Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Сирия: Ок атышуу токтооруна ишеним аз


Алеппо шаарынан качкан сириялыктар Түркия менен чек арада, 12.02.2016
Алеппо шаарынан качкан сириялыктар Түркия менен чек арада, 12.02.2016

Сирияда жаатташкан тараптарды жараштыруу боюнча эл аралык макулдашуу жетишилгени менен ок атышуу токтойт деген бекем ишеним жок. Сирия кризисин жөнгөрүү ишине катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн соңку билдирүүлөрү муну көргөзөт.

Коопсуздук боюнча кечээ Мүнхенде аяктаган эл аралык конференциянын башкы темасынын бири Орусиянын Сирия согушундагы ролу болду.

Быйыл 52-ирет өткөн конференцияда сүйлөгөн учурунда америкалык таасирлүү сенаторлордун бири Жон МакКейн Сирияда аскерий аракеттерди токтотууга чакырган Мүнхен макулдашуусу толугу менен Орусиянын кызыкчылыгына жооп берерин айтып, ал эл аралык документти кескин сынга алды.

- Мен кээ бир досторумдун бул макулдашууну потенциалдуу бурулуш иретинде карап жаткан көз карашын бөлүшөр элем. Бирок ага бара албайм. Келгиле, макулдашуу эмнени берет, карап көрөлү. Бул Алеппого чабуул жасоону дагы бир аптага улантууга мүмкүндүк берет. Ал оппозициячыл топтордон урушту токтотууну талап кылат, бирок террорчулар деп, анын ичинде жөн-жай тургундарды да эсептеген Орусияга бомбалоону улантууга мүмкүндүк берүүдө. Эгер Орусия менен Асаддын режими бул келишимди бузса кандай кесепеттери болот? Мен муну көрбөй турам. Путин мырза бизге өнөктөш болууга кызыкдар эмес. Ал Асаддын режимин чыңдоону каалайт. Ал Орусиянын Жакынкы Чыгышта ири держава катары кубатын калыбына келтирүүнү көздөөдө жана Сирияны орус армиясын модернизациялоодо машыгуучу жай катары колдонгусу келет.

Сенатор МакКейн президент Барак Обаманын администрациясына сынчыл саясатчы. Сенатта аскерий иштер боюнча комитетти башкарат.

Ал Сирияны колдоо боюнча эл аралык топко кирген өлкөлөрдүн дипломаттары 12-февралда жетишкен келишимди айтып жатат.

АКШдан мамлекеттик катчы Жон Керри, Орусиядан тышкы иштер министри Сергей Лавров катышкан сүйлөшүүлөрдө жетишилген келишим Сирияда каршылашкан тараптарды ок атышууну бир апта ичинде токтотууга чакырат. Дүйнө державалары да ага жетишүү багытында иш жүргүзөт.

Бирок келишимдин күчү “Ислам мамлекети” менен “ал-Каиданын” канаты “ал-Нусра” террордук топторуна каршы уруштарга жайылтылбайт.

Бул макулдашуунун артынан АКШ жана Орусия президенттери Сирия кризисин 14-февралда телефон сүйлөшүүсүндө талкуулашты.

Ак үй билдиргендей, президент Барак Обама сүйлөшүүдө Орусия Сирияда байистүү оппозицияга абадан сокку урууну токтотуу аркылуу конструктивдүү роль ойноосун жана уруштардан улам камоодо калган калк гуманитардык жардам алуусу керектигин белгилеген.

Батыш расмий өкүлдөрү Орусиянын аба соккуларынын басымдуу бөлүгү террорчуларга эмес, президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн оппозициячыл топторго багытталганын утур-утур айтып келишет.

Сирияга чет элдик аскер киреби?

Өкмөттүк күчтөр Орусиянын абадан колдоосу менен алууга аракеттенип жаткан Алеппо шаарын жана анын айланасын бомбалоосунан улам өткөн аптада миңдеген сириялык качкындар Түркияны көздөй жылган:

- Түркия менен Алеппонун ортосундагы логистикалык коридор буулуп калды. Бул варварчылык, тирания, аскерий стратегия орто кылымдагы менталитет менен жүргүзүлүүдө. Эгер гуманитардык коридор ачылбаса, жүз миңдеген адамдарды ачарчылык кабылат. Биз Алепподогу бир туугандарга колдон келген жардамды беребиз, муктаждарды кабыл алабыз. Бирок Алеппо этникалык кыргын аркылуу тазаланышына эч убакта жол бербейбиз, - деди түрк премьери Ахмед Давутоглы эки күн мурда.

Түркиянын өкмөтчүл Yeni Safak гезитинин жазганына караганда, түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы Сирияга Түркиянын жана Сауд Аравиянын аскерлери кириши мүмкүндүгүн 13-февраль күнү ачыктаган.

Мурдарак эгер соңку макулдашуудан майнап чыкпаса, Сирияга чет элдик аскерлер кириши ыктымалдуулугун АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри да айткан эле.

Ушундан уламбы Орусиянын премьер-министр Дмитрий Медведев “Евроньюс” телеканалындагы маегинде мамлекеттик катчынын сөздөрүн сынга алуу менен эгер Сирияга кайсыл бир өлкө кургактан аскер киргизсе, согуш узакка созулаарын эскертти.

Түркия ошондой эле Сириядагы күрттөргө сокку урууну токтотпой турганын ырастады. Түрк премьери Ахмет Давутоглы бул тууралуу немец канцлери Ангела Меркелге кечээ билдирген.

Мунун алдында Франциянын тышкы иштер министрлиги Сирияда ок атышууну токтотууну камсыздоо боюнча дүйнө державалары ортосундагы макулдашууга ылайык, эми күрттөрдүн бул өлкөдөгү турумдарына да сокку уруу токтотулушу керектигин белгилеген.

Түркиянын армиясы 14-февралга чейин Сириянын түндүгүндөгү күрт кошуундарына эки күн катары менен артиллериядан сокку урду. Бул соккулар Анкара сириялык күрттөрдүн “Элдик коргонуу бөлүктөрү” деген бирикмесин террорчул уюм катары саналган Күрт жумушчу партиясы – ПККга байланышта караганынан улам болду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG