Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Сирия менен Ирак ачарчылык кучагында


Сирия, 10-январь, 2016-жыл
Сирия, 10-январь, 2016-жыл

Сирия менен Ирактын камоого алынган шаарларында гуманитардык кризис күчөдү. Согуштук аракеттер жүрүп жаткан бул эки өлкөнүн аймагындагы жайкын тургундар ачарчылыктан жана бомбалоодон запкы көрүүдө.

Бириккен Улуттар Уюму курчоодо калган шаарларга тамак-аш жана дары-дармек жүктөгөн гуманитардык жүктү киргизүү үчүн чатакташкан тараптарга “коридор” берүү өтүнүчү менен кайрылды. Анткени согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактардагы миңдеген адамдар ачарчылыктан жана бомбалоодон кырылып жатканы туурасында Кызыл жарым ай коому жакында билдирүү тараткан болчу.

Тамак-аш жана дары-дармек жүктөгөн Кызыл жарым ай эл аралык уюмунун авто кербени Сириянын өкмөттүк күчтөрү курчоодо камап турган Мадайя шаарына киргени калды. Буга чейин ачарчылыктын айынан бул шаарда адамдар ит-мышыктан тарта бак-дарактын жалбырактарына чейин жей баштаганын чагылдырган видео тасмалар интернетте тараган болчу. Ошондой эле ачарчылыктын айынан ондогон адамдар каза болгону кабарланган.

Гуманитардык жардам алган ирактык качкындар
Гуманитардык жардам алган ирактык качкындар

Сириянын өкмөтү Мадайя шаарына “коридор” ачууга уруксат берүү үчүн көтөрүлүшчүлөрдүн курчоосунда турган Идлиб провинциясындагы шииттер жашаган эки айылга гуманитардык жүк киргизүүнү талап кылган.

Сириянын оппозициясы бул айдын этегине белгиленген тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоодон мурун Мадайяны курчоодон чыгаруу маселесин көтөрүүдө. Мадайя шаары мындан алты ай мурун Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен анын союздашы ливандык “Хезболла” уюмунун курчоосунда калган болчу.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус тынчтык сүйлөшүүнүн алдында шаарды камалоону жана бомбалоону токтотууга чакырды:

- Франция жапа чеккен шаарларды камалоону дароо токтотууга үндөйт жана гуманитардык жардамдын жеткирилишине тоскоолдук түзбөөнү, карапайым элдин укуктарын бузган чабуулдарга чекит коюуну талап кылат. Мен биздин Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлүбүзгө бул жагдайда тиешелүү чара көрүү үчүн Коопсуздук кеңешине кайрылуу тапшырмасын бердим. Мен бул маселе боюнча Сириянын бийлик режими менен оппозициянын сүйлөшүүлөрүнө бир нече жума калган учурда кайрылып отурам.

Качкындар
Качкындар

Ошол эле кезде Сириянын түндүгүнө урулган Орусиянын аба соккуларынан набыт болгон жайкын тургундардын саны 80ден ашканы жарыяланды. Башар Асаддын режимин колдогон ливандык “Хезболла” уюму Мадайядагы ачарчылык тууралуу маалыматты четке кагып, тескерисинче, көтөрүлүшчү топторду карапайым элди шаардан чыгарбай жатат деп күнөөлөдү.

Сириядагы адам укугун байкоого алган обсерватория Мадайяда 40 миңден ашуун адам ачарчылыкка дуушар болуп, чатакташкан тараптар чектөө киргизүү менен гуманитардык жардамды куралга айландырып алганын айыптады. БУУнун иликтөө комиссиясы шаарды камоого алуу калкка колго түшүп берүүнү же ачарчылыкты – экөөнүн бирин тандоого мажбурлап жатканын белгилеген.

Ирактын Хавижа шаарындагылар дагы ачарчылыктан жана жихадчылардын башкаруусунан качып, башка жактарга көчүп кетип жатканы жарыяланды. Алардын көбү Ирактын коопсуздук күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарга баратып, жолдо каза таап жатышканы белгилүү болду.

Хавижанын полиция башчысы полковник Фаттах ал-Хафажи бүтүндөй үй-бүлөлөр Хамрин тоолору аркылуу коопсуз аймактарга ашып кетүүгө далалат кылып жатканын айтты. Жихадчылар басып алган Хавижа шаарын өкмөттүк күчтөр эки айдан бери камоого алууда.

XS
SM
MD
LG