Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Сирия: Өткөөл өкмөт курала алабы?


Борбор Дамасктын оппозиция активисттеринин айтымында, аба соккудан талкаланган Сакба чөлкөмү. 26-декабрь, 2012-жыл.
Борбор Дамасктын оппозиция активисттеринин айтымында, аба соккудан талкаланган Сакба чөлкөмү. 26-декабрь, 2012-жыл.

Улуттар уюму менен Араб лигасынын чабарманы кан төгүү уланып жаткан Сириядагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча жаңы сунуш менен чыкты. Бирок Лахдар Брахиминин азыркы демилгесин каршылашкан тараптар тегиз кабыл алары арсар болуп турат.

Эл аралык чабарман Лахдар Брахими Сириядагы беш күндүк сапарынын соңунан бейшембиде Дамасктан жарыялаган сунушка ылайык, өлкөдө келерки жылы июнда парламенттик шайлоо өтүп, ага чейин “аткаруу бийлигине толук” ээлик кылган өткөөл өкмөт куралышы керек:

- Чечимге сириялыктардын көз карашын жакындатуу аркылуу жетүүгө болот. Эгер сириялыктар муну өздөрү жасай албаса, эл аралык коомчулук, анын коңшулары, калгандар жамандык эмес, жакшылык үчүн жардам берүүсү абзел. Биздин ишенимибизде, быйыл июнда болгон Женева конференциясында бул кризисти алдыдагы бир нече айдын ичинде чечүү үчүн алга жылдыргыдай пландын элементтери жетиштүү эле камтылган.

Брахими Дамасктагы сөзү учурунда Сирияда күтүлгөн өзгөрүүлөр “косметикалык жана үстүрт” болбоосу керектигин, карапайым сириялыктардын мүдөө-максаттарын канааттандыруусу зарылдыгын кошумчалады.

Орусия менен масилет

Эл аралык чабармандын азыркы демилгесине тушташ Сирия бийлигинин башкы өнөгү - Москвага өлкө тышкы иштер министринин орун басары Файсал Махдад келип, орус тышкы саясий мекемесинин башчысы Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Айрым баяндамачылар муну Сирия өкмөтүнүн өнөгү Орусия менен БУУ чабарманынын жаңы демилгеси боюнча кеңешип-кептешүүсү катары мүнөздөдү.

Муну орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевич да жокко чыгарган жок:

- Мунун баары, албетте, биздин өкмөт менен гана эмес, бардык оппозициялык топтор менен да диалогду күчөтүү боюнча аракеттерибизге шайкеш келет. Албетте биз өкмөт менен бат-бат жана кенен сүйлөшүп турабыз. Бул ошонун бир мисалы. Чынында азыр кан төгүүнү токтотуу боюнча жигердүү, чечкиндүү чаралар талап кылынууда.

Орусия менен сүйлөшүү үчүн ушул ишембиде Москвага БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Лахдар Брахими да келген жатат.

Өткөөл өкмөткө ким кирет?

Дамасктагы сапары учурунда президент Асад, анын режими тыюу салбаган үч оппозициячыл топтун өкүлдөрү менен кездешкен Брахими өткөөл өкмөт кимдерден түзүлүүсү керектигинин чоо-жайын ачыктаган жок, жакында АКШ, Орусия өкүлдөрү биргелешкен үчүнчү жыйынга чогуларын белгиледи.

Бирок орус маалымат агенттиктеринин жазганына караганда, Брахминин сунушу боюнча өткөөл өкмөткө алавиттер жана радикал суниттер кирбөөсү керек.

Ал эми президент Башар Асад бийликте 2013-жылдын экинчи жарымына чейин кала алат, бирок 2014-жылдагы президенттик шайлоого катыша албайт.

Өзү президент Асад жана анын бийликтеги жакынкы чөйрөсү Сирияда азчылыкты түзгөн алавиттердин өкүлү. Асадды кулатуу үчүн куралдуу күрөш жүргүзүп жаткан согушкерлердин көпчүлүгү – суниттер.

БУУнун чабарманы эскерген быйыл жайдагы Женева конференциясында Сирияда оппозиция да кошулган улуттук биримдик өкмөтүн түзүү каралган. Бирок Орусиянын каршылыгынан улам ага Асад бийликтен кетиши керек деген талап киргизилген эмес болчу. Планды ишке ашыруу ниетин Асаддын өкмөтү, оппозиция да көргөзгөн эмес.

Эми БУУ чабарманынын өткөөл өкмөткө алавиттер да, радикал суниттер да кирбөөсү керек, президент Асад бери дегенде жарым жыл, бир жыл бийликте турат алат деген сунушу чын чыкса, муну оппозиция кабыл алабы.

Азырынча белгилүүсү Сириянын ыңкылапчыл жана оппозициячыл күчтөрүнүн улуттук коалициясынын лидери Моаз ал-Хатиб президент да, өкмөт да бийликте кала албашын айткан.

Аталган коалицияны буга чейин бир нече өлкө Сирия элинин мыйзамдуу өкүлү катары тааныган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG