор Дамасктын чет жакасында Дарая районун блокадалоону токтотуусу керектигин айтып чыкты.

Козголоңчулар колундагы аймакка гумжардам келди. 7-март, 2016-жыл.
Козголоңчулар колундагы аймакка гумжардам келди. 7-март, 2016-жыл.

Оппозиция өкүлү муну сүйлөшүү башталуусу үчүн шарт эмес, бирок гуманитардык муктаждык деп мүнөздөдү.

ИМ тобунун кол башчысын бутага алуу

АКШ-Орусия макулдашкан план боюнча ок атышууну токтотуу шарты Сириядагы “Ислам мамлекети” тобу жана башка террордук уюмдарга каршы операцияларга жайылтылбайт. Андыктан, аларга абадан сокку уруулар уланууда.

Пентагон эки күн мурда билдиргендей, алардын 4-марттагы аба соккусу учурунда жок кылынган он эки согушкердин арасында, “Ислам мамлекети” тобунун аскерий кол башчыларынын бири Абу Умар ал –Шишани да болушу мүмкүн.

Бирок, Сириядагы жарандык согушка мониторинг жүргүзүп келе жаткан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, Умар ал-Шишани АКШнын аба соккусунан өлгөн эмес, бирок "катуу жаракат" алып, Раккадагы ооруканага жеткирилген. Ага теги боюнча европалык жихадчы дарыгер жардам көргөзгөн.

Абу Умар ал-Шишани Иракта жүргөн кез. Июнь, 2014-жыл.
Абу Умар ал-Шишани Иракта жүргөн кез. Июнь, 2014-жыл.

Грузиянын Панкиси капчыгайынан чыккан, улуту жагынан чечен ал-Шишанинин өз ысымы - Тархан Батирашвили.

Америкалык аскерий өкүлдөрдүн айтымында, ал ИМ тобунун катарына чет элдиктерди, өзгөчө чечендерди, кавказдыктарды азгыруу менен жигердүү алектенчү.

2013-жылдын май айынан тарта “Ислам мамлекети” тобунун Сириянын түндүгү боюнча кол башчылыгына дайындалган Умар ал-Шишанинин башы үчүн Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти буга чейин 5 миллион доллардык сыйлык да жарыялаган.

Арасында чечен ал-Шишани бар делген согушкерлерге кадимки жана учкучсуз башкарылган учактардан бир нече сокку Ирактын Мосул жана Сириянын Ракка шаарынын ортосундагы ал-Шаддад шаарчасына жакын жерде жасалган.

Мурда ИМ тобунун таянычы катары саналган ал-Шаддады сириялык күрттөрдүн АКШ колдогон күчтөрү өткөн айда ээлеген эле.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG